Темир САРИЕВ: «Темир жол курулса дүйнөгө интеграциялашабыз»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Ысык-Көлдү эл аралык деңгээлге даңазалаган, сергек жашоо образына чоң үлгү боло турган спорттук иш-чара эки жыл катары менен өткөрүлдү. Nomad коомдук спорт бирикмеси уюштурган Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Кара-Талаа айылынан түштүгүндөгү Тору-Айгырга чейинки узак аралыкты сүзүп өтүүгө быйыл 25 киши жазылып, анын жарымы Россиядан, Казакстандан келген, калганы кыргызстандыктар болду. Быйыл бул сүзүүгө экс-премьер-министр Темир Сариев да катышып, алты саатта 15,2 чакырым аралыкты сүзүп өттү. Кабарчыбыздын Темир Сариев менен маеги да мына ушул суроодон башталды.

– Темир Аргембаевич, Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкандардын эң улуусу сиз экенсиз. Дегеле бул жарышка качантан бери даярдык көрүп жүрдүңүз эле?

– Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө кызыгуу эл арасында абдан күч алып бара жатат. Мен бул жарышка көл берметинин туристтик артыкчылыгын жарнамалоону, көлдүн экологиясын таза сактоону, жаратылышка аяр мамиле жасоону үндөө үчүн чыктым. Бул бир четинен жаштарыбызга үлгү болчу иш. Анткени, былтыркы жылы Жогорку Кеңештин 55 жаштагы депутаты Бактыбек Турусбеков катышса, быйыл мен кошулдум. Ушундан улам: “Мен 56 жаштагы Сариевден артта калбашым керек”, деп, жүрөгүндө оту бар жаштар аркабыздан чыгат деп ойлойм. Август айындагы өткөн жарышта анын 24 жаштагы уулу Эмил Турусбековдун биринчи болуп сүзүп келиши абдан жакшы окуя болду.

Бала кезде спорт мектеп-интернатында окудум. Чоң спортто калбасам да, аскерден келген 36 жылдан бери түрдүү машыгууларды таштай элекмин. Эртең менен чуркайм, турникке тартынам, тоого чыгам, лыжа тээп, жөө басканды абдан жакшы көрөм. Футбол ойногон жерден калбайм. Сергек жашоо — менин турмуш образымдан терең орун алган. Мурда мен көлгө барганда 2-3 километрге чейин сүзүп жүрчүмүн. Бул жарышка катышуу үчүн бассейнге барып, тренердин кызматынан пайдаланып, аралыкты узартып сүзө баштаган болчумун. Жарышка 20 күн калганда Ысык-Көлгө барып, катуу даярдыктан өттүм. Бул жарыш- адам үчүн абдан чоң сыноо. Эрежеси абдан катаал. Тынбай бир саат сүзгөндөн кийин 1 мүнөткө токтоого, атайын желим баштыктагы пюрени жеп алууга уруксат берилет. Мен алты сааттын ичинде төрт жолу токтодум. Көбүрөөк токтосоң күч ошончолук көп кетип калат. Анткени, талап боюнча эч нерсени кармабай сууда калкып турушуң керек. Көлдүн ортосуна жетип калганда артта 7 километр калганы, алдыда дагы 8 километр аралык турганы жана суунун тереңдиги бир топ эле кооптондурат экен. Ушул жагдайларга моралдык да, күч-кубат жагынан да даяр болуш керек. Сүзүп бара жатып чарчап, алы жетпей калгандар колун өйдө көтөрүп «жарыштан чыгам» деп белги берет. Аларды коштоп бара жаткан катер келип, салып алып кетет. Көл суусунун кооптуу агымдары, толкундары болот. Ошол агымдарга каршы сүзүүгө туура келген учурда адамдын энергиясы эки эсе көп коройт. Мен дүйнөдөгү 40 километрге чейинки узун аралыкты сүзүп өткөн адамдардын интервьюларын интернеттен окуп жүрдүм.

Алардын баары адам сүзүү процессинен сонун рахат алуусу, сүзүүгө психологиялык жактан даяр болушу, позитивдүү ойлор менен курчалышы абдан чоң роль ойноорун айтышат. Ысык-Көлдүн узундугу 182 километрге, туурасы 58 километрге жетет. Тереңдиги 700 метрден ашык. Жайкысын көлдүн 12- 13 метрге чейинки тереңдиги жылуу болуп турат. Ала-Тоонун тоо кыркалары Турпандан, Такламакандан келген ысыкты көлгө өткөрбөйт. Кышкысын Талды-Кургандан, Кеген жактан уруп турган муздак шамалды тоолор тосуп турат. Ысык-Көлгө жер алдындагы жана жер үстүндөгү 80ден ашык дарыя суулары куят. 100гө жакын минералдык булактары бар. Көлдүн үстүндөгү суунун туздуулугу 2,5 промилл, ал эми суунун алдындагы туздуулук деңиз сууларына тете келип, 18 промиллге жетип турат. Көл суусунун дарылыгы, сейрек кездешүүчү сыры ушунда.

Бүгүнкү күндө көлдүн айланасына пансионаттар, чоң-кичине эс алуучу жайлар көп салынып жатат. Мына ушулардан чыккан саркынды суулардын көл суусуна кошулуусунан сактообуз милдет. Жолдорду эл аралык стандартка туура келтирип курушубуз абзел. Кышкы туризмди өнүктүрүүчү үчүн Караколдун лыжа базасындай эс алуучу комплекстерди көбөйтүп куруучу учур келди. Себеби, Каракол лыжа базасында кыш күндөрү лыжачылардан орун тийбей калды.

– Эми сөзүбүздү тарыхты колдоо жагдайына бурсак. Сиз эки жылдан бери кыргыз тарыхын терең изилдеп, жаңы табылгаларга ээ болгон окумуштуу авторлорго демөөрчүлүк жардам бере баштаганыңызга эмне түрткү болду?

– Кыргыздардын Октябрь революциясынан кийинки тарыхый окуялары абдан тыкан, коммунисттик тактык менен жазылып калтырылган. Андан аркы мезгилдерге сүңгүсөк, кыргыздардын Россия империясы менен дипломатиялык мамилеси түзүлүп, орустардын генерал- губернаторлору жергебизге келе баштаган доор тууралуу жупуну болсо да жазылган. Бирок, жүз жылдыктардын тереңине кеткен абалкы тарыхыбыз тууралуу маалыматтар дээрлик начар экенине көзүм жетти. Ал эми кыргыздар тууралуу маалыматтар Кытайдын, Өзбекстандын архивинде жана Россиянын падышачылыгы учурунда жазылып калган жазылмаларда бар экен. Ошол архивдик булактарга олуттуу мамиле жасашыбыз керек.

Мен мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин тарыхый китептерди окууга убакыт табылып жатты. Элибиздин өтүмүшүнө болгон кызыгуум артты. Кыргыз илимдер академиясына караштуу Тарых институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов менен байланышып, тарыхты иликтөөгө алган окумуштууларга аз болсо да демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүнү чечкенимди айткам. Жыл сайын жакшы иликтенген бир илимий эмгек үчүн 100 миң сомдон бере баштадым. 2018-жылдын жыйынтыгы менен тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошевдин Бишкек баатыр тууралуу жыйнаган эмгеги жеңүүчү болуп бааланып, алгачкы сыйлык ага ыйгарылды. 2019-жыл үчүн көчмөн элдердин мамлекеттүүлүгү боюнча жарыяланган тарыхчылар арасындагы сынактын жеңүүчүсүн жыл аягында аныкташат. Беш жыл катары менен ушундай сыйлыкты берип турам. Алар конкурстук комиссия түзүшкөн, жеңүүчүнү ошол комиссия аныктайт. Чынында бул каражат дарыянын бир тамчысындай эле салым. Балким, дагы демөөрчүлөр чыгар. Баарынан да Президент С.Жээнбековдун тапшырмасы менен Кытайдын архивдеринен кыргыздар тууралуу 3000 жыл мурдагы маалыматтардын чыгып жатышын чоң окуя деп эсептейм. Ушунун баары кыргыздардын байыркы эл экенин тастыктайт. Окумуштуулар Алтайдын архивдик булактарын аңтарып чыгышы керек. Монголиядан кыргыздар тууралуу уюп жаткан маалыматтар чыгарынан шегим жок. 2014-жылдагы Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж Кыргызстанга иш сапары менен келгенде ал жакта “Кыргыз көлү” деген көл бар экенин айтып, ошол көлдүн суусунан ала келген болчу. Ошол суудан ооз тийип жатып, менде бир башкача сезим пайда болгон.

– Сиз Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маселени көтөрүп жүрдүңүз эле. Эгерде ушул ири долбоор ишке ашырылса кандай перспективалар ачылат деп ойлойсуз?

– Дүйнөнүн өзгөрүү ылдамдыгы абдан тездик менен кетип бара жатат. Ошого жараша инфраструктуралардын улам жаңы түрлөрү пайда болууда. Дүйнө мамлекеттеринде жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуунун жаңы түрлөрү чыгууда. Кытайды мисал келтирели. 17 миң километрден ашык жогорку ылдамдыкта жүргөн темир жолдор салынды. Орточо ылдамдыгы саатына 280 километрге жетип жатат. Арасында саатына 350-380 километрге чейин жүргөн темир жол каттамдары бар. Алар станцияларга токтоп, жүргүнчү алып жүрө тургандары. Салыштыра келсек, самолётко орточо алганда 250 жүргүнчү батат. Андан тышкары, убакытты коротуп, 2 саат мурда аэропортко келүү керек. Барган шаардан көздөгөн жерге жетүү үчүн дагы убакыт коротосуң. Аба каттамдарынын билети да кымбат болуп, чыгаша да, убакыт да көп сарпталат. Ал эми дүйнөдөгү заманбап поезддердин бир составына миңдеген адамдарды батырса болот. Алар 3-4 саатта 1000 километрди басып өтүп жатат. Бүгүнкү күндө Кытай жогорку ылдамдыктагы поезд жол дорду куруп, иштетип жаткандыгы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн эң алдында. Буларда 22 провинциясы, төрт экономикалык аймагы жана эки административдик шаарынын баары ылдам жүргөн темир жолдоруна байланышкан. Дүйнөдө тез өнүгүп жаткандыгы боюнча маалымат технологиясы биринчи орунда турат. Экинчи орунду жогорку ылдамдыктагы темир жол тармагы ээлейт. Темир жол тармагынын өнүгүшү боюнча Кытайдан кийин Япония, үчүнчү орунда Америка турат.

Буларды айтып жатканымдын себеби, учурда ааламда жүргүнчү ташысаң да, жүк ташысаң да ылдамдыкка болгон талап абдан чоң. КЭРдин төрагасы Си Циньпин “Бир алкак бир жол” аталыштагы эң ири программаны ишке ашыруу демилгесин көтөрүп, абалкы “Жибек жолу” байланышын бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык кайрадан иштетүү боюнча атайын фонд түзүштү. Ал фондго абдан чоң каражатты бөлүп берип жатат. Мына ушул программанын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору дагы каралган. Ушул долбоор ишке ашырылса Өзбекстандан уланган темир жол каттамы Тажикстан, Иран, Түркия, Перс булуңуна жетип, Европага чыга турган эң кыска жол Кыргызстан аркылуу өтүп калат. Бул долбоордун баалуулугу ушунда.

– Учурда мамлекетибиз ушул долбоорду ишке ашырууну көтөрүп жатса, айрым адамдардын: “Темир жол менен ташый турган ири көлөмдөгү товарыбыз жок. Кытайлар жергебизге толуп алат”, – дегендери да жок эмес.

– Азыркы күндө Кыргызстандын темир жолу Балыкчыга жетип тунгуюкка кептелип, экинчи чети Жалал-Абаддан ары ашпай токтоп калып жатат. Ири рынокторго жеткире турган айланма темир жолубуз жок. Ал эми аталган долбоор деңизге чыга турган каттамдарды ачат. Бир жагынан Кытай аркылуу Тынч океанга, экинчи жагынан Каспий деңизине чыгып алып, темир жол маршуруту андан ары уланып кетет. Келечекте өлкөбүз чоң жол түйүндөрүнүн ортосунан орун алып, алака-катнаш кеңейет.

Ушул темир жол курулуп калса, биз транзиттик мамлекет болобуз. Андан тышкары, абдан чоң киреше алып келет. Ар бир ташылган жүктөн, басып өткөн километрден казынага каражат түшөт. Бизге ташылып келе турган товарлардын баасы төмөндөйт. Анткени, темир жол — арзан унаа. Аймагыбыз аркылуу темир жол өтсө ал мамлекетибиздин кадыр-баркын көтөрөт. Темир жолдун курулушу жүрүп жатканда жергебизге жаңы технологиялар келет. Жаштарыбыз жаңы адистиктерди алуу үчүн окутула баштайт. Дүйнөлүк экономикага интеграциялашууга өбөлгө түзөт. Анткени, биз аркылуу темир жол өтсө башка мамлекеттердин өнүгүү стандарттарын үйрөнөбүз. Ал аркылуу көптөгөн жумуш орундары түзүлөт.Бири-бирине байланышкан бул процесс эң чоң экономикалык жаңы багыттарды ачарына шек жок. Элибиз ушул максатты туюп, билип, жалпылап колдоп берсе дейм. Коомчулук колдогон ишти мамлекеттик жетекчилердин турмушка ашыруусу оңой болот.

Эми “кытайлар толуп алат, аларга көз каранды болуп калабыз”, деген пикирлер туура эмес. Бүгүнкү күндө Кытай мамлекетинин интеллектуалдык өнүгүү багыты, экономикасынын өсүү деңгээли толкуган океандай болуп турат. Кытай менен чек арабыз такталып бүткөн. Кыргызстандын өзүнүн өнүгүү программасы бар. Ошондуктан биздин алардан кооптонуп, корко турган жайыбыз жок. Тескерисинче, алардын күн сайын токтоосуз өнүгүп-өсүп жаткан жаңы технологиясын өз турмушубузга киргизүүгө, аны иштетүү үчүн улуттук кадрларды даярдоого аракет кылганыбыз оң.