Жаңы айкел элдин сынына коюлду

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов ушул жылдын 8-сентябрында өзүнүн “Фейсбук” баракчасына: “Урматтуу ФБдагы достор жана С.Чокморовдун таланты менен сыймыктанган миңдеген кыргызстандыктар, кээ бир аттуулар: “Худсоветтен» мына эми бүттү деп бекитмейинче эч бир адамга көрсөтпө, сөз менен жаман көз тиет”, — деп суранышты эле. Бирок мен силерге ишенип, көпчүлүктүн ой-пикирин билейин деп талкууңарга салдым”, — деп кыргыз кереметин жараткан актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкелинин сүрөтүн жарыялап, учурда айкелге карата пикирлер айтылууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 9-ноябрында, тактап айтканда, Чокморовдун 78 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин ачылышы болгон. Бул 600 килограммдык эстелик Россияда жасалганы жана ага 3 млн. сомго келишим түзүлгөндүгү, скульптура колодон жасалып, узундугу 3 метрди түзөрү жана автору – Таллин көркөм сүрөт институтунун бүтүрүүчүсү, скульптор Алмаз Кожегулов экени айтылган.

Өкүнүчтүүсү, канча убактыттан бери күттүрүп коюлган айкел орнотулары менен эле сынга алынып, маркумдун туугандары жана коомчулук анын Чокморовго окшошпой калганын айтып чыгышкан жана 2018-жылдын башында көркөм кеңеш айкелди алмаштыруу чечимин кабыл алган.

Ошондон кийин жаңы айкел үчүн сынак жарыяланып, кыргыздын сыймыктуу уулу Сүймөнкул Чокморовдун айкелин тургузуу үчүн жалпысынан 18 скульптордун 27 эмгеги сунушталып, бирок сынак кайра да узартылып, соңунда Азамат Абдрахмановдун эскизи жактырылган.

“Жөжөнү күздө санай” турган убакыт келип, эски айкел алынып салынып, ордуна коюлчу жаңы айкелди коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жатканда, С.Абдрахманов минтип, элден пикир сурады. Учурда “кеңешип кескендин бармагы оорубайт” болуп, кайдыгер эмес мекендештер өз пикирлерин, сунуштарын айтышууда.

“Беш миң сомдогудай, анан да «кыргыз өңү Сүймөнкулдун “сүрүндөй» деген элес бул айкелде көрүнбөй турат”, – дейт ошол эле автор талкууга койгон баракчага пикир калтырган Шаршенаалы Кабатегин.

“Кичине көзү жана оозу окшошпой калыптыр. Чокморовдо сулуулук жана чечкиндүүлүк бар, ал эми айкелде көз караш жоош, момун болуп көрүнөт экен. Баары бир көзү окшошпой турат. Алыстан караганда окшоштук бар, бирок жакындан окшоштура албадым. Кечирип коюңуз”, – деген пикирин калтырган Жумагуль Тентиева.

“Жакшы болуптур, азаматсыз, бирок дагы кичине иштеш керек го”, – деген сунушун айткан Рысбек Бекжанов.

Каалоо, сунуш айткандардын айрымдары – айкелдин көзүндөгү момундук жана муңайымдык менен макул болбой, Сүймөнкулдун көзүндө чечкиндүүлүк, даанышмандык болгондугун талап кылышууда.

“Сүймөнкулдун бала кезинен досу Абдрай Осмонов, бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов, Мар Байжиев жана башкалар конкурска келип сын айтып жатышты жана оңдогонго жардам беришти. Ооба, азырынча кубанууга эртерээк. Анткени, азыр сиздерге айкелдин ылайдан жасалган гана эскизин көрсөттүк”, – дейт пикирлер арасында Сагынбек Абдрахманов.

Эстеликке кубанып: “Мурдагы эстеликти тезинен алмаштыргылачы, деги эле Чокморовго окшобойт. Мына, айкел деген ушундай болуш керек. Автордун колуна береке”, – деген ыраазычылыктар, алкоолор дагы аз эмес.

Мындай пикирлерге С.Абдрахманов: “Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бирок али да кубанууга эрте”, – деген жообун айтууда.

Кудай буюрса, 9-ноябрга чейин дагы кенен убакыт бар. Азырынча, элдин каалоотилектери жана сунуштары менен эсептешип, эмгектенип жаткан Азамат Абдрахмановго ийгилик каалайлы.