Кайыпов кандай иштеди?

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Өткөн аптада Нарын облусун 5 жыл 9 ай 3 күн Аманбай Кайыпов жетектеген Өкмөттүн өкүлү кызматынан кетти. Анын ордуна Эмилбек Алымкулов олтурду. Ээрди алмаштыруу жараян 6-сентябрга туура келип, атайын жыйынга КРнын вице премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты.

– Аманбай Кайыпович узак убакыт Нарын облусун жетектеп, ийгиликтүү эмгектенди,-деди А.Өмүрбекова айым өз сөзүндө. Алып айтсак ушул жылдарда облуста ички дүң өндүрүм 55 пайызга өскөн. Өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге жогорулаган. Облуста 2012-жылы 380 миң тонна өндүрүлгөн болсо, быйылкы жылы көрсөткүч 1 миллион тоннадан ашык казылаары күтүлүүдө. Облустун кирешеси 67 пайызга өссө, экспорт 5 эсеге көбөйгөн. Дотация 6 жылда 20 пайызга кыскарган. Ушундай жумуштарды Аманбай Кайыповичтин ишмердиги деп айтсак болот,-деген вице премьер-министр Аманбай мырзанын болочогуна ийгиликтерди каалады.

– Туура Кара-Кечеде тартип деген жок экен. Агыбы, карасыбы, сарысыбы баары тең эле каалагандай иштеп калыптыр. Салык деген түшпөйт. Кээ бир фирмалар кааласа көмүр казып, каалабаса акчага тойгондо казбай деле коюшат экен. Эмне үчүн элдин байлыгы элге пайдалуу болбойт.Ошондуктан мен өкмөткө маселе коюп, эки жерге көзөмөл жай ачалы деп сунуш келтирем. Ал жерлерге видео да орнотулушу керек,-деген эле алгач келип Нарын облусуна иштей баштаган маалда облус жетекчиси Аманбай Кайыпов мырза. Натыйжада айтылган убадалар 2014-жылдын 7-октябрь күнү жүзөгө ашырылып, анын бири Кара-Кечедеги көмүр кесимдерине кире бериш коктуга «Турускул» көзөмөл өткөрмө бекети (К+Б) орнотулган болчу.

Жумгалдагы көмүр кесимдеринде тартип жана көмүрдүн так эсеби алынып турулушу үчүн эки жерге атайын К+Б уюштурдук. Себеби, мындан ары мен прокурордун, же губернатордун же Ак үй, Көк үйдүн кишисимин же жергиликтүүмүн дегендей көрүнүштөр болбошу керек. Ошондуктан ушундай постторду жасап жатабыз. Эми көмүр тартууга келген унаалар бул жерге кезекке турушуп, анан ичкери кирип тез убакытта көмүр алып кете алышат. Бул жерге ички иштер органдарынан 4 жана салык кызматынан 2 кызматкер туруктуу нөөмөт менен 24 саат иштешет. 500 миң сомго трансформатордук подстанцияны облустук өнүктүрүү фонддун каражатынан карап, алып келип орноттук, – деп 7-октябрь күнү ошол жерден облус жетекчиси Аманбай Кайыпов маа лымдоо каражаттардын өкүлдөрүнө кеп кылган. Бирок ал контейнерлер кайсы каражаттан алынып келгендиги тууралуу алгач айткан эмес. Качан сурамжылоо башталганда гана аларды өз эсебинен алып келгендигин ачыктаган. Көрсө өкүл мындагы эки жана Арал К+Бү үчүн дагы эки контейнерди чөнтөгүнөн чыгарып алып келип орнотуптур. Ар бир контейнерди алуу жана көзөмөл өткөөл жайларга жеткирүүгө 1300 доллардан сарптаган экен. Демек 5200 доллар акчаны өз каражатынан чыгарып, тартип болсун, көмүр уурдалбасын деген чоң аракети үчүн кабарчылар чынында Аманбай мырзага ыраазычылыкты билдирген болчубуз.

Ал эми анын кетээр кербезине карата кеп сүйлөгөндөр жапырт бир ооздон мактоолорду гана билдиришти. Маселен, ушул жылдар да облуста 8 миң гектар аянтка сугат сууну камсыздоо жакшыртылгандыгын, ар бир айыл аймакка ветеринардык бейтепканаларды куруу долбоору жүрүп жаткандыгын, маданиятка олуттуу маани берилгендигин, Ат-Башы районунда эркин соода логистикалык борборду курууга жетишилгендигин баса белгилешти. Жыйынтыгында өкүлчүлүктүн жамаатынан жана коомчулуктан 3 суусар тебетей кийгизилип, Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамы ыроолонду.

– Менин биринчи буйругум Аманбай Кайыповичке облустун “Ардактуу атуулу” наамын берүүдөн башталды. Анткени сиз иштеген учурда эң башкысы облуста туруктуулук орноду. Кара-Кече ирээтке келтирилди. Облустук театр толук оңдолуп, мына азыр Нарын шаарынын борбордук аянты реконструкцияланып жатат. Ал эми бул кызматты мен өтө бийик, өтө жогору деп баалаймын. Өзүм болсо облуска чоочун эмесмин. 1988-жылдан бери Нарында чарбадан баштап, кийин дыйкан чарбада да иштеп келдим. Мен улуу ойчул Арстанбек атабыз айтып кеткен “Элиң менен бийиксиң, эли жок сен кийиксиң” деген осуятын аткарууну дайыма карманып, элге кызмат кылууну башкы үмүтүм катары эсептеймин, – деди облустун жаңы жетекчиси Э.Алымкулов мырза өз сөзүндө.

Эмилбек Алымкулов 1966-жылы 15-апрелде Нарын районунун Оттук айылында туулган. 1988-жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык диплом менен аяктап, зооинженер кесибине ээ болгондон кийин ТяньШань районундагы Коммунизм колхозунда зоотехник-селекционер, бир жылдан кийин ушул эле колхоздо башкы зоотехник болуп эмгек жолун баштаган экен. Эгемендик жылдарда эл аралык уюмдарда, асыл тукум заводдо,жеке дыйкан чарбада иштеп, 2007- жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, кийин Ак-Талаа районунда аким, губернатордун биринчи орун басары болгон. 2014-2016-жылдарда «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКнын башкармалыгынын мүчөсү, аппарат жетекчиси кызматын аркалаган. 2017-жылдын февраль айында Нарын шаарынын мэри болуп шайланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *