Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору даярдалат

25-апрелде Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Координациялык топтун биринчи жыйыны болду. Анда аталган топтун иш регламенти менен планы бекитилди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Маалымат боюнча, быйылкы жылдын январынан тартып 5 эксперттик топ ишин баштаган. Алар 2014-жылдан бери эксперттердин стратегиялык өнүктүрүү боюнча сунуштарынын кыйла бөлүгүн азыркы учурга карата талдап чыкканы белгиленди. Бул экономика, экология, мамлекеттик башкаруу, социалдык чөйрөлөрдө жана “Таза Коом” долбоорун ишке ашыруу жагындагы долбоорлор болуп саналат.

Улуттук кеӊештин секретариатынын маалыматы боюнча, өткөн 4 айда эксперттик топтор тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча көп иштер аткарылды.

Андан тышкары эксперттик топтор өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын концепциясы боюнча сунуштарды иштеп чыгууну аяктап калышты. Бул концепция узак мөөнөттүү стратегиянын өлкө жетекчилигине сунуштала турган долбоорунун негизи болуп калышы мүмкүн.

булак: maralfm.kg