Кеңештиктер кейибей тургула, жаңы мектеп жакында салынат!

Кыргызстандагы мектептердин жетишсиздиги бүгүн эле чыга калган маселе эмес. Акыркы бир аптадан бери коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган Нарындын Кеңеш айылындагы убактылуу “контейнер мектеп” – көп жылдардан бери чогулган мектеп көйгөйүнүн бир эле мисалы. 1973-жылы, мындан 46 жыл мурун ашар жолу менен курулган Кеңештеги ал мектеп авараиялык абалга кептелип, окуучулардын өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурган. Жаңы 150 орундук мектептин курулушу 2018- жылы башталып, учурда мектептин долбоору мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүдө. Эксперттердин так жообу берилген соң, курулуштун сметалык баасы аныкталып, иш жанданат.

“Район жетекчилиги элге көйгөйдү түшүндүргөнү барган”

Кеңеш айылында убактылуу мобилдик үйдө билим алып жаткан балдар үчүн авариялык абалдагы эски мектептин ордуна жаңысы курулаарын Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү да кабарлады.

– Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында учурда окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы эски мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуйт жана авариялык абалда турат. Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы. 2019-жылдын 2-сентябрында Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди, албетте, туура кабыл алабыз. Негизи райондук администрациянын жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барган – дейт Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева.

Акыркы 3 жылда 220 мектеп, 16 бала бакча курулган

Шылтоого шыноо таппай жаткандар “контейнермектептин” аркасы менен бийликке ачуу сөздөрүн каалашынча айтып алышты. Бирок, кемчиликти эле эмес, ийгиликтерди да кошо айта жүргөнүбүз акыйкат болмок. Президенттин демилгеси менен быйыл Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттан мектеп курулушуна деп 800 миллионго жакын сом которулуп, быйылкы жаңы окуу жылынын алды менен 15 мектеп ишке берилди. Ал эми акыркы 3 жылдын аралыгында жалпы Кыргызстан боюнча баш аягы 229 жаңы мектеп, 16 бала бакча курулуп, 34 мектеп толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Өкмөттүн маалыматына караганда: Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча, 2017-жылы – 46 мектеп жана 6 бала бакча, 2018-жылы – 68 мектеп жана 6 бала бакча, 2019-жылы – 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган.

Жергиликтүү бюджеттин жана тартылган кошумча каражаттардын эсебинен жалпы билим берүүчү ме кемелер курулуп жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 млрд. 133 млн. сом бөлүү каралган.

2019-жылдын 1-сентябрына карата 14 мектептин курулушу аяктап, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

2019-жылдын аягына чейн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жалпысынан 64 объекттин курулушун аяктоо пландалууда, анын ичинде 41 мектеп жана алардын спорт залдары, үч бала бакча, алты спорт зал жана комплекстер, алты саламаттык сактоо жана бир катар башка объекттер бар. Мындан тышкары 33 социалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Өкмөт мектеп курбай такыр эле кол шилтеп салган жок”

Кеңештен чыккан чуулу кеп боюнча ЖК депутаты Жанар Акаев дагы үн катып:

– Нарындагы “контейнер мектеп” албетте өкүнүчтүү окуя, муну тез арада өкмөт каражатын тездетип, курулушту аякташы керек, биз да өкмөт мүчөлөрүнө бул талапты коюп жатабыз. Бирок өкмөт такыр эле мектеп курбай, бул тармакка кол шилтеп салгандай тепкилеп жаткандар көп экен. Быйыл окуу жылынын башында жаңы мектеп, спорттук имараттар болуп жалпысы он беш билим берүү мекемеси ишке кирди. Былтыркы жылы болсо мектеп, спорт залдар менен кошулуп бүткөрүлгөн имараттар саны 68 болгон. Жакында жаңы жети мектеп дагы пайдаланууга берилет экен. Болуп жаткан иштерди да кошо айта жүрүү керек, таптакыр эле мектеп курбай, контейнерде окугула дегендей мамиле болушу да мүмкүн эмес. Байларды тепкилегенде, алардын арасында кайрымдуулук кылгандарды да кошо жүрсөк. Жакында эле Кочкордо 280 орундуу мектепти раматылык райондук кеңештин төрагасы Таалай Курткаевдин жубайы ишкер Майрам эже бүтүрүп берди, жанынан 150 миң АКШ долларына чейин жумшады. Коомдо ушундай дагы инсандар бар, негативди даңазалоого эч ким каршы эмес, бирок ушундай каарман адамдарды да ЖМКлардан кошо даңазаласак, балким башкаларга үлгү болмок. Заманбап мектеп, дегеле мектепке көңүл буруу өтө маанилүү. Бир эле мисал айта кетейин. Биздин айылга заманбап жаңы мектеп курулганына эки жыл болду, жаңы компьютерлерди алып барып бердик, айылдан чыккан жаштар бир нече китептерди белек кылды. Мугалимдер менен окуучуларга жаңы дем кирди, ЖРТдан быйыл салыштырмалуу эң мыкты натыйжа көрсөтүштү, балдар республикалык олимпиадага борборго чейин келип жатышты, демек бул сөзсүз өз жыйынтыгын берет, келечекке салым кошот. Быйыл бюджет каралып жатканда авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңы, заманбап мектептерди курууну башкы орунга коюшубуз керек – деген оюн ортого салган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *