Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдар акыйкат издейт…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


9-сентябрда, “Кыргыз Туусу” гезитине, акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кайрылышып, бизге чейин КРнын Акыйкатчысы Токон Мамытовго кайрылышканын айтып, арыз-армандарын айтып кетишти. Акыйкатчы акыйкатты ойлосо, кайрылууга кайдыгер карабастыр, биз өз кезегинде, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилигине акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын коомдук бирикмесинин арыз-муңун жеткирип коюуну туура таптык.

Маселенин төркүнү мындай. Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын коомдук бирикмесинин билдиргенине караганда, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду каржылоону кыскартканына байланыштуу республикалык психикалык ден соолук борборунун күндүзгү стационары сентябрь айынын аягынан биротоло жабылуу алдында турат. Бул туурасында 3-сентябрда жума сайын өтүүчү 5 мүнөттүк кеңешмеде РПДСБнын директору У.Исмаилов күндүзгү стационардын биротоло жабыла турганын айткан. Аталган борбордун күндүзгү стационарынын кызмат көрсөтүүсүн пайдалануучулар – акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдар буга караманча каршы. Күндүзгү стационардан дарылангандардын саны 100гө чукул болсо да, ушул жылдын июль айында бөлүмдү ансыз да 50 орунга кыскартышкан экен. Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын коомдук бирикмеси психиатриялык кызмат көрсөтүүчү күндүзгү стационарга альтернатива жок, бул бөлүмдү сактап калуу керек, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду РПДСБнын күндүзгү бөлүмүн каржылоону ачышы керек, мындан мамлекет да утат, себеби, РПДСБнын жабык бөлүмүн каржылаганга караганда, күндүзгү бөлүмдү каржылоо азыраак каржыны талап кылат, акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдар үчүн да ыңгайлуу деп эсептейт.

Айтымда РПДСБда терезелери темир менен тосмолонгон 6 бөлүм бар. Анда (үчөө эркектер бөлүмү, үчөө аялдар бөлүмү) оорусу күчөп, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө жана өзүнө коркунуч келтире турган абалдагыларга психиатриялык кызмат көрсөтүлөт. Бул жакта жатып дарыланып жакшы болгондор кийин күндүзгү стационардан реабилитациядан өтүп келишкен. Эми күндүзгү стационардын жабылышы – акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандар көчөдө калат дегенди билдирет жана алардын жеке менчик психикалык борборлордун кызмат көрсөтүүсүнөн пайда ланууга алып келет. Мындай жагдай акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандардын оорусунун күчөшүнө, анын өзү өз кезегинде темир тор менен тосмолонгон жабык бөлүмгө жатып калышына алып келиши ыктымал. Бизге арыз менен кайрылгандардын айтымында, РПДСБнын терезелери темир менен тосмолонгон бөлүмдөргө соо киши жатса ооруп калышы толук ыктымал. “Ал жак биз үчүн түрмөдөн да жаман, ал жакта берилген дарыларды ичкенде, акыл-эс тумандайт, өзүңөн өзүң кыжалат болосуң, кыжырың келе баштайт, адамдык касиетиңди жогото баштайсың” дешет. Ал эми жеке менчик психикалык борборлордун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга бардык эле акыл-эсинен жабыркагандардын мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Анткени, алардын бардыгы эле айлык маянасы чоң кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Мамлекет тарабынан акыл-эс саламаттыгынан жабыркаганы үчүн берилген 2500 сом пособие жеке менчик борборлордун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууга жетпеси айтпаса да түшүнүктүү.

Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын бирикмесинин билдиргенине караганда, РПДСБдын күндүзгү стационары жабыла турганына Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо саясаты күнөөлүү. Буга ылайык, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду РПДСБнын күндүзгү стационарын каржылоону кыскартып салган.

Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдар арыз-арманын айтып отурса, жанына чыдап отура алгыдай эмессиң. Табияттын минтип акыл-эсинен майып кылып салганы аз келгенсип, акыл-эс саламаттыгы чың саламаттык сактоо министрлигинин акыл-эске сыйбаган саясатын угуп, РПДСБ жетекчилерине кайрылып, маселенин чоо-жайын билгенге аракет кылдык. Аталган борбордун тиешелүү жетекчилери Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо тармагында оптималдаштыруу саясатын жүргүзүп жатканын, мына ушул саясатка ылайык сентябрдын аягында РПДСБнын күндүзгү стационары жабыла турганын айтып, азырынча бул долбоор экенин кошумчалашты. КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду күндүзгү стационарды каржылоону капкачан эле токтотуптур.

Биз борбордун жетекчилигин жана анда иштеген врачтарды, катардагы санитарларды түшүнүп турабыз. Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын аларга эч кандай нааразычылыктары жок. “Эгер, РПДСБдагы күндүзгү стационар жабылып, саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо тармагындагы саясатка ылайык, жер-жерлердеги ҮБДБдан дарылануудан өтүп калсак, алар бизге РПДСБдагыдай кызмат көрсөтө алышпайт. Анткени, ҮБДБларда бизге кесипкөй кызмат көрсөтө ала турган тиешелүү адистер, психологдор, психиатрлар жок дешет” алардын өкүлдөрү. Жержерлердеги ҮБДБларда кесипкөй психиатрлар жок экенин РПДСБ да моюнга алат. Бул эң жөнөкөй нерсеге акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандардын деле акылы жетип турат. Анда акыл-эстүү саламаттык сактоо министрлиги артка кетенчиктеп, РПДСБдагы күндүзгү стационарды жаап, бар нерсени жок кылып, талкалагысы келип жатат?

Министрлик саламаттык сактоо реформасын жасагысы келгенине, саламаттык сактоо тармагында оптималдаштыруу жүргүзүп жатканына каршы эмеспиз. РПДСБнын күндүзгү стационар бөлүмү жоюлуп, анын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалангандар ҮБДБнын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланганда эле, саламаттык сактоо тармагы оптималдашып, реформа жүрүп кетеби? Арийне, жок. Акылэс саламаттыгынан жабыркаган, коргоосуз 100 адам көчөдө калат. Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн “бөрк ал десе баш алган” саясаты менен КРнын «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» мыйзамын бузуп, акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандарга психиатриялык жардам көрсөтүп, алардын укугун коргоого кепилдик берүү ордуна аны бузууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бул маселени жакынкы күндөрдөгү күн тартибинде карашы керек. Себеби, мыйзам бузулуп жатат, болгондо да акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдардын укугун коргогон мыйзам бузулуп жатат.

Өз кезегинде, саламаттык сактоо министрлиги РПДСБдагы күндүзгү стационарды жабууну максат кылган, мыйзамга каршы келген жана акыл-эске сыйбаган саясатынан баш тартууга тийиш. Реформага жамынып, бүтүлүү нерсени бүлдүрүп отуруп, чекебизге мүйүз чыга элек, саламаттык сактоо тармагындагы бардык көйгөйлөр жалгыз ушул РПДСБдагы күндүзгү стационарды жабуу менен чечилип калбайт.

Акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандар үчүн РПДСБдагы күндүзгү стационар психиатриялык кызмат көрсөтүүчү гана жай эмес, бул жер алар үчүн бири-бири менен сүйлөшө ала турган, өз ара жардамдашкан, бири бирин соороткон, көңүлүн көтөргөн жай. Алар бул жерден өздөрүн толук кандуу адам катары сезишет, психиатр, психолог врачтар, социалдык кызматкерлер менен сүйлөшүп, кесипкөй кеңеш алышат. Эгер, бул жай жабылса, алар мына ушул бири бири менен жаш баладай баарлашкан кичинекей кубанычтарынан ажырайт. Бул эң жөнөкөй, эки жерде эки төрт дегендей эле нерсе. Министрликтин акыл-эстүү саясаты акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандарды ошол кичинекей кубанычынан ажыратканы турат. А акыл-эс саламаттыгынан жабыркагандар калктын эң аялуу катмары экенин, алар көп учурда өздөрүн өздөрү коргоп калууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин айтып отуруунун кереги жок.

Акыл-эс саламаттыгы начарлаган адамдар РПДСБнын жабык бөлүмүндө дарылангылары келбейт. Алар элге аралашып, эл катары жашоонун ырахатын көргүсү келет. Бул үчүн аларга көп нерсенин деле кереги жок. РПДСБдагы күндүзгү стационарды калтырып коюу жана аталган бөлүмдү КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду каржылап турганы эле жетиштүү. Болбосо, ҮБДБларда РПДСБдагыдай шарт жок болсо, алардын депрессияга түшүп, темир тордун артындагы жабык бөлүмгө жатып калышы бат эле. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилиги акыл-эстүү чечим кабыл алат, калпыс кадамга барбайт деген ишеничтебиз.