10-июнга карата аба ырайы

Синоптиктердин маалыматы боюнча 10-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.  Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө +13…18, +25…+30,

Таласта +10…+15, +25…+30,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19,  +30…+35,

Ысык-Көл аймагында +8…+13, +19…+24,

Нарын жергесинде +4…+9, +20…+25 градус жылыйт.

Ал эми Бишкек шаарында 10-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30 градуска чейин көтөрүлөт.