Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди

9-сентябрда алгачкы жолу “Комуз күнү” Т. Сатылганов Кыргыз Улуттук филармониясында белгиленди.
Салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышты.

Иш- чарада Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Премьер –министрдин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9-сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтылды.

Өз кезегинде өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алуу, музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш чеберлердин өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле бул багытта бир катар маселелер саналып, куттуктоолор айтылды.

Эске салсак, бул майрамдын алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *