Марат МУРАТАЛИЕВ: «Көчмөндөр оюнун таластыктар татыктуу тосуп алышат»

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Күн санап Таласта көчмөндөр оюну өтүүчү күндөр жакындап келатат. Ал чоў иш-чараны татыктуу тосуу үчүн учурдагы күжүрмөн иш аракеттер кандай? Мына ушул жагдайда иш кайнап турган чакта бош убактысынын өтө тар экендигине карабастан КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен маек курууга үлгүрдүм.

– Марат Молдонович, өткөн жылы заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Талас жергесинде абдан мыкты деңгээлде белгиленип, өтө олуттуу жана маанилүү окуяга даярдыктар убакыттын чукулдугуна карабастан уюштуруу иштери эң сонун жүргүзүлгөн эле. Эми көчмөндөр оюнуна даярдыктар кандай болууда?

– Өлкө башчысы Сооронбай Шарипович Жээнбековдун демилгеси менен көчмөндөр оюнунун алгач кыргыз элинин руханий туу чокусу болгон, Манас руху байырлаган, улуу ойчул, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – касиеттүү Талас жергесинде өтүп жатышы биз үчүн өзгөчө зор сыймык.

Албетте, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин мыкты деңгээлде уюштуруу бизге бир жагынан чоң тажрыйба топтоого шарт түздү. Ооба, кыска убакытта даярдык иштерин жасап, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин эл-журт, коомчулук облустагы мекеме уюмдардын колдоосу менен биримдикте жакшы деңгээлде белгилеген элек.

Эми көчмөндөр оюнуна даярдыктар негизинен өз нугу менен жүрүүдө. Иш-чаралар эки жайда өтөт. Кыргыз улуттук Манас ордо комплексинде маданий иш-чаралар, ал эми улуттук ат оюндары Талас ат майданында өтмөкчү. Көчмөндөр оюнуна байланыштуу Өкмөттүк жыйында мен Талас ат майданын түп орду менен бузуп, капиталдык курулуш менен жаңы атмайдан куруу демилгесин Өкмөт башчысына сунуш кылгам. Демилге Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков тарабынан колдоого алынып, жаңы атмайданга республикалык бюджеттен 30 млн. сом бөлүнүп, учурда ар бир саат, күн натыйжалуу пайдаланылып, иш кайнап жаткан чак.

Баса, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Талас жергесине иш сапар менен келгенде Талас шаарындагы Тараз – Талас – Суусамыр трассасынын башкача айтканда, Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдөн Талас ат майданына чейинки 2 чакырымдан ашык аралыкка бюджеттен 10 млн. сом бөлүнүп, ал аралык толук асфальттанды.

– Манас ордо комплексиндеги жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге токтолсоңуз?

– Манас ордо комплексинде мындан ары улуттук ат оюндары өткөрүлбөйт. Тай казандар толук алынып, маданий иш-чаралар, оюн-зооктор өтүүсү үчүн бир гектар жерге жашыл чым төшөлдү. 2000дей орундуу трибунанын орундуктары сырдалып, тамандырыктары цементтелип, бетондолду. Ал трибунанын алдына 800 чарчы метр аянтка брусчатка төшөлдү. VIP зал курулуп, Манас ордо комплексине бир миллион сомго арка-дарбаза тургузулуп, түлөөканага чейин, ошондой эле мурдагы ат майданды айланта салынган жолго асфальт төшөлүүдө. Тиешелүү точкаларга таза суу киргизилүүдө. Кароол чокунун трибуна тарабы, этноайылдар жайгашчу 4 гектардай тилке жашылдандырылып, көк ыраң тартып турууда.

– Бюджеттик каражаттар деле эсептелүү экен. Кошумча каражаттарды кайдан таптыңыздар?

– Албетте, абалдан чыгуу аракеттерин көрүп, сүрөөнчүлөрдү ишке тартуудабыз. Сүрөөнчүлөрдөн түшкөн 2 млн. 200 сом ат майданга, 1 млн. сом Манас ордодогу брусчатка төшөө иштерине, 1 млн. сом ошол жайга аркадарбаза куруу иштерине, 450 миң сом облустук драма театрга, ошондой эле кадырлуу меймандарга белек иретинде бериле турган таластык сүрөтчүлөрдүн көркөм түстүү китебине 300 миң сом бөлүндү.

– Ошентсе да, Талас ат майданына бөлүнгөн 30 млн. сом акча каражатты Каржы министрлиги создуктуруп отуруп, мамлекеттик курулуш департаментинин кийлигишүүсүнөн улам сентябрь айынын башында гана эсепке түшүп, куруучуларга чоң көйгөй болгону жашыруун эмес?

– Айтканыңыз туура, бюджеттик каражаттар кечигип, көйгөй пайда болду. Мамкурулуш, подрядчик ишканалар колдон келген мүмкүнчүлүктөр менен иштешти. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан иш туура уюштурулуп, жергиликтүү мекеме уюмдардын жетекчилери техника, ж.б. жабдуулардан, ошондой эле электр жарыгын киргизүү, инфраструктуралык иштерди жасоодо, жол боюн көрктөндүрүү иштерине жапа тырмак жардам беришүүдө. Өзүмдүн 1-орун басарым Канимет Осмонбеков Манас ордо комплексине, мурдагы 1-орун басарым, азыркы учурда БакайАта акими болуп иштеп жаткан Чолпон Төрөкулов Талас ат майданына кураторлукка бекитилишкен. Күн сайын штаб өтүп, жасалчу иштер ыкчам мерчемделип такталат, жумуштар тез убакытта аткарылууда. Чолпон Асылбекович жигердүү, уюштуруучулук жөндөмү чоң, тажрыйбасы мол жетекчи. Ал эми облустук мекеме уюмдардан Талас облустук бассейндик суу чарбасынын жетекчиси Болот Батыркулов, Талас жогорку чыңалуудагы ишкананын директору Жапарбек Туржановдун мээнеттери чоң болуп, жигердүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ал эми курулушчулар түнкү 2-3кө чейин иштеп жатышат.

– Ысык Көлдө өткөн бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өздөрүнүн жигердүү аракеттери менен өзгөчөлөнгөн жетекчилер, адистер мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болушкан эле. Бул жолу да күжүрмөн инсандардын эмгектери мамлекеттик сыйлыктар менен белгилениши керек го?

– Менин оюмча да ошондой болот го. Кажыбаган күжүрмөн эмгекти эл, коом, өлкө жетекчилиги баалап, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга көрсөтсө чоң сыймык да!

– Марат Молдонович түйшүктүү иштериңиздерде ийгиликтер арта берсин. Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *