Өзгөндө өртөлгөн үйдө бычакталган кемпирдин денеси табылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен  өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү таңкы саат бештер чамасында милицияга үйдүн өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, үйдүн короосунан 9 жолу бычак сайылган 71 жаштагы кемпирдин сөөгүн табышкан.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *