Алтынай Өмүрбекова Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө стадиондун абалы тууралуу маалымат берилип,  оңдоп-түздөө иштери керектиги айтылды. Өз кезегинде Алтынай Өмүрбекова акыркы учурларда өлкөдө футболго кызыккандардын саны көбөйүп жатканын айтып, күйөрмандар футбол боюнча Улуттук кураманын тандоо турундагы оюндарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

«Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек», – деди вице-премьер-министр.

Футбол болуп жаткан учурда тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеген Алтынай Өмүрбекова мындан бир нече жыл мурда Кыргызстан Австралия курама командаларынын беттешинде күйөрмандар бир топ уу-дуу болгонун эске салып, бул жолу ошондой кырдаал кайталанышы ыктымал экенин айтты.

Мындан улам вице-премьер-министр стадиондун жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине зарыл болгон чараларды кабыл алууну жана аренаны даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун квалификациялык раундунда Кыргызстан курама командасы F тайпасына Япониянын, Тажикстандын, Монголиянын жана Мьянманын командалары менен туш келди. Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү Катар мамлекетинде 2022-жылы өтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *