Кеңеш айылындагы контейнер мектеп эмнени көрсөттү?

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнер мектеби, билим берүү тармагындагы он жылдап чечилбей келе жаткан маселелердин айныксыз көрсөткүчү болуп калды. Аларды баарыдан мурда биздин жарандар колдогондой жана туура түшүнгөндөй, чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер менен чечпесе болбойт. Ушундан улам Премьерминистр Мухаммедкалый Абылгазиев билимдин сапатына түздөн-түз таасир бере турган, терең ойлонулган жана негизделген чараларды көрүүнү талап кылууда.

Үч жылда рекорддук сандагы 220 мектеп курулду

Өкмөт бул көйгөйлөрдү жашырган эмес, тескерисинче, бардык мамлекеттик органдардын бул маселени чечүүдөгү аракетин күчтөндүрүп келди. Ушул өңүттөн алып караганда Өкмөт коомдо резонанс жараткан бул маселелерди, ага көңүл бурууну күчөтүү жана мектептердеги билим берүүнү жакшыртуу үчүн максималдуу түрдө натыйжалуу пайдалануу аракетин көрүүдө.

Тагыраак айтканда, бюджеттин кирешесиндеги объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, Өкмөт өлкөдө рекорддук сандагы мектептерди курууга каражат таап жатат жана өлкөбүздө бир дагы кыйроо абалындагы мектеп болбошуна жетишүү аракетин көрүүдө. Жакынкы мезгилде эле бул милдеттерди өз мөөнөтүндө жүзөгө ашыруу мүмкүн эместей сезилчү.

Жашыруун деле эмес, акыркы кезге чейин жаңы билим берүү объектилерин курууда системалык мамиле кылуу жок болуп келген. Кээде ар кандай саясий мотивдер коштолгон ар түрдүү факторлордон улам, приоритеттүү деле эмес объектилерге каражат бөлүнүп, жаңы мектептерди куруу кийинкиге калып кетчү, ошол эле учурда мектепке зарыл райондордо көп сандаган мектеп курулуштары бүтпөй турчу, мунун айынан бюджет каражаты натыйжалуу пайдаланылбай, каржылоо маселесинде баш аламандык жаралып келген.

Бүгүнкү күндө мындай абал түп-тамырынан бери өзгөрдү, анын натыйжасында бардык ресурстар жумшалып, акыркы үч жылдын ичинде өлкөдө рекорддук сандагы 220 жаңы мектеп курулуп бүткөрүлдү.

Жогорулатылган айлык, окуучулары ийгиликке жетишкен мугалимдерге сый акы

Бирок Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн сөздөрүндө дайыма айтып келгендей, бул жаңы мектептерде талаптагыдай билим берүүнү камсыз кылуу үчүн, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалимдерди колдоо өтө маанилүү маселе болуп саналат. Өкмөт мугалимдердин айлыгын 30 пайызга жогорулатуу үчүн каражат таба алды. Мугалимдердин үмүтү иш жүзүндө толук акталбай калган, 2011-жылдагы тажрыйбаны эске алуу менен, учурда жогорулатылган айлык акы бардыгын толук камтыгандай жана калыс болушу үчүн анын механизмдери иштелип чыгууда. Ушуну менен катар Премьерминистр окуучулары окуудагы ийгиликтерге жетишкен мугалимдерди сыйлоо максатында каражат караштырып жатат. Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиевдин пикиринде, сөз бул сый акынын көлөмү, алган айлык акысынан он эсе жогору болушу тууралуу жүрүп жатат. Азыр ийне-жибине чейин эсептөөлөр жүргүзүлүүдө, ал бүткөндөн кийин акыркы чечим кабыл алынат.

Элдин үнүн эске алуу менен…

Бул демилге абдан олуттуу өбөлгө болуп, мугалимдер тарабынан да колдоого алынууда. Премьер-министрдин алыскы райондорду интернет менен камсыз кылуу тапшырмасы дээрлик аткарылды. Ток этерин айтканда, көрүлгөн чаралардын бардыгы мектеп мугалимдерине болгон талапты күчөтүүгө, аны менен бирге мугалимдик кесиптин кайтадан ардактуу кесип болушуна мүмкүндүк түзөт.

Быйылкы жылы гана кыйроо абалындагы мектеп деп табылган Кеңеш айылындагы мурдагы мектептин ордуна контейнерден мектеп салып берүү, коомчулуктун көңүлүн билим берүү тармагындагы көйгөлөргө бурдуруп отурат, анткени бул маселе ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө, өлкөбүздүн ар бир жашоочусуна жана мамлекеттин, коомдун, келечегине тиешелүү эмеспи.

Мындай шарттарда Өкмөт бул бышып жетилген маселеге карата коомчулуктун абдан жүйөөлүү үн кошууларын жана жарандардын тынчсызданууларын, мектептердеги билим берүү көйгөйлөрүн мындан ары чечүү жана коомчулукка жасалган иштердин натыйжасын көрсөтүү үчүн толугу менен пайдаланат.

Адилет СУЛТАНАЛИЕВ