Карамолдо тууралуу эки залкардын экмети

9-сентябрда Президенттин жарлыгына ылайык “Комуз күнү” белгиленди. Кыргыз үчүн комуз ыйык, комузчулук – ата мурас, улуу өнөр. Ал бул жагынан Манаска теңдеш турат. Кыргыздын улуттук өнөрүнүн туу чокулары дал ушул – манасчылык, комузчулук, төкмөлүк. Элибиздин жер каймактагандан берки сырдашы, муңдашы да ушул комуз. Айтпаган сырыбызды, ат көтөргүс арманыбызды, Ала-Тоодой сүйүнүчүбүздү, жүрөк жарган кубанычыбызды комуз күүсү аркылуу туюнтуп келдик. Комуздун качан, кайсы убакта кыргыздын колуна тийгени белгисиз. Айрым иликтөөчүлөр тарыхый булактарга таянып, мындан үч миң жыл мурда кыргыз комузу кытай падышасына белекке берилген деп келишет. Мүмкүн ошондойдур. Кеп анда деле эмес. Бир гана нерсе, “кыргыз – кыргыз болгону, кыргыз атка конгону” комузун колдон түшүрбөй келгени ырас. Комузу жок, ак калпагы жок, күпүлдөп айткан “Манасы” жок, дайрадай ташкындаган төкмөсү жок элибизди элестете да албайбыз. Комуз – кыргызды ааламга тааныткан улуттук баалуулуктарыбыздын туу күзгүсү.

Кыргыздар “Күүнүн башы Камбаркан” деп, Камбарды туңгуч комузчу катары таанып келебиз. Кайсы гана комузчу болбосун “Камбаркан күүсүн” бир кайрып алып, анан башка күүлөргө өтүү салты ушундан улам келип чыккан. Комуз күүлөрү тууралуу сөз болгондо Кыргыз радиосунун “Алтын фондусуна”, узак жылдар бою кыргыз күүлөрүн терип-тепчип жаздырып келишкен улуу муундагы чыгармачыл адамдарга миң мертебе рахмат айткың келет. Алардын бири Кыргыз эл артисти Балбай Алагушев. Дагы бири, раматылык Буудайбек Сабыр уулу. Айрыкча, бүт өмүрүн эл чыгармачылыгына арнаган, комуздан бетер өтө жупуну, кыргыздын комузчуларын, кыл кыякчыларын, чоорчуларын жердин түбүнөн болсо да таап келип “Алтын фондуга” жаздырган Буудайбек аганын эмгеги төө көтөргүс. Бул киши менен кенен баарлашып калганыма өзүмдү бактылуу сеземин. Ал эми Балбай Алагушев атабыздын эмгегин эл жакшы билет. Кезинде бул эки залкар менен кыргыз комуз өнөрүнүн Кантеңири, улуу комузчу Карамолдо Орозов тууралуу баян курган экемин комуз күнүндө “Темир сандыгыман” алып чыгып, окурмандарга сунуш кылып турганым.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, Кыргыз Туусу”

Балбай АЛАГУШЕВ: “Карамолдо кара күүнүн алпы болчу”

– Балбай ага, кыргыздын элдик өнөрпоздорун жакшы билген, аларга замандаш болгон эки киши болсо, бирөөнү сиз деп билебиз. Карамолдо боюнча эмне айта аласыз?

– Багым бар экен, Карамолдо менен 1955-60-жылдары ата-баладай мамиледе жүрдүм. Ушуга аябай сыймыктанам. Ал киши жөнүндө үч китеп жаздым. Эми бул кишидей комузчу чыкпайт. Кыргызда комуз чертүүнүн эки багыты, мектеби бар. Бири – комузду чакмак алып, кол ойнотуп чертүүнүн туу чокусу болгон Ниязалынын мектеби. (Жеңижоктун айтымында Ниязалы миңден ашык күү черткен. Т.А.). Буга Токтогул, Коргол, Атай, Шекербек, Эркесары, Айдаралы ж.б. комузчулар кирет.

Экинчиси – кол ойнотпой күүнүн маани-маңызына басым жасап чертилген залкар, кара күүлөр. Бул багыттагыларга Арстанбек, Муратаалы, Абак, Каптагай, Кыдыр, Карамолдо, Чалагыз өңдүү комузчуларды кошобуз. Эзелтеден эле Көл өрөөнү манасчылардын, бүркүтчүлөрдүн, даңазалуу саяпкерлердин, мүнүшкөрлөрдүн мекени болуп келген. Кара күүнүн алптары да ушу жактан чыккан. Карамолдо ошолордун соңкусу. Бекеринен Карамолдо менен жолугушканда улуу Токтогул: «Күү сиздерде, ыр бизде турбайбы», – деген эмеспи. Токтогулдун өзү да «алты ат сууну кечкендей» комузду кол ойното чертчү да. Бирок Карамолдонун кара күүсүнүн алдында жогоркудай баасын берип олтурбайбы.

Муратаалы: «Күүнүн атын айтып чертсең, тай энчилегендей болот», – деп айтчу экен. Кара күүдө күүнүн кыскача гана тарыхы айтылат. Анан кайрыктар аркылуу айтайын деген оюн берет. Карамолдо өзүнчө эле оркестр болчу. Күүнү кайруунун, толгоонун, колду капкакка тийгизбей чертүүнүн кайталангыс чебери болгон. Бул жагынан анын теңдеши жок. Кыргыздын ырыскысына Карамолдонун күүлөрү дээрлик жазылып калды. Көп күүлөрү жазылбай калды деп жаңылыш айтып жүрүшөт. Менин баамымда анын «Эл тилеги тынчтык», «Дүнүйө» деген күүлөрү анын акыркы чыгармалары. Жеке өзүм Карамолдонун 33 күүсүн нотага түшүрүп, магнитофонго жазып калдым. Мага чейин Виноградов, Затаевич жазып калган. Тилекке каршы, өнөрдү баалай албаган эл экенбиз, кийин эле өткөн Карамолдону телеге же киного тартып калбаптырбыз. Ошол кезде кыргыздын теле, кино тармагы тирденип эле калган. Ушунубуз маңкуртчулук болуп калды.

– Улуу комузчунун комузу кайда, билесизби?

– Аны тактай албадым. Карамолдонун комузу кайда калганын эч ким билбейт. Менде Карамолдонун 1928-жылдан, көзү өткөнгө чейинки сүрөттөрү бар. Аларды музейлерге өткөрдүм. Анын 60тай күүсү радиого жазылып калган. Ошондой эле кыргыз радиосунда иштеп жүргөн жылдарымда күүлөрүнүн тарыхын, «Кербездер», «Камбаркандарын» өз оозунан жазып калганбыз. Бир күүсүнүн тарыхына, айтылуу «Көкөй кестиге» токтолсок бу Капалдын күүсү. Капал Көл өрөөнүнөн чыккан комузчу. Аялы сулуу киши болгондуктан, колунда бар бирөө зордук менен тартып алып, өзүн казак жакка кубалап жиберет. Ошондо: «Жеримден айрылдым, элимден айрылдым, сүйгөн жарымдан айрылдым», – деп арман кылып кайрыган экен. Карамолдо анын өзөгүн алып, 7 мүнөт 30 секунддук узак күү кылып кайра иштеп чыккан. Бул азыр арман күүлөрдүн атасы. Өмүрдүн өксүгүн бул күүдөй эч ким айтып бере албайт.

– Карамолдонун «Дүнүйө» деген да керемет күүсү бар. Көпчүлүк чоң комузчулар да өздөрүнүн «Дүнүйөсүн» черткен. Мисалы, Коргол. Комузчулардагы «Дүнүйө» темасынын келип чыгышына эмне себеп?

– Корголдун «Дүнүйөсү» да өзүнчө бийиктик. Кыргыздын салттуу чоң өнөрпоздору (ыр-күү түрүндө) санат-насыят, терме, дүнүйө темаларына кайрылбай койгон эмес. Бул темаларда өздөрүнүн өчпөс издерин калтырып кетишкен. Айталы, Арстанбек, Жеңижоктон, кийинки Калык, Корголго чейин бүгүн бар, эртең жок дүнүйө темасына кайрылбай койгон эмес. Кара күүдө деле ошондой. Бу түбүң түшкүр дүнүйө темасын Карамолдонун жандап өтө албагандыгы да ошол себептен. Анын «Дүнүйөсү» терең философиялык маңызга бай, улуу күүлөрдөн.

– Кара күү мектебинин тамыр-башаты кайда?

– Кеп Карамолдонун чөйрөсүндө. Карамолдо, Каптагай, Орозакун, Чалагыз булар баары кара күүнүн кылымдык тарыхын, бай салтын улантуучулар. Бул төртөө жүргөн жерлерде ыр-күү суудай агып, майрамга айланып кетчү экен. Баары бир айылдан. Орозакун өзү ырчы да болсо керек. Чалагыз Иманкулов Орозакундун обону деп радиого жаздырган. Каптагайдан эч нерсе калбады. Кадимки Кыдыр аке да чоң комузчу болгон. Анын айтылуу «Төгөчү» деген күүсү бизге жетти. Муратаалы Көлдүн Сары-Камышынан чыккан. Атасы Күрөңкөй да чоң комузчу болгон. Булардын баары кара күүнүн алптары эле. Карамолдонун «Байгазынын арманы» деген күүсүн «Сынган бугу» деп Муратаалы койгон. Анткени, бугудан чыккан Байгазы өзүнүн турмуштан сынгандыгын күүгө салган да.

– Муратаалыны Карамолдонун окутуучусу десек болобу?

– Болот. Себеби, таалим алган.Үзөңгүлөш жүргөн. Муратаалы да бир кылымда бир келчү залкар комузчу. Өкүнүчтүүсү, анын аткаруусунда бир гана «Кер Өзөн» деген (1939-ж) кыяк күүсү жазылып калган. Башка бир да күүлөрү жазылып калган эмес. Анын көпчүлүк күүлөрү Саид Бекмуратов аркылуу бизге жетти.

Муратаалы 70тен ашык күүсүнүн тизмесин композиторлор союзуна өткөргөн экен. Бирок эч ким жазып калалы дебептир. Мен кыргыз радиосуна 1960-жылы ишке кирдим. Анан башкы редактор Асанкан Бөрүбаевге жылдыздай суюлуп бараткан кыргыздын элдик таланттарынын үнүн жазып калалы деген сунуш киргизип, ошол эле 1960-жылы Осмонкул, Алымкул, Эркесары, Шекербек өңдүү залкарларды жазып калдык. Менде азыр кыргыз музыка чеберлеринин 1000 сааттык үнү, 2000 миңден ашык сүрөттөрү сакталуу.

Буудайбек Сабыр уулу: “Разаков болбосо Карамолдонун күүлөрү жазылбай калмак”

– Карамолдо азыркы Эркиндик паркы менен келе жатса Исхак Раззаков жолугуп калып: «Күүлөрүңүздү жаздырып койдуңузбу?» – деп сураптыр. Молдокебиз «жок» дебейби. Раззаков ал черткен күүлөрдүн кийинки муундар үчүн табылгыс маданий мурас экендигин шашпай түшүндүрүп, ошондуктан бүгүндөн баштап чарчап-чаалыктым дебей, болгон күүсүн кыргыз радиосуна толук жаздыруусун өтүнүптүр. «Кыргыз радиосунун чоңу Т.Суванбердиевге өзүм айтып дайындап коем, кыйынчылык болсо дароо айтыңыз», – деген экен. Ошону менен Карамолдо өзүнүн айтымында 30дай күүсүн жаздырыптыр. Бирок, радионун бул ишке көз салган жетекчилиги алмашып кетип, бери жактагылары айрым күүлөрүн өтө эски, байыркы күүлөр экен дешип жазбай коюшат «Карамолдонун күүлөрүн жаздырып жатканын билгендиктен дайыма кабар алып турчумун. Жанагинтип иш кыйындай баштаганда кандай кылсак деп кыйнала баштадык. Дагы эң мыкты деген 50дөй күүм жазылып калса болот эле деп Молдокем түтөйт. Акыры И.Раззаковго баралы деп чечтик. Кайра туруп, Раззаковдун бизден башка иши жок калыптырбы, барып алагды кылсак уят го деп тартынып, барбай калдык. Көп өтпөй Молдокебиз сокур ичегиден эле өтүп кетпедиби. Ошондо Карамолдону жетелеп алып эле Раззаковго барганда эмне. Ушунум да мен үчүн арылбаган күйүт болуп келет.

Атактуу комуздар
Кыргызда комузчулук менен бирге комуз чабуу өнөрү да өзгөчө бааланган. Теңдешсиз Токтогул комузду өзү чаап алчу экен. Учурда анын эл ичинде сакталып калган комуздарынын бирин төкмө акын Аалы Туткучев аспиеттеп чертип келет. Дагы бир төкмө акыныбыз Азамат Болгонбаев XIX кылымда Ысык-Көлдө жашап өткөн Жансерке деген атактуу комузчу жана устанын комузун алып жүрөт. Анын айтымында бир комузун Алымкул Үсөнбаевге чаап берген экен, уулу Замирбек Үсөнбаев кармап келүүдө.