Жалал-Абад: 26 жаштагы жигитти сабоого шектүүлгендер 2 айга камалды

9-сентябрда Жалал-Абад шаарында  1993-жылкы Б.М., аттуу Базар-Коргон районунун тургунунун сабоого шектелгендер кармалды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болжол менен 23.30дар чамасында Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» түнкү клубунун жанында болгон. Натыйжада Б.М., денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катары 1997-жылкы Сузак районунун А.Т., жана А.А., аттуу эки тургуну кармалып, эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк окуяга тиешелүү бар делген Сузак районунун дагы эки тургуну 1997-жылкы Т.У., жана 1997-жылкы С.А., атуу тургундары кармалып, 2 айга камакка алынган.

Жалал-Абад шаардык милициясы буга чейин кээ бир басылмалар жазган “шектүүлөрдүн арасында Сузак районундагы айыл өкмөт башчынын уулу бар” деген маалыматты четке какты.