“Көкбөрүчү” Бабасиевдин иши “көкбөрүгө” түшпөй, тыкыр иликтенсе…

“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору-башкы редактору Э.Балбаковго

Сиздин, “Кыргыз Туусу” гезитине 12.07.2019-жылдагы “Ак-Улакта” “көкбөрү тарткан” Бабасиевге мыйзам жокпу?” аттуу макалаңызда көрсөтүлгөн жагдайлар, дооматтар каралып чыгып, жыйынтыгы менен төмөнкүлөрдү билдирем.

Аталган макалада, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан “Центр Азия Уголь” ЖАКтын ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголгон 3 жазык иштер боюнча ар кандай дооматтар көрсөтүлгөн, анын ичинен 2 жазык иш КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 1 жазык иш өндүрүштөн кыскартылган жана 1 жазык иши боюнча бүгүнкү күндө тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Атап айтканда, макалада биринчи мисал катары көрсөтүлгөн 307-17-0002 сандуу жазык иш боюнча азыркы учурда “Центр Азия Уголь” ЖАКтын салык кызматынын үстүнөн жазган доо арызы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралууда жана тиешелүү адамдар кайра кошумча суралып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Экинчи мисал катары көрсөтүлгөн 03- 306-2019-000020 сандуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгы менен 23.07.2019-жылы КРнын ЭКККМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 26-ст. 1-б. 2-п. негизинде кыскартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

Аталган өндүрүш иши Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окулуп, жыйынтыгы менен 23.07.2019-жылдагы жазык ишти өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө кабыл алынган чечим негиздүү жана мыйзам талабына ылайык кабыл алынгандыгы аныкталган.

Ал эми 3-мисал катары көрсөтүлгөн 301- 18-0003 сандуу жазык иш боюнча тергөө аракеттери КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.

Эгерде, сиз кабыл алынган чечим менен макул болбосоңуздар жогору турган прокурорго же сотко кайрылууга укугуңуздар бар экенин билдиребиз.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары К.Токтогазиев

Прокуратура г.Бишкек Директору издательского дома “Кыргыз Туусу” Балбакову Э.Т.

Прокуратурой г.Бишкек Ваше обращение от 18.07.2019 года с приложенной статьей С.Байгазиева, Т.Максутова и др. о незаконной деятельности генерального директора ЗАО “Центр Азия Уголь” А.Бабасиева и учредителя ЗАО А.Бешкинской и о необъективности следователей СО ГУ ГКНБ по г.Бишкек в расследовании уголовного дела №301-18-0003, возбужденного в отношении А.Бабасиева, рассмотрено.

Сообщаем, что указанное уголовное дело №301-18-0003, по результатам расследования, постановлением старшего следователя по ОВД СО ГУ ГКНБ Кыргызской Республики Шадыбекова А.К. от 27.06.2019 года, было прекращено на основании ст. 26 ч. 1 п. 2 УПК Кыргызской Республики.

Прокуратурой г.Бишкек материалы данного дела изучены и установлено что данное решение следователя от 27.06.2019 года о прекращении уголовного дела является необоснованным, в связи с чем оно, 31.07.2019 года отменено, уголовное дело для дальнейшего расследования направлено в СО УГСБЭП при ПКР по г.Бишкек. В настоящее время по делу ведется следствие.

Зам.начальника отдела У.Калыков

Редакциядан: Өлкөнүн Башкы прокурору Ө.Жамшитовго жолдонгон “Ак-Улакта” “көкбөрү тарткан” Бабасиевге мыйзам жокпу? (2019-ж. 12-июль, №52(24348)) аттуу макалага Нарын облустук прокуратурасынан жана Бишкек шаардык прокуратурасынан жогорудагыдай мазмундагы жооптор келди. Ал жооптордон “иш кыскарды, тергөө жүрүп жатат” дегенден башка оңгулуктуу маалымат алуу, даттануучулардын арыз-муңу канааттандырылабы же тергөөнүн “мойну” узарып отуруп, күндөрдүн бир күнүндө кыскарып кетеби, муну айтуу кыйын.

Окурмандардын эсине сала кетсек, Башкы прокурор Өткүрбек Асылбековичке кайрылган арыз-муңда даттануучулар “Центр Азия Уголь” ЖАКтын генералдык директору Бабасиев Абдрахман Селимовичтин жана “Центр Азия Уголь” ЖАКтын уюштуруучусу Бешкинская Алла Юрьевнанын мыйзамсыз ишмердигин өз көзөмөлүнө алуусун сурануу менен, мыйзам чегинде чара кабыл алуусун өтүнгөн.

Гезитте жарык көргөн кайрылууда: “Бабасиев А.С. жана Бешкинская А.Ю. укук коргоо органдарындагы жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү, ошондой эле өздөрүнүн сот системасындагы коррупциялык байланыштарын пайдаланып, шектүү жолдор менен мурда “Ак-Улак тилкеси” МАКтын ээлигиндеги, Жумгал районунун Миң-Куш кыштакчасында жайгашкан Кыргызстандагы ири көмүр кенине ээлик кылып алышканы”, “Центр Азия Уголь” ЖАК өзүнүн экономикалык ишмердигин Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын пайдалануу аркылуу жүргүзүп жатса да, ири өлчөмдө салыктан качып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экени, алар мамлекетке гана эмес, акча каражаттарын жумшап, көмүр казуу жана ташуу боюнча кызмат көрсөткөн ондогон ишкерлерге да зыян келтиргени, натыйжада ишкерлер үч жылдан бери төлөнгөн жана иштеп тапкан 16 млн. сомун ала албай келатышканы” айтылган.

Бул өтө чоң айыптоо. Прокуратура органдарынын кызматкерлери агын ак, карасын кара деп тактап, тыкыр териштирип, редакцияга жообун берип коет деген ойдобуз.