Санариптештирүү: 160тан ашык сот залынын 80инде видео байкоо жүрөт

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


2019-жыл өлкө башчысы тарабынан «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Санариптештирүү бир гана экономика, бизнес, калкты тейлөөдө гана эмес, сот тутумунда дагы өзгөчө мааниге ээ.

Бул багытта сот тутуму дагы четте турбай, сот өндүрүшүн толугу менен электрондоштурууга бел байлады. Санариптештирүү бардык сот коомчулугуна жана соттордун бардык инстанцияларга таасирин тийгизе тургандыгы белгилүү. Андыктан, сот тутуму тездик менен болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген КРнын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин, “2014-2017-жылдарга КРнын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу максатында жана ошондой эле сот системасын ачык-айкындуулук менен камсыз кылуу үчүн, бүгүнкү күндө сот жыйынынын жүрүшүн аудиовидеого жаздырууну камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аталган система күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин маалыма тына таянсак, республика боюнча 72 жергиликтүү сот, 160тан ашык сот жыйындар залы болсо, анын ичинен 80ге жакынында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулган.

Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын ар бир сотторунда видеоконференция системасы ишке киргизилгени турат. Эми ар бир сотто республиканын башка жергиликтүү соттору жана жаза аткаруу мекемелери менен байланыштыра турган атайын жабдыктар орнотулган залдар жасалып, онлайн режиминде процесстерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыпталып жаткан адамды сотко алып келбей эле убактылуу кармоочу жайдан, ал эми күбөлөрдү жана эксперттерди башка аймактардан чакыртып отурбай эле аралыктан видеоконференция аркылуу суракка алууга болот. Бул өз кезегинде соттук иштерди кароонун тездетилишин көбөйтүп, жарандар үчүн сот өндүрүшүнүн ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Мындан тышкары, иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук – статистикалык карталарды түзүү- соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС), сот системасындагы соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын, сот системасындагы процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул система сотко арыз берген учурдан баштап, анын ичинде бардык материалдарды, сот отурумундагы процесстик документтерди жана иш боюнча кабыл алынган соттук актыларды “электрондук ишти” түзүүнү карайт.

Белгилүү болгондой, автоматташтырылган маалымат системасы алгач 3 пилоттук сотто: Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда, Бишкек шаарынын райондор аралык жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотторунда киргизилген болчу. Учурда автоматташтырылган маалымат системасы программасынын каттоо модулу республикадагы биринчи инстанциядагы бардык сотторго киргизилди.

Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин жүзөгө ашырууга, мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга бөгөт коюлуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугу жогорулайт.

Дагы бир артыкчылык катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ишти атвоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү колдонулуп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул системаны сот өндүрүшүндө колдонуу, сотко иш кабыл алынган күндөн баштап аны бөлүштүрүү, сот жараянын дайындоо, материалдар канцелярияга тапшырылганга чейинки процедуралардын баары ачыкайкын катталып, соттордун өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн камсыз кылып турат. Бул жерде ишти мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө кароо негизсиз жылдырылса же сот жараяны атайылап создуктурулса, анда анын чыныгы себептери көрүнүп калат. Бул жерде соттук иштер соттордун адистешүүсүнө жараша баарына бирдей, туура бөлүштүрүлүшү да маанилүү.

Жаңы санариптик технологияларды колдонуу жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигине жетишүүдөгү ачык-айкындуулукту камсыздап, судьялардын арасында коррупциянын болушун азайтып, соттордун ишти кароосун тездетет. Сот тутумун реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан мындай иштер, өз жемишин берет деген терең ишеним бар.

Кемин райондук сотунун төрайымы Индира Жунушалиева санариптешүүнүн алкагында ишке кирген кылмыш иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүү программасы боюнча тутум аркылуу өндүрүшкө алынган иштерди судьяларга автоматтык түрдө бөлүштүрүп берет. Программада ар судьянын канча ишти карап жатканынан тартып, кандай өкүм чыгарганына чейинки маалымат камтылат. Эң негизгиси жарандык жана кылмыш иштерди судьяларга бөлүштүрүүдө жарандык факторду жокко чыгарганын айтты. Төрайымдын айтымында Кемин районунда сот отурумун алып барууга бардык шарттар бар. Аудио-видео көзөмөл коюлган.