Исаковду иш билги, иштерман дешти. Министрликтин иши оңолоор бекен?..

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Жаңы окуу жылынын башталышы менен билим берүү тармагындагы алешемдиктер коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өз ишин жеткиликтүү аткара албаган министр кызматынан кол жууган.

Сазга баткан бул тармактын жетекчилигине жалгыз талапкер Каныбек Исаков сунушталып, Жогорку Кеңештин элегинен өттү. Талапкердин иш таржымалы менен тааныштырган вицепремьер-министр А. Өмүрбекова Каныбек Исаков 2011-жылдан бери ОшМУнун ректору болуп келгендигин жана жетекчилик кызматка келгени инновациялык бир топ жаңылыктарды тажрыйбалап, көз карандысыз аккредитациядан өтүп, өсүштөргө умтулгандыгын, абитуриенттерди кабыл алуунун тартиби он-лайн ыкмасында ишке ашырылып жаткандыгы да иштин көзүн таба билген жетекчинин көрөгөчтүк жөндөмү экендигин белгиледи.

Талкуу учурунда депутат Алмазбек Токторов, — 120 миң киши иштеген татаал тармакка келип жаткан К.Исаковго кайрылып, ОшМУнун ишин өрнөктүү жолго салып койгон жетекчилик аракетине ыраазы болуп, окуу жайдын бюджети 1,5 млрд. сомго жеткендигин белгиледи. ОшМУ гана билим борбору эмес, маданий борборго, кала берсе Ош шаарынын бюджетин түзүүчү негизги структурага айлангандыгын айткан эл өкүлү “Чыныгы лидерлердин ишке келиши билим берүү тармагын алдыга сүрөйт”, – деди.

Депутат Акылбек Жапаров К.Исаковдун ОшМУдагы жетишкендиктерине токтолуп, ал окуу жайдан билим алган жаштар Кыргызстанды башкарууга толук мүмкүн экендигин айтып, Кыргызстанда мектептерди ким ачат жана окуу куралдарынын баарын өзү башкы редактор катары бекитүү керектигин, өз кезегинде И.Сталин ар бир китепти өз колу менен бекиткенден кийин гана чыккандыгын айтып, Сталин тапкан убакытты министр да таба аларын белгиледи.

ОшМУда окуган студенттердин ар биринин кыймыл – аракети, окуудагы жетишкендиги онлайн аркылуу ата-энелердин да, мугалимдердин да көз кырында турарын белгилеген депутат Ж.Акаев “ОшМУга К.Исаков жетекчилик кылган жылдары 5 млн. долларлык инвестиция тартылды. Бул соңку 2-3 жылдагы жетишкендик. Ушундай жетекчинин республиканын Билим берүү тармагын жетектөөгө келиши үмүт жандырат”, – деди.

Ал эми депутат Аида Касымалиева талапкерди эйфориядан алыс болууга чакырып, сазга баткан министрликтин ишин илгерилетип кетүүдө командалык жумуш керек болорун эске салды.

Ушул эле күнү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңеште өтүп жаткан “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий тажрыйбалык конференция кыргызга эмнеге керек деген суроо коюп, ага бир катар аргументтер менен жооп берди. Анын айтымында тил бул улутка таандык иденттүүлүк белги, эне тилибиз улуу кыргыз элинин башын бириктирген, сактап келген. Манас эпосун, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов баштаган жазуучуларыбыздын чыгармаларын, элдик оозеки чыгармаларды, жалпы эле кыргыз тарыхын, маданиятын, рухун түп-тамырына чейин сезебиз десек, анда аны бир гана кыргыз тили аркылуу сезүүбүз керек.

Ошондой эле министр бүгүнкү ааламдашуу маалында ар бир улут өзүнүн иденттүүлүгүн сактап калуу, жайылтуу үчүн күрөшүп жаткандыгына токтолуп, “мына ушундай күрөштө уттуруп жибербей башыбызды бириктирип, ушул күнгө чейин сактап келген эне тилибизге эми биз кызмат кылышыбыз керек. Министрлик бүтүндөй маданият жаатындагы продукциялардын баарын кыргыз тилинде бергенге күч жумшап жатабыз”, – деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шериповдун айтымында, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам берилет. Ал: “Келишим ратификацияланса, анын алкагында 9 млн. 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн жана анын 8 млн. доллары Баткен жана Нарын облустарына сугат суу жана альтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшаларын, ал эми калган каражатына абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу сатылып алынмакчы”, – деди.

Депутат Максат Сабиров токойчулардын маянасы 5800 сомдун тегерегинде калып, агенттик алардын кесибине көңүл бурбай жаткандыгын, токойчулукка отставкадагы милициялар дайындалгандыгын айтып, Токой чарба агенттигинин кадрдык саясатын сынга алып, каражаттар бөлүнгөнү менен натыйжа болбой жатканына токтолду.