Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Талас облусунда 16-сентябрда биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары башталды

Оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р. Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча — «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Р. Алканов атындагы ат майданда бүгүн саат 16:00дө көк бөрү боюнча мелдеш башталып, анда Ош жана Нарын облусунун командалары беттешет. Көк бөрү боюнча жалпысынан 9 команда оюн көргөзөт: 7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары.

Белгилүү болгондой, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт.

Эске сала кетсек, улуттук көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ар бир облусунда жыл сайын өткөрүлүп турат.