«Америкалык келин»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Белгилүү жазуучу, драматург, театр сынчысы жана кино режиссер Жаныш Кулмамбетов учурда жаңы тасманын үстүндө иштеп жатат. Жакынкы аралыкта кино сүйүүчүлөрдүн назарына, “Америкалык келин” аттуу эмгегин сунуштамакчы. Азыркы тапта фильмдин 70 пайызы тартылып бүткөн. Тартуу иштери үзгүлтүккө учурабаса, кычыраган кыш чилдеде, тагыраак айтканда жаңы жылдын алдында бет ачарын өткөрүү пландалган. Белгилей кетсек, Ж.Кулмамбетов тасма талаасында 2002-жылдан бери эмгек кылып келет. 20дан ашык тасмалары бар. Учурунда “Кандуу сүйүү”, “Жараланган турналар”, “Каргыш”, “Соң-Көлдөгү атуу”, “Беш токол” жана “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу көркөм фильмдери коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, популярдуулукка ээ болгон.

– Агай, америкалык келин тууралуу кино тартып жатканыңызды уктук. Бул ишке качан кириштиңиз, качан бүтөт деген оюңуз бар?

– Буюрса, иштин жарымынан көбү бүтүп калды. Негизи америкалык кыз тууралуу чыгарманы, мындан көп жыл мурун эле жазгам. Кинонун сценарийи дагы мурда эле даяр болгон. Бирок, убакыт сааты эми чыкты көрүнөт, быйыл тартылып жатат.

– Эмне үчүн америкалык келин тууралуу тарткыңыз келди?

– Чын-чынына келгенде, бул тасмада биз буга чейин көрүп, билип, байкап эле жүргөн көрүнүштөр. Мисалы, америкалык кыздын кыргызга келин болгону же, тескерисинче кыргыздын кыздары чет элдиктерге турмушка чыгып жатканы жаңылык деле болбой калды. Ал тургай кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, андай окуяларга анчейин маани бербей калдык. Ал эми тасма аркылуу Америкадан келген кызга өөн учураган биздеги окуялар, цивилизациянын критерийлерине туура келбеген учурлар тууралуу бергим келди.

– Мазмунуна кыскача токтоло кетсеңиз?

– 90-жылдары Кыргызстандан Америкага кеткен орус үйбүлөнүн кызы, канча жылдар өткөн соң, ата-энесинин жашап кеткен жерин көрүү үчүн Кыргызстанга келет. Аны интернет аркылуу таанышып, дос болуп калган курбу кызы тосуп алат. Кийин кыргыз жигит менен таанышып калат. АКШда өсүп чоңойгон орус кыз, таң калтырган көп окуяларга туш болот. Мына ошол көрүнүштөрдү курбу кызына айтып берип отурат.

– Башкы ролдорду кимдер ойноп жатат?

– Александра Масягина, КРнын эл артисти Кадырбек Таджиев, КРнын эмгек синирген артисти Анара Сыдыгалиева ошондой эле Тимур Маматкулов, Айнура Эсеналиева.

– Кино кайсы жерлерде тартылууда?

– Массалык эпизоддор КараОй (мурдагы Долинка) деген жерде тартылды. Ошондой эле, айрым кадрлар Темир айылынан алынды.

– Чыгармачылыктагы жасалган ар бир иштин башкалардан артыкчылыгы, айырмачылыгы болуш керек эмеспи. Сиздин “төрөлө” элек эмгегиңиз эмнеси менен өзгөчө болот деп эсептейсиз?

– “Америкалык келин” тасмасы көрүүчүлөрдү, көз жоосун алган ажайып жерибизди кантип өнүктүрөбүз, кантип өстүрөбүз, канткенде чет элден келген конокторду ирээнжиткен адаттардан арылабыз, канткенде туристтерди тартабыз деген ойго салаарына ишенем.

– Эмесе, иш илгери болсун. Тасманын бет ачарын күтөбүз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *