Бишкектиктер, билип алгыла!

Жол – бул өлкөнүн күрөө тамыры эмеспи. Быйыл ордо калаабыз Бишкек шаарында өтө маанилүү жолдор ремонттолуп, андан да маанилүү жаңы жолдор салынып баштады. Ошондой эле жолдор менен катар жөө эл басуучу жолдор оңдолуп, ирригациялык түтүкчөлөр дагы кошо жаңыртылып кетүүдө. Кытайдан келген грантка Бишкек шаарындагы 95 чакырым аралыктагы 49 көчө, 7 көпүрө быйыл бүткөрүлмөкчү.

Төмөндөгү көчөлөрдү жаңыртуу пландалып, көпчүлүгүндө иш кызуу жүрүүдө.

— Щербаков Бакинский көчөсү М. Гандиге чейин канализация курулушу менен;

— Достоевскийден Ахунбаев көчөсү Анкарага чейин көпүрөнүн курулушу менен;

— Көлбаев Лермонтов көчөсүнөн Ауэзовго чейин;

— Профсоюз Фучик көчөсүнөн Кустанайга чейин;

— Л. Толстой Ауэзов көчөсүнөн Шабдан Баатырга чейин;

— Медеров Панфилов көчөсүнөн Токтоналиевге чейин;

— Жамгырчинов Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиевге чейин;

— Саадаев Т. Молдо көчөсүнөн Орозбековго чейин;

— Иманалиев Абдрахманов көчөсүнөн түштүк Магистралга чейин;

— Лущихина Т. Фрунзе көчөсүнөн Ак-Өргө жаңы конушуна чейин;

— Гагарин Айгүл-Тоо көчөсүнөн Айбике көчөсүнө чейин;

— Токомбаев Шабдан Баатыр көчөсүнөн 12-кичирайонго чейин;

— Фрунзе Айтматов көчөсүнөн Лермонтовго чейин;

— Мурас-Ордо» жаңы конушуна кире бериши Озерное көчөсүнөн “Мурас-Ордо” жана борбордук көчө;

— Шералиев Арча Бешик жаңы конушуна чейин;

— Рыскулов көчөсү;

— Токтоналиев Ахунбаев көчөсүнөн Медеровго чейин;

— Токтогул көчөсүндөгү көпүрө;

— Орозбеков Жибек-Жолу көчөсүнөн Саадаевге чейин;

— Күйүкова көчөсү;

— Мамбетов Айтматов көчөсүнөн Шабдан Баатырга чейин;

— Новая Суеркулов көчөсүнөн «Жеңиш» жаңы конушуна чейин;

— Айтматов көчөсү;

— Каралаев көчөсү;

— Кустанай көчөсү;

— Садыгалиев көчөсү;

— Тыналиев көчөсү;

— Ахунбаев көчөсү.

Баса, ушундай жакшыруу, жаңылануу ишине ичи чыкпай, “бак-дарактар кыйылууда” деп кыйкырып жаткандарга жакшы жаңылык.

Жолдорду калыбына келтирүү иш чараларынын алкагында “Жашылдандыруу” муниципалдык мекемеси 5 миң тал отургузууну пландоодо.