Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандар 2 айга камакка алынды

Бишкектеги Жал кичи районунда 2 адамды мыкаачылык менен сабаган ага-ини 7-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кылмышка шектүү Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда милицияга өздөрү келишкен. Алар ошол күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, 28-август күнү Бишкекттин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанынан мушташ чыгып, андан эки адам оор жаракат алган. Жабырлануучулардын биринин жакындары Ленин райондук милициясына кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө анын күйөөсүн сабагандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жаракат алган адам тез жардам менен Улуттук госпиталга жеткирилген.