Кыргызстандыктар Литвада 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат

Кыргызстан менен Литванын жарандары эки өлкөнүн аймактарында виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат. Мындай маалымат бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Аталган комитетте  Кыргыз Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырды.

Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу долбоору жактырылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы келишимдер түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *