Комиссар кармалды…Кое берилди…

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кадамжай районунун аскер комиссары М.З.ны кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ал О.Э.ден аскер билети үчүн пара талап кылганы айтылат. М.З. аскер билети маселесин чече албай калгандан кийин алган акчасын кайрып берүү учурунда кылтакка илинген. Андан кийин анын кызматтык кабинетинде тинтүү жүргүзүлүп чоң суммадагы акча табылган.

Бирок акчалар машина сатып алуу максатында топтолгону айтылууда. Аскер прокуратурасы аны камактан бошотуп, ишти жеринде текшерүү үчүн иштеген жерине жөнөттү.