Бишкекте “АгроТехЭкспо-2019” ири көргөзмөсү өтөт

Бишкекте республикалык «АгроТехЭкспо-2019» масштабдуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов билдирди.

Кыргызстандын айыл чарба потенциалын инвесторлорго көрсөтүү жана дыйкандардын жаңы агро өнөр жай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатууну максаттаган иш-чара 25-27-сентябрь күндөрү өтөт.

Белгилей кетсек, бир жыл мурда «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникасы көргөзмөсү өткөн. Ага 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр, ошондой эле республиканын булуң-бурчунан келген фермерлер жана дыйкандар катышкан болчу.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *