ИИМ кылмышка тийиштиги бар адам жетекчилик кызматка дайындалды деген маалыматка жооп кылды

ИИМдин басма сөз кызматы Каныбек Абдырахманов тууралуу маалыматтарга жооп кылды.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 17-октябрынын түнүндө анын кол алдында иштеген ыкчам кызматкери С.К. улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Кол алдындагы кызматкер пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелип жаткандыктан анын жетекчиси К.Абдырахманов да тергөө процессинин жүрүшүндө чакырылган. Жагдай так жана толук териштирилбегендиктен кол алдындагы кызматкери менен кошо камалып кеткен. Тергөө аяктап соттук процесстердин жүрүшүндө Каныбек Абдырахмановдун аталган кылмышка тиешеси жок экендиги такталган.

«Каныбек Абдырахмановдун аталган кылмыштарга  катыштыгы жок экендигин Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот да тактап, ал күнөөлөнгөн беренелер боюнча толугу менен акталган. Ошол себептүү Жогорку Соттун чечиминин негизинде ал кайрадан өз ордуна келип ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү) бөлүмүнүн начальниги кызматында иштеп жаткан болчу. Анын кызматтык ишмердүүлүгү, кесипкөйлүүгү ИИМ жетекчилиги тарабынан көңүлгө алынып, учурда ээлеп турган кызматына дайындагандыгын расмий түрдө билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Каныбек Абдырахманов ИИМдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Буга байланыштуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары анын кылмыш ишине тиешеси бар экендигин жазып чыгышкан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *