Парламент Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊеш Билим берүү жана или министрилигине Премьер-министр тарабынан  сунушталган Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Аны  депутаттарга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Талапкер өзүнүн жаӊы кызмат ордунда аткарчу иш программасы менен тааныштырып, чоӊ жоопкерчиликти сезип жатканын, парламенттин жардамы таянуу жана мыкты адистерди тартуу менен, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ишти алга жылдырууга аракет жасай турганын билдирди.

Депутаттар окуу китептеринин сапаты менен мазмунун жакшыртуу, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, жаш кадрларга камкордук көрүү, тамырлап кеткен коррупциялык жосундарды зарылдыгын белгилешти. Алар өздөрүн кызыктырган сууролорго жооп алуу менен бирге, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ой бөлүшүп, бир катар сунуштамаларды берди.

Белгилей кетсек, Каныбек Исаков 4-сентябрда өз каалоосу менен отставкага кеткен Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна сунушталууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *