Акын Нарынбек ЖАМАНГУЛОВ: «Адам динсиз жашашы мүмкүн, бирок ырсыз жашай албайт»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Маектеш тууралуу маалымат: Нарынбек Жамангулов Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган соң, көп жылдар ИИМдин “Бетме бет” гезитинде иштеди. Учурда “Кутаалам” басмасында башкы редактор. Эки ыр жыйнактын автору. “Өмүрдөн өрүлгөн ыргактар” ыр жыйнагына бир катар аттуу-баштуу сынчылар жогору баа беришкен.

– Нарынбек, сен өзү турган турушуң менен акын болсоң да, мен журналистикага бүт өмүрүмдү арнагандай, сен көп жылдар милиция кызматында иштедиң. Милициянын “бул жакка бас, ары жакка тур…” деген турмушу сенин эркиндигиңди кысып, ыр жаздырбай койгон жокпу?

– Эми, мен өзүмдү акынмын деп айтуудан кичине айбыгып турам. Жөн гана көпчүлүк кыргыздарга мүнөздүү болгон, ыр жазган, же ошону менен ооруган киши болсом керек деп ойлойм. Милицияда туура 25 жыл кызмат өтөдүм дегеним менен, анын 20 жылын өз кесибим боюнча, милициянын ведомстволук гезитинде иштедим. Ыр жазган адам кандай шартта болбосун жаза берет дечи. Бирок, чөйрөнүн таасири тийбей койбойт экен. Студент кезде чыгармачыл адамдар менен аралашып, сөзүбүз да, окуганыбыз да ошол адамдар, алардын жазгандары жөнүндө болуп, өзүбүз да шыктанып тураар элек да. Ал эми милициянын иши, кызыкчылыктары такыр башка болгондуктан, чыгармачылыктан чынында эле алыстай түшөт экенсиң. Бирок, баягы “Алыбай алына жараша” дегендей, жеке чыгармачылык менен алектенип, бирин-серин аңгемелерди жазып, ырды да мүмкүнчүлүккө жараша таштабаганга аракет кылдым. Эки ырлар жыйнагым жарык көрдү.

– Ар бир кесип ардактуу демекчи, милициянын турмушу сага эмне берди, эмнени алды?

– Негизи эле адамга оңой менен эч нерсе жакпайт эмеспи. Ошондон улам элде: “Колдо бар алтындын баркы жок” деп айтылса керек. Жакса да, өзүң толук ыраазы болбойт экенсиң. Мен деле кээде милиция кызматында иштебегенде кандай болот элем деп ойлойм. Бир жолу акын Бектуруш байке (Салгамани): “Бул жерде эмне иштеп жүрөсүң, чеч алдагы погонду, ыр жазган адам эркин жүрүш керек, кеттик Россияга, гезит сатсак да оокат кылабыз. Ошондо ырларың мындан да курч, мындан да окумдуу чыгат” деп атпайбы. Раматылык Алик Акималиев да “жүздөшүп” калганда “ыр жазган киши милицияда иштебеши керек, бекер жүрөсүң” деп калчу. Мындай пикирлерди чыгармачыл чөйрөдөгү тааныштарымдан көп эле уктум. Анан: “жазгандарым элдин купулуна толбойт экен да” деген ойдо жазбай да койгон учурларым болду. Бирок, өкүнбөйм. Утушум да, уттурганым да болду. Ушундан улам:

…Издегеним таппадымбы, таптымбы,
Таптап келем таманымда от жолду.
Бирде кармап алган менен бактымды
Андан кайра, жоготконум көп болду… – деп бир жаздым эле.

 – Тартип, эреже менен жүрүп калган адам ырды да убакыт сааты менен жазаар? Ырды кай убакта жазасың.

– Илхам эч кандай тартипке, убакыт саатка баш ийбейт эмеспи. Кайсыл учурда келсе, ошол учурда жазыла берет. Айрыкча алыс жолдорго чыкканда, жолдо баратканда көбүрөөк эргүү алам. Жакшы ойлор келет дегендей. Анан көбүнчө ырды түшүмдө жазам. Ошол ырдын эки же төрт сабын эсимде сактап калганга аракеттенем. Эгер ойгонуп кетсем жазып коём. Эртеси аны улантып жазам. Көп учурда түшүмдө жазган ырларымды эртеси эстей албай калган учурлар көп болот.

– Турмуштан өз ордуңду таптыңбы, поэзия дүйнөсүнөнчү?

– Турмушта эл катары ордумду таптым деп ойлойм. Өзүм жактырган кесипте иштедим. Үй-бүлө, турмушумду жолго койдум дегендей. Ал эми поэзия дүйнөсүнүн эшигин азыр деле издеп жүргөндүгүмдү моюнума алам.

– Сени эмнелер сүйүндүрөт, эмнелер күйүндүрөт?

– Сүйүнткөн нерселер да көп, күйүнткөн нерселер да жетиштүү. Бул экөө болбосо ыр деле жазылбаса керек.

– Турмушка кандай карайсың? Акындын жүрөгү мененби, же карапайым адамдын көзү мененби, же тартип сактоочунун позициясынанбы?

– Жакшы суроо экен. Азыр үчөө менен тең карайм. Жаш кезимде апам: “аябай ишенчээксиң, ушунуңдун азабын тартасың го” деп кейип калчу. Кайгырган, ыйлаган адамдарды көрсөм кошо кейип, кайырчы көрсөм, тескери бурулуп өтүп кете алчу эмесмин. Иштеген ишиң аябай эле таасирин тийгизет экен. Бир окуяны айтып берейин. Мен милицияга кызматка кирген күнү эле жетекчим бир арызды карматып: “Ушуну менен иште”, – деп калды. Арыз жазган адам норка тумагын уурдатып жибериптир. Норка тумак аябай мода болуп турган кез. Мен арыз ээсинин шек санаган адамдарын кармап келип, сурай баштадым. Алардын бирин жакшы таанычумун. Менден улуу байкелер. Жалдырап, ак экендерин, уурулук кылбагандарын айтып, актанып жатышты. Түш болду. Эмне кылаарымды билбейм. Ошондо көп жылдар милицияда иштеген эки кесиптешим келип, баягы үч шектүүнү сурап, актангандарына караманча эле ишенишпей, ур-тепкиге алып, анан камап коюшту. Мен чырылдап ортого түшөм. Тигилер: “Сен минтсең иштей албайсың”, – деп күлүшөт. Менин үчөөнө боорум ооруйт. “Чын эле милицияда иштей албайм го”, – деген ой кетти. Анан кечке маал үчөөнү алып чыгып: “Тумакты кайтарып бергиле, иш козгобойбуз”, – деп кетиришти. Айткандай эле эртең менен арыз жазган киши тумагын кийип алып келди милицияга. “Үчөө тең туугандарым болот. Тумагымды алып келип беришти. Кечирип койгула”, – деп өзү адвокат боло баштады. Мындай окуялар көп болду. Анан адамдарга дебейм, ууруларга кайдан ишенесиң. Бирок, дагы деле ишенчээктигимден бармагымды тиштеген учурларым көп.

– Ырды кай мезгилден жаза баштадың? Кимдер түрткү болду, эмнеден улам ыр жазып калдың?

– Биринчи жолу эмне жөнүндө жазганым эсимде жок. Бирок, 6-класста окуп жүргөндө географиядан берген Жети Балкыбекович деген агайдын сабагынан жазган үч куплет ыр эсимде.
“Жүрүп жаткан кези эле,
Жети агайдын сабагы.
Билбей калган балдардын
Бирин койбой сабады.
Таяк жеген Сарынын
Түрүн көрүп чочудум.
Тапшырмасын агайдын
Жанталашып окудум.
Мага кезек келатат
Эми кайда жашынам.
Жети агайдын чоң колу
Кайып өттү башыман”, – деп. Ал кезде мага Жети агай аябагандай каардуу сезилчү. Баарыбыз коркуп турчубуз. Ошол учурда “Манас” эпосун, болгон кенже эпосторду толук окуп чыгып, “Курманбекти” башынан аяк жатка айтып, “Манасты” жаттап, манасчы болом деп ойлочумун. Таятамдын бир тууган агасы Иса Жумабек уулу белгилүү манасчы болгон. Таятам өзү да куюлуштуруп сүйлөп, элдик оозеки чыгармаларды мыкты айткан киши эле. Ошол адамдардын таасири болсо керек деп ойлойм. 7-класста окуп жүргөндө “Жаш ленинчил” журналына он чакты ырларымды жөнөтсөм, “Мугалим” деген ырым жарык көрдү. Ошондон баштап ал журналды, райондук, облустук гезиттерди окшошсо окшошпосо дагы ыр менен “штурмга” ала баштадым.

– Сынчылардын сен тууралуу жазып жүргөнүн окуйсуңбу? Сени мактоо кызыктырабы же сынбы?

– Сынчылар көңүл бура тургандай ырларды жаза элек болсом керек деп ойлойм. Бирок, адабиятчы Нурзат Казакованын жазган макаласын окудум. Радиодон талкуулап жакшы баа беришкенин уктум. Мактоо кимге жакпайт. Ал эми чыгармачылыкка чындап сүңгүп кирүү үчүн айтылган сындын мааниси чоң болуш керек. Сын адамды чыйралтат, каталарыңды оңдоого чоң салым кошот. Андыктан сын айткандарды туура кабыл алам.

– Сен үчүн поэзия эмине? Хоббиби, же жашоо образыбы?

– Ушул жөнүндө ойлонбоптурмун буга чейин. Хобби деп айта албайм. Бирок жашоодогу максаттарымдын негизги бутактарынын бири деп ойлойм.

– Адабий чыгармаларды үзбөй окуп турасыңбы? Кимдерди улам кайталап окугандан тажабайсың? Прозаны көп окуйсуңбу, же ырдыбы?

– Негизи бала кезимен эле тарыхый чыгармаларды калтырбай окуганга аракет кылам. Айрыкча Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Келкел” чыгармаларын кайталап окугандан тажабайм. Белгилүү жазуучулардын прозаларын тандап окуйм. Ырларды болсо кичинемден эле көп окуйм, көңүлүмө жаккандарын жаттап, дайыма кайталап окуган адатым бар.

– Адабиятка келаткан жаш муун тууралуу кабарың барбы? Кимдерге баа бересиң?

– Мындан 10-15 жыл мурдагыга караганда азыр ыр жазган, жазганда да таасирдүү, мыкты жазган жаштардын жоон тобу келатканы кубандырат. Өздөрүн жеке тааныбасам да, жазган ырлары таасирленткен жаштар көп эле. Акбар Кубанычбеков, Сезим Толукбаева, Улукбек Омокеев дагы башка бир топторунун ыр ларын окуп жүрөм.

– Ыр кандай болушу керек, кандай убакта жазылышы шарт?

– “Жүрөктөн чыккан ыр гана жүрөккө жетет” деген керемет сөз бар го. Ошондуктан ар бир жазылган ыр окурмандын жүрөгүнө жетип, көңүлүн көтөрүп, ойго салып, жан дүйнөсүн кытыгылап турса демек мыкты ыр.

– Чыгармачыл чөйрө менен байланыштасыңбы? Өз муунуңдагы акындардан кимисине баа бересиң?

– Чынында, милицияда иштеген мезгилде чыгармачыл чөйрө менен байланышуум өтө сейрек болду. Бирок, чыгармалары менен тааныш болуп жүргөн акындардын ыр жыйнактарын, гезитжурналдарга, интернетке жарыяланган ырларын калтырбай окуйм. Чогуу окуп, чогуу жүрүп калган Барчынбек Бугубаев, Атахан Кожогулов, Майрамбек Ток торов, Нурлан Калыбеков, Элмира Ажыканова ж.б. көптөгөн акындардан сырткары бизден улуу байкелер Калчоро Көкүлов, Бектуруш Табалдиев сыяктуу бир топ акындардын ырларын өтө тасирленүү менен окуйм жана ырларын жогору баалайм.

– Улуттук адабият тууралуу көз карашың кандай?

– Улуттук деген статусу болгону менен учурдагы адабиятыбыздын абалы боор ооругудай экенин айтып эле келатышпайбы. Совет доорундагы кыргыз адабияты менен азыркы абалды салыштыруу кыйын болсо керек. Мурдагыдай чыгармачыл адамдарга көңүл бурулбай, жазгандары жарык көрбөй, өздөрүнүн күчү менен чыгарган китептери элге жетпей, адабиятта кризис болуп турат. Эми бул өткөөл мезгилдин желаргысы менен болуп жаткан утурумдук көрүнүш болуш керек. Учуру келгенде улуттук адабиятыбыз да жогору деңгээлге көтөрүлөт деген ишенич зор.

– Чыгармачыл өнөрканаңды билсек болобу? Үйдө отурганда көп иштейсиңби, же жумуштабы? Илхам кайсыл учурда келет?

– Ар кандай, жумуштабы, үйдөбү, жолдобу айтор кайсыл учурда жылт эткен ыргактар келе калган жерде жазыла берет. Негизи, иштеген ишиң чыгармачылыкка байланыштуу болсо, албетте жумушта деле жакшы бир ойлор келе калат. Милициядан пенсияга чыккандан бери “Кутаалам” басмасында башкы редактор болуп иштеп жатам. Чыгармачыл адамдар менен иштешүүнүн өзү эле кандай шык берет. Жасаган ишиң өзүңө жагып турса, жумушка майрамга бараткандай барат экенсиң. Илхам адамдын маанайына жараша келет эмеспи. Бирок, көбүнчө үйдө кечкисин иштеген адат болуп калгандыктан, үйдө отуруп жазган учурларым көп.

– Өзүңө жаккан ыр кайсыл? Сынчылар “Апакемдин шырдагы” ырыңды жактырышат, сагачы?

– “Ичтен чыккан ийри жылан” дегендей эле, жазгандарыңдын баары өзүңө жакшы сезилет да. Бирок, айрымдары “оорукчан балаңдай” болуп ойлонткон учурлары менде көп эле.

– Адам ырсыз жашаса болобу?

– Динсиз жашаса болоор балким, бирок ырсыз жашоо болооруна ишенүү кыйын. Себеби, ыр жазбай, ырдабай, эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албаган адам деле бирде болбосо бирде ыргактарды ичинен кайрып, кыңылдап ырдаарына толук ишенем. Мен өзүмдү аябай жакшы ыр жазбасам да, жакшы ырларды окубай, ыр укпай, андан ырахат албаган жашоомду элестете албайм.