Мамлекеттик тилге маани бербедик го… ?

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Мына, Кыргыз Республикасында кыргыз тилине мамлекеттик деген макам берилгенине быйыл – 2019-жылдын 23-сентябринде 30 жыл толот. Эмне өзгөрүү болду? Бардыгыбыз – башка тилдердин сөздөрүн аралаштырбай, таза мамлекеттик тилде жазып, же сүйлөп калдыкпы? “Мамлекеттик тил боюнча” 1989-жылдын 23-сентябры күнү кабыл алынган Мыйзамда жазылгандай, кыргыз тили жалпы Кыргызстандын орток тилине айландыбы?

Жок! Бардыгы – мындан 30 жыл мурдагыдай абалда. Элдин сабатсыздыгын жоё турган, элди агарта турган Түп районундагы Сары-Тологой айылындагы К.Эгембердиев атындагы мектептин аталышы жазылган тактага “Сарытологой” деп жабыштырып жазып койгону аз келгенсип, “министрлик” деген сөздү министирлик дебей, ал эми облус борбору Каракол шаардык почтасынан жиберилген каттарынын сыртындагы штемпелиндеги “Ыссык-Көлдү” эмдигиче бир “с” менен оңдоп (сүрөттө) жазганга чололору тийбей келатат. Көчө көрнөк-жарнактары бир аз өзгөрө баштагансып, кыргызча, анан расмий – орус тилде жазыла баштады эле, эми жалаң англисче жазганга өткөндөрүнө (сүрөттөрдө) бир жагынан күлкүң келсе, бир жагынан…. !

Караколдо англичандар жашайбы
Эми англисче жаза башташты
Каракол почтасынын катасы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *