Суббота, 20 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

Садыр Жапаров «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Театр 2021-жылдын сентябрында «Манас» эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Президенттин Жарлыгы менен 2022-жылы театрга улуттук макамы берилген.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө байыркы кыргыз элинин тарыхында элдик оозеки чыгармалар ооздон-оозго өтүп, куйма кулак тубаса элдик таланттарыбыз аркылуу журтубуздун нарк-насили, каада-салты, үрп-адаты, тили, дили сакталып, урпактан урпакка уланып келе жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Балыкооз, Келдибек, Музооке, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай өңдүү манасчыларыбызды эскерип, алар кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосун муундан-муунга өткөрүп келишкенин баса белгиледи. «Өнөр алды – кызыл тил» деп, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Калык аталардай ак таңдай төкмөлөрүбүз акындык өнөрдүн күчү, комуздун кылы менен руханий байлыктарды сактап калууга түздөн-түз таасирин тийгизген залкарлар болгон.

Садыр Жапаров ушул асыл инсандардын бизге калтырган мурасы бизге жөн эле руханий байлык эмес, кийинки урпактарга калтыра турган баа жеткис таберик экенин эсибизден чыгарбашыбыз керектигин ырастады. Дал ушул себептерден «Манас» театрын түзүү демилгеси келип чыккан. Ал туура 3 жыл мурда «Манас» театрын ачуу боюнча токтом кабыл алып, андан көп өтпөй атайын Жарлык менен ага «улуттук» макам ыйгарылганын эске салды. Аз гана убакыт өтсө дагы аталган театрдын өнөрпоздору камчы салдырбай иштеп, бир нече республикалык, эл аралык деңгээлдеги айтыш, кароо-сынак, фестиваль, концерттерди өткөрүү менен жамы журтка таанылып чыга алышканы кубандырат. Бул жаш театр креативдүү долбоорлору менен ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фондусу, Маданий шериктештик фонду, Интерньюс сыяктуу эл арлык уюмдар менен кызматташа баштады.

Буга байланыштуу президент демилгелүү жаштарыбыздын иш-аракеттерин ар тараптан колдоо максатында «Манас» театрына жаңы имарат салып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи. Бүгүн ошол ниетибиз ишке ашып, бир жыл мурда башталган курулушу аяктап, «Манас» театры жаңы имараттуу болуп олтурат.

Мамлекет башчысы ата-бабалардан калган мурастарга аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улантуучулукту, улуттук жана тарыхый каада-салттарды жайылтуу, Кыргызстан элдеринин руханий кайра жаралышына, андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттеринен болуп саналарын өзгөчө белгиледи. Мамлекет кыргыз элинин туу туткан руханий азыгы, идеологиялык жол көрсөткүчү болгон улуу «Манас» дастаныбыз баш болгон рухий мурастарыбызды жайылтууга бар күч-аракетин жумшайт. «Манас» улуттук театрынын коомдогу орду чоң.

Андан соң президент Садыр Жапаров театрдын жаңы имараты менен таанышып, «Семетейдин анты» прологун көрдү.

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар