«Бишкек – Кант – Токмок» реконструкцияланды

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Сүрөт: “Токмок” газ таратуучу станциясы

2014-жылы өлкөнүн газ менен камсыз болуусу 22 пайызды түзгөн болсо, 2018-жылдын аягына бул көрсөткүч 30 пайызды түзгөн. Ал эми 2030-жылга өлкөнү 60 пайыз, башкача айтканда 400 калктуу пунктту газ менен камсыз кылуу каралган. Мына ушул багытта 2-сентябрь күнү Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда “Бишкек-Кант-Токмок” магистралдык газ алуу пункту жана “Токмок” газ таратуучу станциясы ишке берилди.

“Бишкек – Кант – Токмок” магистралдык газ өткөрүүчү-буруп кетме жана “Токмок” газ таратуучу станциясы ишке кирди. Анын узундугу 61 километрди түзөт. Аталган газ өткөрүүчүбуруп кетменин ишке кириши менен Ысык-Ата жана Чүй райондору үзгүлтүксүз газ менен камсыздалат. Ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарына газ жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Александр Гребенюктун айтымында, мурдагы газ алуу пунктуна тийиштүү инфраструктура 1971-жылы курулуп, эскилиги жеткенден улам, реконструкция кылуу муктаждыгы келип жеткен. Реконструкциядан өткөн газ өткөрүүчү-буруп кетменин кубаттуулугу мурдагыга салыштырмалуу эки эсе жогорулаган.

– Газ өткөрүүнүн узундугу 61 километрди түзөт. Эски газ алуу пункту жана ага тийиштүү инфраструктура 40 жылдан ашуун кызмат көрсөтүп, эскилиги жетип реконструкция жасоо муктаждыгы келип жеткен. Ушугу байланыштуу компаниянын инвестициялык программасына ылайык, “Бишкек – Кант – Токмок” газ өткөрүүчүбуруп кетменин жана “Токмок” газ тартуучу станциясы реконструкцияланган. Трубалардын жоондугу 426 милиметрди түзүп, кубаттуулугу басым 4-5 мегапаскальга жеткенде 93 миң куб саатты түзөт. Башкача айтканда эксплуатациясы токтотулуп жаткан мурдагы газ алуу пунктунан эки эсе жогорулатылды, – деди А.Гребенюк.

Токмок шаарында 15 миңден ашуун абонент жаратылыш газын колдонот. Андан тышкары 120 юридикалык жак да бар. Маалыматка ылайык, Токмок шаары Чүй облусунда газ колдонуу боюнча Бишкектен кийинки орунда турат. Ал жалпы Кыргызстандын бүткүл газ колдонуусунун 20 пайызы болуп кала турганы айтылды. Аталган шаарда газдын колдонуусу жылына 60 млн. кубга чукулдайт.

“Газпром” компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси Арзымат Алдаяров бул пунктту куруунун негизги максаты жаңы абоненттерди кошуу, андан тышкары газ берүү стабилдүү болуусун камсыздоо экенин айтты жана абоненттерге газ орнотуунун жүрүшүндө кошумча иш орундары түзүлө турганын билдирди.

Ал эми “Токмок” газ таратуучу станциясында магистралдык газ өткөрүүдөгү кубаттуулук азайтылып, колдонуучуларга берилет. Андан тышкары аталган станцияда табият газынын түсү жана жыты жок болгондуктан метанга атайын одорант деген жыт чыгаруучу зат кошулат. Бул кайсы жерден газ чыгып жатканы билинип турушу үчүн жасалат.