“Кыргыз Туусуна” – 95 жыл: Жапардын фельетондорунан жемкорлор коркушчу

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Сүрөт: Автордук класстын ачылышы

Чүй районунун Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Алчалуу айылынын Ы.Борончиев атындагы орто мектебинде чыгаан журналист жана белгилүү прозачы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, СССРдин, Кыргызстан журналисттер жана жазуучулар союздарынын мүчөсү Жапар Саатовдун 90 жылдыгына карата башталгыч класска анын автордук кабинетинин бет ачары өткөрүлдү. Анда залкар калемгердин советтик жылдардан берки архивдик кол жазмалары, сүрөт галереясы, баалуу экспонаттар коюлуптур. Автордук кабинетти уюштурууга анын небереси Алмаз менен аталган мектепте мугалим болуп иштеген анын жубайы Ырыстын эмгеги чоң экен.

“Советтик Кыргызстандын” чыгаан калемгери

Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасынын орун басары, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Курманбек Раматов устатынын 90-жылдыгына карата иш-чарада мындай деп эскере кетти: “Жапар Саатовдун улуттук журналистикада өзгөчө орду бар. Ал басма сөз айдыңында кырк жылдан ашуун тер төгүп иштеди. Ошол мезгил аралыгында далай жаштарга устат болуп, фельетонист, сатирик катары «Саатовдун чыгармачылык мектебин» түптөп, андан эки муун калемгерлер профессионалдык деңгээлде макала жазуунун тажрыйбасын алып, сырларын үйрөндү. Ал эми новатордук жаңы табылгаларга бай прозалык чыгармалары менен ал кыргыздын көркөм адабиятына өз чыйырын салып кетти.

Кайсы заманда болбосун коррупциянын тамырын биротоло кыркып салуу оңой болгон эмес. Жапар Саатовдун акты ак, караны кара кылып сындаган курч фельетондору өз доорунун мителерин «аттан оодарып» түшчү. Анткени, совет жылдары басма сөзгө чыккан сын макалалар көз жаздымда калбай, кемчилик кетирген жетекчи коммунисттик партиянын жыйындарында каралчу. Чуулгандуу окуялар менен коштолуп кызматтан куулуп, чаралар көрүлчү. Ошондуктан “Советтик Кыргызстан” гезитине чыккан Саатовдун макалаларынан артында “калбыры” бар жетекчилер тайсалдап коркуп турчу. Анын азыркы айрым журналисттердей тактабай жазып алып, аркасынан кечирим сурап же соттошкон учуру болгон эмес. Жапар аганын калеминен чыккан макаланын изи менен келтирилген фактылар аныкталып, кетирген кемчилиги үчүн жооп беришчү. Союздук 15 республиканын ичинде көптөгөн жылдар бою уюшкан коррупцияга батып, чырмалышкан кылмыш иштери ачылган окуялар болгон. Тилекке жараша, ошол жылдары аларга салыштырмалуу Кыргыз Республикасы уюшулган кылмыштуу коррупциядан дээрлик алыс, таза өлкө болуп таанылган. Ошол жылдардагы мамлекетибиздин сыймыктуу баа-баркка ээ болушуна Саатовдой калемгерлердин эмгеги ат көтөргүс зор болгон”. Адамкерчилик сапат атадан өтөт

Жапардын атасы Саат жыйырмага чыкканда Үркүн окуясы башталыптыр. Кыргыз элинин башына түшкөн оор күндөрдү, атасынын тарткан азабын чыгаан калемгер балдарына айтып берчү экен. Бирок, совет жылдары ал тууралуу ачык жазууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Үйүнөн ач-жылаңач качып чыккан элде ак падышанын аскерине каршы турчу курал-жарак кайдан болсун?. Чүйдүн Кытайга качкан элинин бир тобу бөлүнүп калып, Соң-Көлдү көздөй бет алышкан. Аркадан кууп келе жаткан падышачыл орус аскеринин алдын тосуу үчүн тоодон кок туга таш кулатып, өткөрбөй коюуга аракет жасашкан. Ошол жылы аман калган элдин бир бөлүгү СоңКөлдүн малын союп жеп, ачарчылыктан аман калышкан.

Жапардын кең пейилдиги, адамкерчилик сапаты атасы Сааттын кыйналган адамдарга кол сунуп, жардам берүүгө болгон таасиринен калса керек. Ал республикага белгилүү калемгер болуп калган алтымышынчы жылдары Фрунзеден үч бөлмөлүү квартира берилген. Ошол үй айыл-ападан келген тууган-урук элге жык толуп чыкчу. Эмгек акысын алган күнү ал доордун “Зил” деген муздаткычына эташты толутуруп коюп, алыс-жакын туугандарын жылдап багып чыкчу.

“Балам, балалуу болгондо билерсиң”

Жапар аганын өмүрлүк жубайы Бопо мектепте жакшы окуп, бир жылда эки классты бүтүргөн өтө зээндүүлүгү бар экен. Апасынан эрте ажыраган айылдык кыз Фрунзедеги кыз-келиндер педагогикалык окуу жайына өтүүнү көздөйт. Ал жакта акысыз кийимкечек, тамак-аш берип окутат экен деген кабарды угуп, Кемин өрөөнүнөн он эки кыз келип, анын ичинен жалгыз Бопо окууга алынат. Бопо гимнастика, бий кружокторуна катышып жүргөн учурда Жапар ага да бийге келчү. Ошентип жубайлар чогуу бийлеп жүрүп таанышкан. Келечектеги жубайы менен Жапар Саатов ордолуу Ош аймагында иштеп жүргөндө баш кошкон. Бир жылдары ал «Ленинчил жаш» гезитинин кабарчысы болуп түштүк аймагына барган. Ал эми Бопо ал учурда Ош педагогикалык институтунун акыркы курсунда окуп жаткан болчу. Согуштан кийинки жылдары тамак-аш тартыш. Чыны-кашыктын тартыштыгынан кырдуу стакан таап, эптеп чай ичкенге кубанган заман эле.

– Жапар ата-энесинин жалгыз уулу болгону үчүн баланы абдан жакшы көрчү. Чынчыл болчу. Жапар экөөбүз 60 жыл чогуу жашадык. Бирок анын бир жолу да калп айтканын уккан жокмун. Элүүнчү жылдардын ортосу эле. Уулум Талантты эмизип жүргөм. Бир күнү баланы көтөрүп алып, Фрунзеден айылга келдик. Карып калган атасы короодогу чөптү чаап жатыптыр. Мен бала менен үйгө кирдим. Жапар атасына чуркап барып: «Ата, күндүн кайнаган ысыгында убара болуп чөп чаппай эле койбойсузбу. Мен эле чаап салайын», – деп чалгыны атасынан алды. Кайнатам уулун са гынганбы, айтор, сүйлөшкүсү келип жанынан кетпей кобурап туруп алды. Жапар: «Көйнөгүңүз сыкма болуп тердеп кетиптир, абдан чарчапсыз, үйгө кирип эс алыңыз», – деп, атасын үйгө киргизип жиберди. Күйөөм алка-шалка тердегендиктен көйнөгүн чечип, жылаңбаштанып алып, чалгыны токтобой шилтеп жатты. Кайнатам Жапардын жанына улам барып: «Балам, шаардан келгенче кардың ачты го, тамак ичип алчы. Башыңдан аптаптын ысыгы өтүп жатат», – деп, кирип чыгып жалооруй берди. Күйөөм жумушту оор-топондоп алмайынча үйгө киргиси келген жок.

Бир убакта кайнатам менден баланы сурап алды. Ымыркайдын башындагы топусун чечип салып көтөргөн карыя Жапардын жанына барып, артында унчукпай турду. Жапар арт жагын «жалт» карай салып, чалгыны ыргытып ийип, кайнатама чуркап келип: «Ата, алдагы баланын башына күн өтүп кетпейби? Эмнеге бул жакка чейин алып келдиңиз?» – деп, чыйпычылыктап жиберди. Ошондо кайнатам Жапар га: «Уулум, сен өз балаңды кандай жакшы көрсөң, өзүң да мага ошончолук кымбатсың», – деди. Жапар ушул сөздөн кийин унчукпай үйдү көздөй басты. «Чай ичип отуруп, күйөөм мага: «Бопош, атам мени катуу уяткарды. Сөзгө абдан жыгылыштуу болуп калдым. “Балам, балалуу болгондо билерсиң”, – деген сөздүн маанисин эми түшүндүм» деп айтканы эсимде, – деп эскерет сексен жашты аралап калган Бопо Саатова.

Жапар өзү жалгыз уул болгондуктан, келинчегине: «Көп балалуу болсок ээ?» – деп, көп айтып кыялданчу экен. Алар Айгүл деген кыздуу, Талант, Таалай аттуу уулдуу болушту. Бопо байбиче өмүрлүк жары Жапар аганын көркөм чыгармаларынын, макалаларынын эң алгачкы окурманы болчу. Жаш кезинде Бопо Саатова көп жылдар бою басма сөз тармагында кызматкер болуп иштеген. Ал күйөөсүнүн маданияттуулугу өтө жогору, абдан сылык, кичи пейил адам болгонун эскерет. «Үйүбүздө Жапар экөөбүз жакшы көрүп басчу машинкабыз болор эле. Ал мага бирдемелерин бастыра турган учурда буйрук берип, үнүн көтөрүп сүйлөөчү эмес. «Бопуш, мобул макала беш-алты эле барак. Ушуну басып бере аласыңбы?» – деп, суранган түрдө кайрылчу. Мен дем алыш күндөрү анын макалаларын басып отурчумун. Китептеринин баарын басмага өзүм басып берчүмүн. Анткени, союз учурунда китептен ката кетип калган окуя дээрлик кездешчү эмес. Басмага даярдалып жатканда Жапар: «Ар бир беттен бир-экиден ката кетип жатат. Ошону үчүн башкалар баскандан көрө өзүң басчы», – деп айтар эле.

Жапар Саатов 1930-жылы февралда жарык дүйнөгө келген. Ал улуттук адабияттын, журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошуп кетти. 1950-1961-жылга чейин «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, «Жаш ленинчи» журналында жооптуу катчы болгон. 1967-1970 жылдары «Кыргызстан» басмасында редактор, ал эми 1970-1991-жылдар аралыгында «Советтик Кыргызстан» – азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Басма сөздө иштеген 40 жылынын жарымын «Советтик Кыргызстанда» иштеген. «Толукшуган ай, «Түркүн мүнөздөр», «Чындыктын сүрү», «Каардуу күндөр» ж.б. 15тен ашык китептин автору болгон. Саатов таланттуу прозачы, чыгаан журналист катары өз доорунун окурмандарынын, шакирттеринин эсинде түбөлүк калды. Анын курч фельетондору, очерктери өз учурунда коомчулукта чоң резонанс туудуруп турган. Жапар Саатов 2010-жылы 82 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *