Жогорку Кеңеште жаңы депутат Бектен Сыдыгалиев ант берди

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Бектен Сыдыгалиев ант берди. Ал 5-сентябрда  депутаттык мандатын тапшырган Насыр Мусаевдин ордуна келди.

Бектен Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттине караштуу Антикоррупциялык кызматтынын алгачкы жетекчиси, атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары кызматтарын  аркалаган.

Белгилей кетсек, Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу бир жылдан ашык жыйынга келген эмес. Бул маселе «Кыргызстан» фракциясында да көтөрүлүп, Мусаев мандатын тапшырсын деген кайрылууну Жогорку Кеңештин спикерине жөнөтүшкөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *