Жеңиш Разаков Россиянын финансы министри Антон Силуанов менен жолугушту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Россия Федерациясынын Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Жолугушууда тараптар Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун алкагында Кыргыз Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү боюнча Макулдашуунун жүзөгө ашырылышы, жогоруда айтылган Макулдашууга ылайык, техникалык жардамды берүүнү тездетүү жана айрым иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтүн 2020-2021-жылга чейин узартуу маселелерин талкуулашты.

 Өз кезегинде кыргыз тарап Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү сунуштады.

 Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар «жол картасынын» иш-чараларын аткарууну көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топтун ишин активдештирүүгө, Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында зарыл иш-чараларга үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү максатында зарылчылыгына жараша видеоконференциялар түрүндө кеңешмелерди өтүүгө келишишти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *