Журналист Улугбек Бабакуловго кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө бөлүмү журналист Улугбек Бабакуловго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бабакулов улуттар аралык касташууга чакырган материалдарды жарыялаганы үчүн айыпталууда.

Журналисттин жарыяланган материалдары боюнча Улуттук илимдер академиясынын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин адистери саясий-филологиялык экспертиза жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында Улугбек Бабакулов жарыялаган материалдарда этностор аралык араздашууга үндөгөн, улуттук кадыр-баркка шек келтирүүнүн элементтери аныкталган.

Улугбек Бабакуловго карата кылмыш иши улуттар, этностор, диний же аймактар аралык кастыкка чакыруу беренелеринин негизинде козголду.