Коррупция менен күрөш эсебине кезектеги миллиондор которулду

кономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке  11 миллион 929 миң 681 сом которду. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кызмат атайын эсепке жалпысынан 807 миллион 418 миң 287 сом которгон.

Ал эми Башкы прокуратура ушул эле бирдиктүү эсепке 17 млн. 182 миң 970 сом 74 тыйын которду. Натыйжада бул мекеме бирдиктүү эсепке жалпысынан 536 млн. 445 миң сом которгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылы коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылган. Андан бери аталган эсепке коррупциялык иштерден өндүрүлгөн 1 млрд. сомдон ашуун каражат которулуп, социалдык обьектерди курууга жумшала турганы айтылган.