Чындык издесең чыйраласың, бирок чындык чыркыраса эмне кыласың?

Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”


Башкы прокуратурага жети жолу арыз менен кайрылып, акыры иттен чыгарган илинчек жооп алгандан кийин, айласы кеткенде редакциябызга дагы келиптир жашы улгайып баратканына карабастан чындык издегенден тажабаган Замир Исаев.

Бул каарманыбыздын мыйзамсыз жоопко тартылып, мыйзамсыз соттолуп, анан барып шаардык соттон акталып чыккандыгы тууралуу гезитибиздин өткөн жылдын 30-ноябрындагы санында “Тууган издесең Авчиге бар” деген чакан макалабызда жазганбыз. Ошол макалабызды минтип жыйынтыктаган элек: “…бироктун баары эми башталчудай. Жок жерден кылмышкерге айланып, баш-аягы төрт жылдан бери башы тергөөдөн, соттон чыкпай азап чеккен З.Исаевдин ден соолугуна, аброюна, адамдык абийирине келтирилген моралдык зыяндын, материалдык чыгымдын ордун ким толтурат? Мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүбү, же аны мыйзамсыз бекитип берген прокурорбу, же мыйзамсыз өкүм чыгарган судьябы? Мунун бардыгы З.Исаевдин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө. Жамшитовго жазган арызына кандай жооп боло тургандыгынан билинчүдөй.”…

Чын эле арадан дээрлик бир жылга жакын убакыт өтсө да, муз дале же эрибей, же ордунан козголбой турганына З.Исаевдин колундагы “иттен чыгармай” жооптор менен таанышкандан кийин ынандык. Баш-аягы Башкы прокуратурага жети жолу кайрылып, арадан тогуз ай өткөндөн кийин алган жообу бул экен. Башкы прокуратуранын жообу расмий тилде болгондуктан анын кыскача мазмуну менен окурмандарды тааныштыра кетүүнү туура таптык. Анткени тогуз ай толгонуп жазган жооп кат атайын юридикалык билими болбогон окурманга деле кызыктуу болчудай. Башкы прокуратуранын 2019-жылдын 11-июлунда берген №10/1-192-18 жооп катында минтип жа зылыптыр. “Сизди мыйзамсыз түрдө жоопкерчиликке тарткандыгы тууралуу прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата жазган даттанууларыңыз жана аларды карабай эле койгула деген кайрылууңуз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан каралган жана сизге кат жүзүндө да, оозеки түрүндө да жооп берилген. Ошондой эле кошумча дагы билдиребиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Ошондуктан Сизди соттордун үч инстанциясы тең актагандыгын эске алып, келтирилген материалдык чыгымды толуктоо үчүн, ошондой эле моралдык, материалдык зыянды калыбына келтирүү үчүн сот органдарына кайрылсаңыз болот”. Бали, жооп болбосоң коё кал. Замир Исаев Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясы А. Алиев мени мыйзамсыз соттоп койду деп арызданып жүрсө, баш прокуратуранын кызматкерлери тигинтип жооп жазганына жол болсун. Ушундан улам З.Исаев тогуз ай жооп күтүп, баш прокуратурадан жардам үмүт этип, убактысын текке кетиргенби деп калдык. Баш прокурорго жазылган даттанууга мыйзам боюнча баш прокурор өзү жооп берет деген ишеничи таш капкандан кийин, түңүлүп, арызымды карабай эле койгулачы деген какшык кайрылуусун кубануу менен кабыл алышканы го.

Мыйзамсыз өкүм чыгарган сотко чара көрүп бергиле деген арызды жок дегенде көңүл коюп окуп коюшпаганына зээниң кейийт мындайда. Андан көрө “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма” деп, же “тойдум байдын кызына” дегендей эле өз оокатын кылып, жүрө берсе болмок экен Замир байкебиз.

Гезитибизге мурда жазгандай Октябрь райондук сотунун судьясы А.Алиевдин чын эле таянган тоосу бийикпи, Башкы прокуратурадабы же башкы жайдабы калкалап турган калканчы күчтүүбү, айтор Башкы прокуратуранын жазган жоопторунда А.Алиев тууралуу бир да сөз жок. Ал турсун райондук сот да З.Исаевди актаган деп жазып жатышпайбы, соттоп жатса да.

Ии баса, мынча болду Башкы прокуратуранын дагы бир жообуна көңүлүңүздөрдү бура кетели. 2019-жылдын 25-апрелиндеги жообунда Баш прокуратуранын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Э.Джумашова минтип жазат: “Сизди кылмыш жоопкерчилигине тарткан кезде тергөө күбөлөрдүн, адистердин көрсөтмөлөрүнө жана документтерге таянган… Ошондой эле Бишкек шаардык прокуратурасынын 2018-жылдын 29-декабрындагы кеңешмесинин протоколунда белгиленгендей Сизге козголгон кылмыш ишин тергеген тергөөчү А.Абдыкалыковдун жана аны бекиткен прокурор К.Шатеновдун учурда кызматтан кетип калгандыктарына байланыштуу алардын аракеттерин талкуулоо менен гана чектелдик.” Жооп эмес бекен. Ушундан улам “карга карганын көзүн чукубайт” дегенге дагы бир жолу ынанып, чын эле ушундай турбайбы деп калдык. Ал турсун минтип З. Исаев сыяктуу жок жерден жоопко тартылып, кийин акталып чыкса да адилеттикке жете албай тагдырга баш ийип, үмүтүн үзүп койгондор арабызда ондоп, жүздөп саналарына да көзүбүз жетти. Мындай кайдыгерликке туш болгон канча адамдар акыры тажаганда кол шилтеп басып кетери да шексиз. Бирок андайлардан айрымаланып З.Исаев калыстык үчүн катуу кармашчудай түрү бар. Арийне прокуратурадан үмүтүн үзүп, баш прокурордун жообунан да түңүлүп, сот аркылуу өз укугун коргоого камданып жатыптыр.

Эми минтип же Сократ менен дос боло албай, же чындыктын чын эле баалуу экенине ишене албай Замир Исаев деген байкебиз Башкы прокуратура көргөзгөн жол менен эле кете бербей деп, арыз-даттануулар топтолгон папкесин кучактап ара жолдо турган чагы. Чындык издеген жолунан кайтпай чиедей чырмалып көктүгүнөн тайбаса, дагы канча убактысы, нерви, ден соолугу кетерин ким билет. Аны да мезгил көрсөтөр…