Апас ЖУМАГУЛОВ: «Өлкөбүздү өнүктүргөн даанышман жетекчи»

…Кыргызстан жана Усубалиев. Экөөнү бири-биринен бөлүп кароого болбойт. Турдакун Усубалиевдин учурунда Кыргызстан ар тараптан өнүккөн. Муну элибиз жакшы билет. Ошол мезгилде өлкөбүздөгү зор иштерди бүткөрүүнүн демилгечиси жана ишке ашыруучусу болгон Турдакун Усубалиев менен бирге иштешкен, совет доорунда да, өлкөбүздүн эгемендик мезгилинде да өкмөт башчы кызматын татыктуу аткарган Апас Жумагулов өзү жогору баалаган улуу адам жөнүндө кеп учугун мындайча баштады.

– Баркы, адамдык касиети бийик адам болчу. Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин акылмандыгы, даанышмандыгы, иштермандыгы, кажыбас кайраты баарыбызды суктандырчу.

Ушул өтүп жаткан жылыбыз, 6-ноябрь Кыргызстандын тарыхында кала турган өзгөчө мезгил, унутулгус күн. Өлкө Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун жарлыгы, жакшы баа берүүсү менен мамлекеттик ири ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, дээрлик 25 жыл элибиздин башында туруп, өчпөс, унутулгус эмгегин сиңирген, Республиканын материалдыкэкономикалык базасын реалдуу түрдө түзгөн Турдакун Усубалиевдин туулгандыгынын 100 жылдыгына байланыштуу иш-чаралардын улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгы көпчүлүктү кубантууда. Көп жылдар бою жогорку кызматтагы кандай гана жетекчилер менен иштешсем да, Турдакун Усубалиевич менен катарлаш, тыгыз байланышта эмгектенген он эки жыл мен үчүн өзгөчө жылдардан болду. Ушунча мезгил ичинде көп тармактарды жетектеп жүрүп, бул кишиден бир катуу сөз уккан жокмун, бирөөнү жемелеп, катуурак какканын, орой сөз менен сөзүн токтотконун көргөн жокмун. Кыйын учур болуп, жетээр жерине жетип калганда, башын көтөрүп, столдогу карандаштарын колуна алып, тике карап эле койчу, “сенин колуңан келеби?” дегенсип… Өзгөчө чоң жыйындарды өткөргөндө, канча киши отурса да баарынын пикирин угуп, анан гана өз чечимин шашпай, ушунчалык бекем түрдө жеткире жыйынтыктачу эле. Эң аягында, “ушундай болсун” деп гана койчу. Кээде өтө орчундуу иштер, татаал техникалык маселелер жаралып, бирөөлөрдүн пикирин угуш зарыл болсо, бир нече кишиге тапшырып, ар тараптан карап, «баланча күндө сунуш киргизгиле» дечү. Билимдүү, акылдуу киши гана чыдамкай болот, ишти мыкты жүргүзө алат. Менин таң калганым, кандай гана маселе болбосун, өзү ошол ишти мурунураак изилдеп, таанышып көрүп, анан талкуулоого алып чыкчу. Турдакун Усубалиевич Борбордук комитеттин секретариатына, аппаратка, бирге иштегендерге, баарыбызга ар дайым үлгү көрсөтчү эле. Талыкпай иштеген мээнеткечтиги, жоопкерчиликтүүлүгү, тазалыгы, даанышмандыгы, элимжерим деп күйүп-бышып, ушуга бүт дүйнөсүн бергендиги таң калтырчу.

– Бир мезгилде көзгө анча толо бербеген Фрунзени, же азыркы Бишкекти таанылгыс кылып өзгөртүүгө да Турдакун Усубалиев себепчи болгон эле. Ал кезде сиз партиянын Борбордук комитетинин өнөр жайы боюнча катчысы элеңиз, бул иштердин бүткөрүлүшүн түздөн-түз жетектеп келдиңиз, баары эсиңизде болсо керек…

– Жылдар өткөн сайын Бишкек шаарыбыздын борборунда (Султан Ибраимов көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин) түзүлгөн, курулган аянттар, музейлер, министрликтердин имараттары, өкмөт үйү, улуттук китепкана, театрлар, спорт двореци, “Айчүрөк” универмагы жана башка көптөгөн маанилүү имараттар, эстеликтер шаардын архитектуралык көркөмүн көтөргөндөн көтөрүүдө. Чет элдик меймандардан: “Ушундай кооз борборуңар бар экен” деген жылуу сөз угуп, бишкектиктер сыймыктанбай койбойт болсо керек.

Борбор шаарыбызды кайрадан куруп, көрктүү, жашыл бакдарактуу, ыңгайлуу борборго айланткан, келечегин, көп жылдарга, кылымдарга десем деле болот го, түзгөн Турдакун Усубалиевич болгон! Автору, ээси Турдакун Усубалиевич десек туура болот. Канча деген күч жумшап, акылдуулук менен, жоопкерчиликти мойнуна алып, так пландоонун негизинде беш жылдын ичинде бүгүнкү Борбордук аянт негизинен куруп бүтүрүлгөн.

Махаткир Гандинин: «Сила в отсутствии страха, а не в мускулах» деп айткан сөзү бар. Ушул сөз Турдакун Усубалиевичке түздөн-түз тиешелүү. Республика үчүн эң зарыл болгон объектилерди орчундуу маселе катары Москвадагы тиешелүү органдарга бир нече жолу коюп жатып, комиссия түздүрүп, кандай кылса да жолун тапчу. Эч нерседен тайманбай, каттын үстүнө кат жазып жатып чечилишине жетишчү. Ушундай катуу талап коюлбаса, “Манас” аэропорту, филармония, тарых музейи, улуттук китепкана, спорт сарайы, республиканын сыймыгы болгон башка объектилер чечилбей, сөз бойдон калмак.

Ал эми “Ош”, “Аламүдүн”, “АлаАрча” базарлары кыска мөөнөттүн ичинде республиканын күчү менен эле бүткөрүлүп калбадыбы. Кандай гана түшкө кирбеген маселелер чечилди. Азыркы базарлар турган жерлердин ошондогу санитардык абалын айтпай эле койоюн…

Көп жылдары экономика жагын карап-көзөмөлдөгөн менден дайыма эреже катары өнөр жайынын, министрлик, ведомстволордун, чоң-чоң заводдордун, комбинаттардын абалы жөнүндө отчет түрүндө бир саат, эки саат убактысын бөлүп, маалымат алып турчу. Өзгөчө кадрлардын кандай иштеп жатканына кызыкчу. Талкуулап жатканда, “муну өкмөткө тапшыргыла, муну сүйлөшүп алып, өзүңөр көзөмөлдөгүлө” дечү эле. Дагы өзгөчө көңүл бурганы: борбор шаардагы жаңы, жыл сайын арбыгандан арбыган ыңгайлуу турак жай чакан райондору, облустарда, райондордо ушул маанилүү маселенин чечилиши, социалдык объектилердин курулушу эле. Мектеп, бала бакча, балдар мекемелерин куруу да өзгөчө көзөмөлдө болгон.“Жооп бересиңер” деп, бул иштердин абдан маанилүү экенин эскертип турчу.

 – Ошол жылдары экономиканын деңгээлин аныктоочу өнөр жай ишканалары, ГЭСтер да арбын курулгандыктан, өлкөбүздүн кийинки келечегине өзгөчө пайдасы тийгени көп айтылып жүрөт…

– Социалдык объектилерден тышкары ошол жылдары “Макмал” алтын комбинаты курулуп бүтүп, иштей баштаган. Кумтөр кени чалгындалып ачылып, СССР Министрлер Советинин төрагасы Николай Иванович Рыжковго, Геология министри Евгений Александрович Козловскийге, КПСС БКнын катчысы Долгихке кайрылып, каражат, техникадан жардам алып, кыска мөөнөттүн ичинде алтындын запасы ГКЗдан бекитилген.

Башка региондордо да геология иштери ургалдуу жүргүзүлүп, кендер жайгашкан аймактар такталган. Кемин районунда, Орловкада сейрек металлдарды чыгаруу маселеси чечилип, Кыргыз тоо-кен комбинатында бул иш абдан жакшы жолго коюлган. Ушул эле комбинатта монокристаллды өстүрүү өндүрүшү түзүлүп, көп жылдарга өзүнүн жолун тапкандай болгон.

Таш-Көмүрдө союздук деңгээлдеги көп кристаллдуу таза кремнийди чыгаруу комбинаты салынып, кээ бир цехтери иштей баштады эле. Ушул аталган завод, комбинаттардын продукциясынын эсебинен республикада электрондук өнөр жайы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өз сырьёбуз менен иштеп калмак эле.

Гидроэнергетика – Турдакун Усубалиевич дайыма көңүл бурган маанилүү тармак болгон. Курулушу өзгөчө, мааниси ченемсиз Токтогул электр станциясынын бүткөрүлүшү, муну менен Кыргызстандын атагы дүйнөгө белгилүү болушу Турдакун Усубалиевичтин ысымы менен байланыштуу. Союздук органдарга бирнече жолу кайрылып жатып, Нарын дарыясына экинчи каскад, ошонун биринчилери болуп Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтери курула баштаган. Ошол эле учурда Фрунзедеги айыл чарба машиналарын жасоо заводу реконструкцияланган. Заводдун машина чыгаруу көлөмү эки эсеге көбөйүп, иш жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Жаңы салынып, реконструкцияланып жаткан ишканаларды, эл керектөөчү товарларды чыгаруучу завод-фабрикаларды санап өтүү көп убактыны алат…

– Апас Жумагулович, биринчи таанышуу – эч бир эстен кеткис учур болот эмеспи. Кыргызстанда эле эмес, СССРге башчылык кылчу Москвага, Борборго баркы бийик биринчи катчы менен кандайча тааныштыңыз эле?

– Мунун баары ойдо жок жерден болду. Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” бирикмесинде башкы инженер болуп иштегениме он бир жыл, ал жакта эмгектенгениме жалпысынан он беш жыл болгон эле. 1973-жылдын апрель айынын аяк ченинде телефон аркылуу күтүүсүз чакыруу болуп, БКнын катчысы Петр Ефимович Вакуловдо болгонумда, “сизди өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы кызматына сунуштап жатабыз” деп айткандарына көнбөй, “өз ишимди эле аткара берейин, докторлук илимий эмгегимди жактаарыма аз калды” деп көшөрдүм. Анча болбой Турдакун Усубалиевичтин кабинетине киргизишти. Узун, чоң столдун башында отурган экен, ордунан жай туруп, солго бир кадам жыла, кол кармашып учурашты. Жапалдаш бойлуу, өз курагына жараша толмоч, чымыр денелүү, токтоо, жүзүнөн жылуулук сезилген, капкара калың чачтары турпатына ого бетер көрк берген жарашыктуу келбети дароо көз алдыма тартылды. Мурда бетме-бет кездешип, сүйлөшкөн эмес элем. Орундукка отурганымда, берген бир аз суроолоруна жооп бергенимде, ичинен бир нерсеге капа болгонун сездим. “Менин макул болбогонума нааразы болуп калган го, эми кантип өтүнүчоюмду түшүндүрөм, сөзүмдү угаар бекен?” деп, айлам кете баштады. Мага улам суроо берип, айткан жообумдун аягына чейин укпастан, ушул көрүнүш улана берди. Мени эмнегедир сыйлап, кылдат, аяр мамиле жасаганын туйдум. Ар бир сөзүн шашпай, орду менен салмактуу сүйлөп, мындай деди: “БКнын катчылыгы тиешелүү кишилер менен акылдашып көрүп, сизди бюронун атынан партия пленумунда өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчылыгына көрсөтөлү деп чечтик”.

Мен эсиме келип, оюмдагыны айтканга жетишпедим. “Эртең түшкө чейин Москвада, КПСС БКда болушуңуз керек, диссертацияңызды бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк болот” деп, жооп күтпөстөн сөздү бүтүрүп салгандай болду.

Москвадан, өзүбүздүн пленумдан сындан өтүп, иштеп да калдым. Турдакун Усубалиевичтен биз мыкты таалим алдык. Бүгүнкүгө чейин эмнеге жетише алсак, анын баары ушул даанышман инсандын эмгеги деп билебиз.

– Элим, жерим деп, кыргыз жерин сактап, сук арткандарга тарттырып жибербей, ар качан акылдуулугункөрсөтүп, туура жолду таба билгендиги жөнүндө эл ичинде көп айтылып жүрөт го?..

– Бул – анын анык баатырдыгы. Москвада чечилип калаарда, баарын ийне-жибине чейин тактап-аныктап, мындай жасоого болбостугуна чечим кабыл алуучу бийик кызматтагы жетекчилерди ынандыра алчу. Турдакун Усубалиевдин акылкөйлүгүнүн, жогорку ишкердик сапаттарынын аркасында кошуна өлкөдө пахта аянттарын кеңейтүү үчүн садага чапкылары келгендердин ою орундалбай, кооздугу укмуш Соң-Көл сакталып калды. Башкалардын пайдасы үчүн эң таза, кооз жер Чаткалда суу сактагыч куруу ой-максаты да биринчи катчы Усубалиевдин кийлигишүүсү, баарын жеткилең далилдей билгени менен токтотулган. Булар эле эмес, нечен-нечен оор кырдаалдарда анык акылмандарча туура жол таба билчү эле да…

– Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына байланыштуу түзүлгөн Уюштуруу комитетинде, Бишкектеги чоң көчөлөрдүн бирине, андан башка да шаардын бир районуна жана тарых музейине атын берүү сунуштары болду. Эл да ушул маселелерди көтөрүүдө. Элдин бул демилгеси абдан эле орундуу деп ойлойм…

– Албетте, Турдакун Усубалиевичтин доору Кыргызстанды гүлдөп-өнүгүүгө алып келди, убактысы, эмгеги бекерге кеткен жок. Өзүнүн талыкпас эмгеги, демилгеси, сунушу менен кадрларды тарбиялап, даярдап, өстүрүп, катуу талап коюп, иштетип, иштегендерге мүмкүнчүлүк түзүп берди. Кандай гана сонун кадрларды өстүрдү, аларга таянды, ишеним артты, мааниси зор иштердин аткарылышына багыттады. Муну менен өнөр жайы, айыл чарбасы, өлкөбүздүн жалпы экономикасы, маданияты, билим- илими бийик деңгээлге көтөрүлдү. Бардык облустар, райондор тегиз өсүп-өнүгүп, калктын жашоо-турмушу жакшы жагына өзгөрдү. Биринчи катчылыктан кеткенден кийин, эпсиз күнөөлөрдөн өзүн коргой алды. Өзү да таза экенин, өлкөсүн да коррупциядан, жеп-ичүүдөн дээрлик таза сактай алганын баарына далилдеди. Эгемендик мезгили келгенде, Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланып, эң сонун иштеп берди. Мында да жеке өрнөгүн көрсөттү. Бул дагы – Кыргызстанды өнүктүрүп кеткен даанышман жетекчинин баатырлыгы. Ысымы Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен жазылып калчу Турдакун Усубалиевге 90 жылдык юбилейинде, эч негизсиз берилбей калды эле. Ушуну эске алып, экинчи ирет Кыргыз Республикасынын Баатыры жогорку наамын азыр ыйгаруу эң эле калыстык болмок. Бул — биздин милдетибиз болуп саналат. Ушундай болгондо, эң кадырлуу инсаныбыздын 100 жылдыгы көркүнө чыгып, элдин, коомчулуктун каалоо-тилеги орундалган болоор эле…

Курманбек РАМАТОВ, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист