Жалган маалыматтын жетегинде калган вице-мэр…

Жарыяланганга кайрылабыз: “Акча төлөй келгенде тизмеде бар, суу түтүктү алмаштырарга келгенде тизмеде жок болуп калабызбы?” 28-июнь, 2019-жыл №48(24344)


Бишкек шаарынын мэриясы 2019-жылдын 28-июнундагы №249 катыңызды карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

“Арча-Бешик” конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде Эр-Тайлак көчөсүнүн суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча арызын жеринен кароо учурунда, төмөнкүлөр аныкталды. Эр-Тайлак көчөсү боюнча Чортеков көчөсүнөн тартып Арча-Бешик көчөсүнө чейин 2000-жылдары д-100мм узундугу 346 метрди түзгөн суу түтүгү “АрчаБешик” конушунун тургундары тарабынан курулган, бирок “Бишкексууканал” ӨЭКтин балансында турбайт. Жогоруда аталган көчөнү “Бишкексууканал” ӨЭКтин адистери жергиликтүү тургундар менен текшерүү учурунда суу түтүктөрү канааттандыраарлык жана алмаштырууга зарыл эместиги аныкталган.

Вице-мэр У.Ш.АЗЫГАЛИЕВ


РЕДАКЦИЯДАН:

“Кыргыз Туусуна” “Акча төлөй келгенде тизмеде бар, суу түтүктү алмаштырарга келгенде тизмеде жок болуп калабызбы?” (28-июнь, 2019-жыл №48(24344)) аттуу Бишкек шаарындагы Ленин районунун Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу жарык көргөндөн чыпчаң эки ай өткөндөн кийин, бул кайрылууга Бишкек шаарынын вице-мэринен жогорудагыдай мазмундагы эки сүйлөм жооп келиптир. Сыягы, мэрия ай сайын бир сүйлөмдөн жооп жазган сыяктуу.

Бишкек шаарынын вице-мэри У.Ш.Азыгалиевдин жообунун биринчи сүйлөмүндөгү: “Эр-Тайлак көчөсү боюнча Чортеков көчөсүнөн тартып Арча-Бешик көчөсүнө чейин 2000-жылдары д-100мм узундугу 346 метрди түзгөн суу түтүгү “АрчаБешик” конушунун тургундары тарабынан курулган, бирок “Бишкексууканал” ӨЭКтин балансында турбайт” дегени ырас. Эр-Тайлак көчөсү боюнча Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки суу түтүгүн жергиликтүү тургундар өз каражатына 2000-жылдары койдурганы, андан бери чыпчаң 20 жылдай өткөнү, бул чоюн түтүк мурда да кайсы бир жерде 20-30 жылдай колдонулганы, соңку беш жылда эскилиги жетип чириген суу түтүктүн улам бир жери жарылып, жергиликтүү тургундарды бушайманга салып жатканы кайрылууда да айтылган. Эр-Тайлак көчөсүнүн жолун да ошол көчөнүн тургундары өздөрү салганы жана ушул мезгилге чейин жыл сайын өздөрү каражат чыгарып оңдоп келатышканы да редакцияга келген каттан улам белгилүү. Бир сөз менен айтканда, ушуга чейин Эр-Тайлак көчөсүнүн тургундары жолун да өздөрү салып, суусун да өздөрү тартып келген. Бишкек шаарынын тургундары үчүн камкордук көрүп, тиешелүү инфратүзүмүн түзүү керек болгон мэрия “Арча-Бешик” конушунун Эр-Тайлак көчөсүн унутуп койгон. Ичүүчү суу өткөн суу түтүгү “Бишкексууканал” ӨЭКтин балансында турбайт” деген тастыктама мэриянын бул көчө жана бул көчөнүн тургундары, алардын жашоо-тирилигинен кабары жок, кайдыгер караган дегенди туюндурат. Демек, бул “Эр-Тайлак көчөсүнүн тургундары шаар үчүн ашыкча, ашка жүк, башка жүк” дегенди билдирет, ушундай эмеспи жолдош вице-мэр У.Ш.Азыгалиев.

Эми вице-мэрдин жообунун кийинки сүйлөмүнө келели. Анда: “Жогоруда аталган көчөнү “Бишкексууканал” ӨЭКтин адистери жергиликтүү тургундар менен текшерүү учурунда суу түтүктөрү канааттандырарлык жана алмаштырууга зарыл эместиги аныкталган” дейт. Бул кызылдай калп. Мэриядан жооп келген соң, “Кыргыз Туусуна” арыз муңу менен кайрылышкан “Арча-Бешик” конушунун Эр-Тайлак көчөсүнүн тургундары менен байланышып: “Эмне үчүн суу түтүгү жарактуу болсо, аны жараксыз абалда деп редакцияны алдадыңар, мэриянын алдында бизди уят кылдыңар” деп сурадык. Жергиликтүү тургундар, анын ичинде мэрияга ичүүчү суу түтүгүнүн абалы канааттандыраарлык деп кол коюп беришкен Ж.Дордогоев жана С.Темирбаева суу түтүктөр түйүнү участкасынын адиси Табалдиев Р. аларды “бал тилге” салып: “Суу түтүктү алмаштыруу маселеси вице-мэрлердин колунан келбейт. Бирөө да маселе чечпейт. Суракматовдун өзүнө киргиле. Суу түтүктү алмаштыруу маселесин бир чечсе, ошол чечет” деп күйүмүш эткен болуп, анан: “Силердин суу түтүк “Бишкексууканалдын” балансында жок. Биз суу түтүктү алмаштырмак турсун, кокус авария болуп, түтүк жарылса, оңдоп берүүгө да милдеттүү эмеспиз” деп оозун куу чөп менен аарчып, “колуңардан келгенин кылып алгыла, силердин кимге керегиңер бар” деген каймана мааниде ичүүчү суу түтүгүн мэрия оңдоп берүүгө кол кабыш кылуусун өтүнгөн жергиликтүү тургундардын үмүтүнө суу сээп, башка келтек менен ургандай сөз айтып, ындынын өчүргөн. Мэриядан, же тагыраагы шаар бийлигинен үмүтү үзүлүп, шок абалында калган жергиликтүү тургундарга “вице-мэрлердин колунан эмне келмек эле” деп жатып, өзү чампалаган актыга мына ошентип кол койдуруп алган. Ал актынын бир көчүрмөсү биздин колубузга тийди. Анда: “ПЭУ “Бишкекводоканал” не будет производить замены трубы этого участка так как не на балансе. ПЭУ “Бишкекводоканалу” абоненты производит оплату за потребление питьевой водой” деп ак-карасынан жазылып турат. Бул “Ичүүчү сууга төлөнгөн акчаңар керек, башкасына башыбыз оорубайт. Билгениңерди кылгыла” деген түшүнүк. Куду эле “Арча-Бешик” конушунун Эр-Тайлак көчөсүнүн тургундары кайрылгандай: “ичүүчү сууга акча төлөй келгенде” пайда болуп, “ичүүчү суу түтүгүн алмаштырарга келгенде” өз боюн ала качкан “Бишкексууканал” ӨЭКнин позициясы.

Биз “Бишкексууканал” ӨЭКнин суу түтүктөр түйүнүнүн адиси Р.Табалдиев менен да байланышып көрдүк. Жерге эки метр терең көмүлгөн суу түтүгү канааттандыраарлык абалда экенин кантип билгенине кызыктык. Ал буга жөндөп жооп бере алган жок. Жооп бере да алмак эмес. Эки метрде тереңде жаткан суу түтүктүн жарактуу абалда экенин билиш үчүн аны көз менен үстүртөн карап коюу жана суу түтүк адиси болуу жетишсиз. Ошол түтүктөн агып жаткан суудан үлгү (проба) алып, “санитардык-гигиеналык талаптарга жооп береби, эскилиги жетип, колдонулуп жатканына 50-60 жыл болгон чоюн суу түтүгүнөн суу ичүүгө болобу, ден соолукка зыян эмеспи?” деген суроолорго да жооп берилиши керек эле.

Тилекке каршы, суу түтүк адиси Р.Табалдиев андай суроолорго баш катыргысы келген эмес, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна, ичкен суусунун абалына кайдыгер караган. Ал эптеп эле жергиликтүү тургундарды алдап, акты толтуруп, анан жалган маалымат жазылган кат жөнөтүп, мэриянын көзүн будамайлап салууну максат кылган. Ошентип, бир “ок” менен эки “коен” атып, өзүнүн нан таап жеп жаткан ишине кайдыгер мамиле жасоо менен мэрияга жалган маалымат берген. Өз кезегинде суу түтүк адисинин жалган маалыматына таянган вице-мэр У.Ш.Азыгалиев “Кыргыз Туусу” гезитине калп айтып, чаташ жооп жазып жиберген.

Бул да эч нерсе эмес. Суу түтүк адиси Р.Табалдиевдин актысына түшүнүп-түшүнбөй кол коюп беришкен Ж.Дордогоев менен С.Темирбаева кошуналарынын алдында кызыктай абалда калып отурат. Гезиттин №48(24344) санына (28-июнь, 2019-жыл) жарыяланган: “Акча төлөй келгенде тизмеде бар, суу түтүктү алмаштырарга келгенде тизмеде жок болуп калабызбы?” деген кайрылууда Бишкек мэриясына ичүүчү суу түтүгүн алмаштырып берүүсүн өтүнүп кайрылган тургундардын тизмесинин башында Ж.Дордогоевдин аты-жөнү турат. Анда ал ичүүчү суу түтүгүнүн алмаштырылышына макул. Кызык андай болгондо, кечээ эле “ичүүчү суу түтүгүн алмаштырыш керек” деп демилге көтөргөн Ж.Дордогоев суу түтүк адиси Р.Табалдиев барганда эле суу түтүктүн абалы канааттандыраарлык деген позицияда болуп калабы? Мына ошентип, суу түтүк адиси Р.Табалдиевдин жалган маалыматы жана ага негизденген вице-мэрдин жообу ичүүчү суу түтүгүн алмаштырылса деген 150 түтүн тургундун ич ара таарынычтары пайда болбосуна алып келбейт, кошуналар ортосундагы ынтымакка доо кетирбейт деп эч ким кепилдик бербейт.

Мейли, суу түтүк адиси Р.Табалдиев мэриядагы алмаштырылгыс кадр, анын айтканы мэрия үчүн “мыйзам” болсун, эки метр тереңдиктегини рентгендей көрүп турсун дейли, анда “ичүүчү суу түтүгүнүн абалы канааттандыраарлык” деген вице-мэрдин жообун күтүп тургансып, 3-сентябрда Арча-Бешик көчөсүндөгү ичүүчү түтүк жарылып калганын мэрия эмне менен түшүндүрөт болду экен? Суу түтүктүн жарылышы вице-мэрдин: “көчөнү “Бишкексууканал” ӨЭКтин адистери жергиликтүү тургундар менен текшерүү учурунда суу түтүктөрү канааттандыраарлык жана алмаштырууга зарыл эместиги аныкталган” деген жообунун кызылдай калп экенин далилдеп турбайбы.

“Вице-мэр У.Ш.Азыгалиев “жарактуу” деген ичүүчү суу түтүгү быйыл эле жарылган жок, былтыр да жарылган, акыркы беш жылда жыл сайын жарылат. Вице-мэрлер “жарактуу” десе эле, 50-60 жыл колдонулуп, чирип калган чугун түтүгү чирибей, жарылбай калмак беле” дейт жергиликтүү тургундар.

“Эр Тайлак көчөсүнүн ичүүчү суу түтүгү “Бишкексууканал” ӨЭКнин балансында жок. Биз оңдоп берүүгө милдеттүү эмеспиз. Каалаган жагыңарга кайрылгыла, арыз жазгыла. Колуңардан бок келбейт. Мамлекет силердин ичүүчү суу түтүгүн оңдоп берүүгө милдеттүү эмес” деген аталган кызматтын жумушчулары ишин колко кылыбатып, оңдомуш этип кетет” экен “Бишкексууканал”. Алыс барбайлы, 3-сентябрда, Эр-Тайлак көчөсүндөгү аварияны жөндөө үчүн келген “Бишкексууканал” ӨЭКтин адистерин жетектеп келген жоон-жолпусунан келген аял: “Азыр Кыргызстанда мамлекет жок. Биз силердин ичүүчү суу түтүктү оңдоого милдеттүү эмеспиз, билген богуңарды жегиле” дептир.

Мына ушундай. Мэрия дебейли, “Бишкексууканал” ӨЭКте мэриянын вице-мэрлерин каакы ордуна көрбөгөн, эгемен мамлекет болгонуна 28 жыл толгон Кыргызстанды мамлекет катары санабаган кызматкерлер иштегендиги бизди аябай өкүндүрөт. Ичүүчү суу түтүгүн алмаштыруу жана оңдоо бул чарбалык маселе, бирок мамлекеттик чарба кызматында иштегендер, мамлекеттен айлык алып, үй-бүлө багып жатып, “мамлекет жок” деп кесир сүйлөп, текеберленип мамлекеттин бар экендигин танып отурганы өтө осол көрүнүш. Бул барып-келип Бишкек мэриясынын ишмердигине өз көлөкөсүн түшүрүп турат.