Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Терезени карап,  тизелеп отурган Кызмончоктун бир карыш мойну ого бетер кериле, кудум жыланга окшогон эки өрүм чачы далысы ылдый куюлуп, башын саал чалкалата, көздөрүн жумуп отурду.

Кайрадан байланышка чыгууга аракеттенип жатты ал.

– Азапка малынып, адам баласынан да кыйын сай-сөөгүң сыздап, жандүйнөң бырчаланып келериңди билгем! – деди.

Үнү угулбаганы менен, көмөкөйүндө анын Жан менен сүйлөшүп жатканы жигитке түшүнүктүү болчу. Эки бети тамылжып, эриндери диртилдеп, таптакыр башка дүйнөдө жүргөндөй, өзүнүн кайда экенин унутуп салгандай эле…

Бектемирдин жанына батып кетти бул:

– Кызмончок?!

Бирок Кызмончок аны уккан жок. Тулку боюн кара тер басып, анда-санда гана денеси «дирт-дирт» дей түшүп, жанагы абалында отура берди. Жан менен байланышты жоготкусу келбей, качантан кусаланткан так ушул сезим-туюмдан, ушул абалдан чыгууну каалабагандай, жандүйнөсүндө тырпырап, Жандын бар экенин чындап сезгиси, ага өтө маанилүү бир нерсени айткысы, жооп уккусу келип турду азыр.

– Мен баягыдай эмесмин, Жан… Анткени мен..

– Кызмончо-ок!!! – жубайынын бул аракетине каршы турду Бектемир. Ушу азыр Жан  эшиктен кирип келип, Кызмончок экөө баягы-баягы, акыркы жолкудай бири-бирине оролуп, кучакташа калчудай сезилип кетти ага. Кызмончок аны бир «жалт» карап алып, бир чети ызалуудай, балким бактылуудай, же күйөөсүн табалагандай бекен, айтор, ый аралаш жылмайып карап коюп, жыланы менен кайдадыр кетип баратканы элес теп кетти..!

– Жо-ок!!! – дагы бир бакырып алды жигит. – Жо-ок!!!

Бүт айылды титиреткен бул үн чындап эле Кызмончок менен Жандын байланышын «жалп» өчүрдү. Кудум, күчтүү  чыңалуудагы байланыш зымы чарт үзүлгөн сыяктуу, келиндин чыңалган денеси,  муун-жүүнү бошой туштү. Тулкусун кара тер басып, шалдайып отуруп калды.

* * *

Жылан да турган жеринде ойдолоктоп, куйругу менен жер сабап жиберди. Мойну-башы алдыны карай кериле, Кызмончоктун үйү тараптан көз албай, денесинин жарымынан азыраагы гана жерде калып, жарымы кудум учуп келаткан жебеге окшоп, абада калкылдап, асылып турду.

– Кызмончок! – көмөкөйүндө, ичинде ушинтип кыйкырып, сыртка кышылдаган үн чыгарды. Кызмончоктон жооп болгон жок. Жандын мойну үзүлүп кеткенсип, муштумдай башы ылдыйды карай «шылк!» этип, жер сайып жыгылды… Туура эмес угуп алдымбы дегендей, болуп өткөндүн баарына ишенгиси келбегендей, кайрадан баш көтөрдү. Бирок бул саам жанагыдай шайдоот эмес, «калч-калч» этип, араңдан өйдө болду…

Умсуна кулак түрдү… Өчөшкөнсүп, жымжыртт ыктан башка эч нерсе угулган жок! Кызмончоктун аягына чыкпай калган бир сөзү гана кулагына кайра-кайра жаңырып туруп алды: «Мен баягыдай эмесмин, Жан… Анткени мен… » «Эмнени айтпай калды?!.»

* * *

Бул учурда Бектемирда  өзүнө-өзү ээ боло албай, кызганычтан, ачуудан асман-жери аңтарылып, бүтүндөй аалам кыйсыпыр түшүп, алай-дүлөй болуп жаткандай эле. Атүгүл ушул тап ага Кызмончок ажыдаарга айланып бараткандай туюм келип кетти. Акыл-эсин жыя албай  көздөрү алачакмак болуп, аптыга дем алып, айланып-тегеренип эки жагын каранды…

Баятан шалдайып отурган Кызмончоктун денеси «шалак» этип, шыпырылып түштү.

Аны көргөн Бектемирдин жүрөгү бир «солк» этип, келинчегине учуп жетчүдөй обдула түштү да, бирок кимдир бирөө кармап калгансып, токтоп калды. Жан жакын эле тегеректе жүргөндөй сезилип, атүгүл үйдүн ичин да айланып-тегеренип бир карап алды. Мындай сезим анда көптөн бери жашап келет. Жада калса уктап жатып да, жубайы экөөнүн ортосунда жылан жаткансып, бир жак ыптасынын башкача муздай түшкөнүн сезет. Чочуп ойгонуп, эки-жагын каранат. Жанында жаткан Кызмончоктун таштай болуп муздап калган денесин кымтылап жаап, же кучагына бекем кысып жылытып алат.

– Үшүп калыпсың, – дейт жубайын эркелетип. – Деги эле сенде ал жок, чымчыктын көлөкөсүнө, бир үйлөм желге да үшүй бересиң…

Бектемир эркелетип, кучагына орогон сайын Кызмончоктун денеси ысып-күйүп, от менен жалын болуп кетет… Азыр ушуну эстей калган Бектемир түйүнчөктөй болуп жерде түйүлүп жаткан Кызмончокту жалт карап алып, бир укмушту ойлоп жиберди: «Балким, чын эле бул мени уктатып коюп, түнкүсүн жыланга кубулуп, Жаны менен жолугушуп жүргөндүр?!.»

* * *

«Эмнеге адамдар ушундай? Эмнеге адамдар бири-бирине ишенишпейт? Эмнеге бири-бирин алдашат? Жек көрүшөт? Эмнеге табият менен, мисалы, жыландар менен да тынч, камыр-жумур болуп жашай беришпейт? Эмне үчүн булар бири-бирине душман болушат? Эмне үчүн ким-кимиси бири-биринен коркушат?!” – тээ качандар бир Кызмончокко бере берчү башаламан суроолору менен эми өзүн үстөккө-босток сабап жатты жылан: “Эмне үчүн адамдар жыланга көргөн жерден таш алышат?..»

Бирок бу жолу деле жообун таба алган жок.

Эсине түшүп кетти, бир жолу Кызмончок жомок айтып жатып:

– Тээ качандыр адам менен жан-жаныбардын баары, анын ичинде боору менен сойлогон жыландар да ынтымакта жашашчу экен. Анан, күндөрдүн бир күнүндө Адам ата менен Обо эне Кудайдын каргышына калышыптыр да, так ошол күндөн тарта жашоонун, табияттын мыйзамы өзгөрүп кетиптир… – деген болчу.

–Анда биз да табияттын мыйзамын бузуп жатабызбы? – деген ак жылан.

– Билбейм, – улутунуп, ийнин куушурган кыз. – Ошондой болушу да мүмкүн. Биздин достугубуз, алыстан да, жакындан да туюм, сезим, көз аркылуу сүйлөшө алганыбыз, деги эле биздин бар дүйнөбүз адам баласынын акыл-эсине сыйбай турган нерсе…

– Анда экөөбүз бул жашоонун жаңылыштыгы, катасы экенбиз да? – капысынан ушул ой келген жыланга. Буга макул экени да, макул эмес экени да билинбей:

– Мүмкүн… – деп муңайым жылмайган кыз.

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.