Кожобек Рыспаев депутаттарды мазактагандарга чара көрүүгө чакырды

Депутаттарды кой деп атагандарга чара көрүү керек, — деп билдирди Жогорку Кеңештин чоң жыйынында депутат Кожобек Рыспаев.

Анын айтымында, өкмөткө профсоюздар тууралуу мыйзам өтмөйүнчө бир да мүлк сатылбасын деген тапшырма берүү зарыл. Профсоюздар депутаттарды мазактаган сөздөрдү ачык эле жазып жатканын айткан депутат: «Биз эмне ушунчалык кордукка чыдайбызбы. Ачык эле жазып жатышат. Алар мүлктүн баарын сатып жатышат. Эми жакында “Достук” меймаканасын сатабыз деп камынышууда. Буга чейин канча мүлктү сатышты. Ошол директорлор кеңешине кирген 28 адам мамлекет ичинде мамлекет түзбөсүн. Антпесе фондго 300 млн. сом бөлбөйбүз, өздөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарып, өз алдынча иштешсин”, — деди.

Депутат жарыянын алдындагы номурларды териштирүү үчүн берээрин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *