Талибан менен «тамашалашкан» АКШ, тараза ташы кимге оойт?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Ооганстан боюнча АКШ менен Талибандын сүйлөшүүлөрү токтотулганы маалым болду. Буга себеп талибдердин жардыруу уюштуруусу болгон. Мындан улам аймактагы абал курчуп кетүү ыктымалдыгы айтылууда. Талибан менен “тамашалашуудан” дүйнөлүк жана регионалдык державалардын тараза ташы кайсы тарабыныкы оорлой турганы учурда кызуу талкуу жаратууда. Анткени, буга чейин дүйнөлүк державалардын бири Россия да талибдер менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөзгөн жайы бар.

Согушту токтотууга тоскоол болгон теракт

5-сентябрда Кабулдун элчиликтер, өкмөттүк мекемелер, НАТОнун жергиликтүү өкүлчүлүгү жайгашкан районунда дүрмөттөлгөн машине жарылып, анын айынан 12 киши каза таап, америкалык бир жоокер окко учкан. Кан төгүү үчүн жоопкерчиликти Талибан кыймылы моюнга алды. Бул окуя АКШ менен Талибандын ортосунда бир нече убактан бери жүрүп келе жаткан сүйлөшүүлөрдүн токтоосуна алып келди. Дохадагы Талибан жана АКШ администрациясы ортосундагы сүйлөшүүлөр 2018-жылдын октябрынан бери жүрүп келүүдө. Бирок расмий ачык сүйлөшүүлөргө улай эле АКШ президенти жашыруун жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенген. Ал жолугушуу АКШ президентинин шаар сыртындагы резиденциясында өтмөк болуп, өтө жашыруун даярдыктар көрүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн максаты 18 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу болгон. Бир нече күн мурда 8-айлампа аяктап, макулдашууга жалпы жонунан жетишилгени кабарланган. 2-сентябрда Вашингтон 5 миңдей жоокерин Ооганстандан чыгарып кетерин, 135 күндүн ичинде беш базасын жабары маалымдалган. Бул үчүн согушкер топ «алардын көзөмөлүндөгү бир да аймак келечекте Кошмо Штаттарга же анын өнөктөштөрүнө чабуул коюуну көздөгөн терс күчтөр, согушкерлер баш калкалаган жайга айланбайт» деген шартка макул болуп, жоопкерчилик алары айтылган.

Талибдер бейшемби күнкү жардырууну моюнга алгандан кийин, бул кадам аша чабуу экенин айткан Трамп сүйлөшүүлөрдү токтотуу боюнча чечим алганын белгилеген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Биз элчи Залмай Халилзадды Вашингтонго чакыртып алдык. Бир нече айдан бери маселенин үстүнөн иштеп келдик, президент Ашраф Гани баштаган улуттук биримдик өкмөтү, Талибан менен да олуттуу прогресске жетишкенбиз», – деп 8-сентябрда «Fox News» телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Дүйнөлүк саясаттагы тараза ташын тайсалдаткан талибдер

Трамптын тынчтык сүйлөшүүлөрдү токтотуу тууралуу чечиминен кийин Талибан билдирүү жасап, бул кадамдын арты АКШ үчүн олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертти. Дүйшөмбүдө АКШнын генералдарынын бири талибдер менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин, Ооганстандагы жоочуларга каршы туруу үчүн америкалык аскерлердин активдешүүсү мүмкүн экенин айтты. Белгилей кетсек, бул өлкөдө АКШнын 14 миңдей аскери жана 8000 миңдей НАТО аскерлери бар. Ооганстандыктар АКШ-Талибан келишими күрөш менен келген эркиндикке коркунуч жаратышы ыктымал деп кооптонуп жатышкан болчу.1996-жылдан 2001-жылга чейин талибдер Ооганстанга катаал мыйзамдарды киргизип, өлкөнү теологиялык жол менен башкарууга аракет кылып келишет. Талибдер менен сүйлөшүүлөрдү бир эле АКШ жүргүзүп жаткан эмес. Алсак, Орус бийлиги дагы көптөн бери Талибан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Талибдердин делегациясы Москвага үч жолу келип кеткен. Эксперттердин айтымында, Россия бир нече жылдан бери Ооганстандагы тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө катышып жатканынын себеби, ал региондо таасирин арттыргысы келет. АКШ бийлиги менен “Талибандын” согушту токтотуу аракетинде жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрүнүн токтошу менен, негизи эле аймактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн абалды колго алуу мүмкүнчүлүгү Россияга өтүшү толук ыктымал. Бул Россиянын кызыкчылыктарына дагы төп келет. Себеби, Россиянын ЖККУ боюнча союздаштары Ооганстан менен чектеш. Ал эми ал өлкө аркылуу ар кандай идеология, террордук топтордун бул аймакка агылуусу бүтүндөй аймактын коопсуздугуна таасир этиши толук ыктымал. Бул жагдайдан алганда Ооганстандагы абалдын турукташуусуна АКШга караганда Россиянын кызыкчылыгы көбүрөөк экени талашсыз. Албетте, Ооганстандын ичиндеги “оюнчулар” да өз ара консенсус табуу жолу менен өлкөдөгү, анын арты менен аймактагы абалды туруктуулукка алып келүү мүмкүнчүлүгү бар эле. А бирок Талибан өлкөнүн расмий бийлигин АКШнын “куурчагы” катары сыпаттап, алар менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып келет. Абалды жөнгө салуу үчүн тышкы кийлигишүүдөн башка жолу калбагандай. Ошондуктан АКШ бул мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберсе, башкаларга мүмкүндүк бериши зарыл. Ошондой эле региондун мамлекеттери дагы кызматташуусун күчөтүшү керек. Алсак, Индия, Пакистан, Иран жана Сауд Арабия сыяктуу регионалдык оюнчулар дагы бири-бири менен мунаса табуусу өтө маанилүү.