Карачач ЧОКМОРОВА: «Сүймөнкул кыргыз жүзүн дүйнөгө таанытуу үчүн өзүнүн жанын курмандыкка чалган…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Карачач апаны көпкө чейин узата карап турдум… Сыртынан жөп-жөнөкөй эле байбиче. Бирок анын улуулугу – боюнда, оюнда… Жаштайынан чыгармачыл үй-бүлөгө келин, Cүймөнкул Чокморовго жеңе болуп келип, анын шарапаты менен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев өндүү, дагы канча кыргызстандык, чет элдик легендарлуу таланттууларга ак дасторконун жайып, ыраазычылыгын алган алпейим аялзаты. Балким ошолордун батасы менен минтип, 90го төрт эле кадам калса да карыдым деп эңкейбей, Сары-Өзөн Чүйдүн “Ак элечек энелер” коомун жетектеп, күүлүү-күчтүү жүргөндүр? “Кыргыз өңү – Чокморовдун өңүндөй” болсо, анда 80 жылдыгына саналуу убакыт калса да, эмнеге кыргыз эли тым-тырс?” – деп кабатыр болуп, редакциябызга карегин жаштап кирип келиши да ошонун кубатыдыр?

– Канчадасыз, апа?

– Быйыл жашым сексен алтыда. Сүймөнкулдун бир тууган Намырбек деген улуу агасынын байбичеси болом. Ал киши өзү өмүрүн илимге арнаган, кийин колуна калем алып жазуучу да болгон киши. Билип деле калдыңар го.

 – Ооба. Намырбек ага биздин редакцияга да көп келер эле.

– “Чындап ыйласа, сокурдун көзүнөн жаш чыгат” экен. Сүймөнкул тууралуу китеп жазса экен, залкардын залкар эмгеги артта келаткан муунга өрнөк болсо экен деп, канча жазуучуга, журналистке бардым. Айлам кеткенде өзүм кириштим”, – деп отуруп калар эле. Айткандай эле, Сүймөнкул тууралуу үч китеп жазып, баары элдин кызыгуусун жаратып, тарап кетти. “Сүймөнкул унутта калбаса экен”, — деп, ыраматылык абышкамдын барбаган жери калчу эмес. Мына эми, анын да көзү жок. Сүймөнкулдун 80 жылдыгы жакындаган сайын оюма алда нелер келип: “Мааракеге саналуу убакыт калды. Бирок эстеген адам жоктой…” – деп, кабыргам кайышып отурам.

– Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата июнь айында өлкө боюнча кино кербени башталган эмеспи?

– Аймактарда Сүймөнкул катышкан кинолорду башка тасмалардын катарында көрсөтүп коюу – бул аз. Жок дегенде шаардын көчөлөрүнө жаркыратып: “Сүймөнкул Чокморов 80 жашта” деп афишаларды илип койсо, билгендер эстеп, билбегендер ким экен деп кызыгат беле? Ноябрда чет жакалардан, мисалы, өзү кызматташып жүргөн Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан эле канча киши келет? Алардын деле көзү кубанып калбайт беле? Айылдагы үйү кароосуз жатат. Аны элге кантип көрсөтүшөт?

– Айылдагы үйүндө эч ким жашабайбы?

– Үйүн бир тууган жээнибизге бергенбиз. Оңдоп, тегерек-четин тосуп койгон, эми эки кабат кылып оңдойм деп турганда оорудан өтүп кетти. “Жок дегенде мааракенин алдында үйүн оңдоп коелу, чет мамлекеттен кишилер келип калса көрөт”, – деп туугандары кыймылдайлы десек, баарыбыз пенсиядагы кишилербиз. Пенсияга чыкканга чейин деле эч кимиси алайын, табайын, кызматтан пайдаланайын дебеген, чыгармачылыкты, чындыкты бийик көргөн үй-бүлө болчу. Илгери, абышкам башкарма болуп турганда жер берсе да: “Жерди алып эмне кылмак элем? Үйүм бар, жетет!” – деп албай койгон. Көкүрөк-көөдөнүндө көркөм дүйнөнү байлыгым деген искусствонун адамдары ушундай ак жүрөк болушат окшобойбу. Бир кайним азыр 87де. Бак-дарагын багып, багбанчылык менен күн көрүп жүрөт. Андан кийинки кайним 82де. Ал деле карапайым. Андан кийинки карындашы 82де, оорукчан. Көзү тирүүдөн ушул үч бир тууганы калды.

Чоңдордун кимиси болбосун, Америкага барса деле, кайда барса деле: “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй,”- деп сыймыктанышат. Бирок эми дегдеп, эңсеп келген чет элдиктерге эмнени, чала бүткөн үйүн көрсөтүшөбү? Ушул күнгө чейин басып келип сураган, караган бир киши жок. Чокморов мындай мамилеге татыктуу эмес болчу. Азыр эшикке чыгып: “Сүймөнкул деген ким?” – деп, жаштардан сурап көрчү. Билбейт көбү. “Саясатчы беле, жазуучу беле, акчада сүрөтү бар го…” – деп ийнин куушурушат. Буга ким күнөөлүү? Албетте, улуу муундар күнөөлүүбүз. Өсөбүз, өнөбүз десек Сүймөнкулдай, туш тарабынан үлгү болгон легендарлуу адамдарыбызды көбүрөөк айтып, көбүрөөк жазып, көрсөтүп, балдарга таанытуубуз керек.

– Сиз өзүңүз аны биринчи жолу качан таанып, өзүн качан көрдүңүз эле?

– Сүймөнкулду жанынан биринчи жолу келин болуп келген күнү көрдүм. Дасторкондо мени жеткирип келген жеңем, мен, жолдошум Намырбек, кайним Сүймөнкул, дагы башка бир туугандар болуп чай ичип отурабыз. Сүймөнкул элди күлдүрүп, бир жеңесинин алма жегенин, бир жеңесинин башы ооруганын, анан да төрдө бир киши чүйрүйүп отурган, аны туурап берсе, элдин баары кыраан-каткырык. Ошондо анын ушунчалык окшоштуруп, образдуу туураганын карап отуруп, келин болуп келгенимди унутуп калыпмын. Театрда отургансып, тим эле жыргап, шарактап күлүп жаткан экем, бир убакта жеңем санымдан чымчып: “Сен театрда отурган жоксуң, келин болуп келдиң!” – деп жатпайбы.

– Ошондон тартып жеңеси да, күйөрманы да болуп калган турбайсызбы?

– Ооба. Улуу жеңеси болгондон кийин, экинчи энесиндей эле болуп калдым го. Ошол мен келгенден көп өтпөй эле Сүймөнкул “Караш-Караш” киносуна тартылды. Билген кишиге, Сүймөнкул кыргыз жүзүн дүйнөгө таанытуу үчүн өзүнүн ден соолугун, жаштыгын, акыры жанын курмандыкка чалды.

– Эмне себептен антип ойлойсуз?

– Эмне себептен антип ойлогонумду айтып берейин. “Караш-Караш” киносун тартып жатканда ал аз жерден Суусамыр суусуна агып кете жаздаганы бар. Анткени ал сууга сүзгөндү билчү эмес. Экинчиден, муз кычырап тоңуп турган маал болчу. Съемка деген бир тартып эле бүтүп калбайт экен да, кайра-кайра сууга түшүп, кайра-кайра тартыла берип, өпкөсүнө суук тийген. Келип эле ооруканага жатып калды. Ооруканада жатканында, бул 1968-жылы болсо керек эле, орус режиссеру Ирина Поплавская “Жамийланы” тартам деп келип калды. Сүймөнкул ооруканадан барып тартылып жүрүп, Даниярдын образын жаратты. Өпкөсү ооруп жаткан кишинин жанагынча жүктү көтөрүп алып жогору чыкканы канчалык кыйын экенин элестет. “Жеңил жүк болсо, жасалма болуп калат”, – деп өзү болбой койгон экен.

Менин билгеним, оорусунун баарын эле киного тартылып жүрүп тапты. Андан кийин дарыланып, жакшы болуп кетти деп кубанып жүргөнбүз. Эң акыркы тартылган чоң ролу — Видугирис Альгимантастын “Жалаң эркектер” деген көркөм тасмасындагы электриктин ролу болду. Кино Кара-Көлдө тартылып, 1981-жылы чыкты. Ал маалда Сүймөнкул депутат болуп, атак-даңктуу болуп калган кези болчу. Ошол съемка мааалында, туура эмес коюшканбы, кулаган зым карагай менен жыгылып, бөйрөгү жанчылып, “кан сийип”, ошол жердин ооруканасына жатып калыптыр. Абышкам чуркап жүрүп, беш күндөн кийин вертолет менен учуп барып, Бишкекке алып келишип ооруканага жаткырышты. А бирок бул тууралуу эч жерде, эч ким айтпайт. Ошондон кийин эле бөйрөгү гемодиализ менен иштеп калбадыбы. Он эки жыл ошентип оору менен жашады. Эки жакка көп чыга албай калды. Бир ирет Чыңгыз менен Америкага барып, сахнага чыгарда бөйрөгүнөн талма кармап жыгылып келди.

Булардын баарын айтканым, биринчиден Сүймөнкулдун эмгегин, эл үчүн иштегенин, экинчиден чыныгы искусство деген эмне экенин жаштар, азыркы муундар билсин дегеним. Эстелигин деле кайра жасайбыз дешти эле… Ошол эстелигин канча жыл күттүк. Абышкам таманы тешилгиче чуркап жүрүп, акыры “жоктон көрө жогору” дегендей эле болуп коюлуп калды. Мына азыр да биякка келатып, Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде турган эстелигине келип, жеңимдин учу менен чаңын арчып, бутуна колумду тийгизип өөп, бир сыйра көз жашы кылып ыйлап, басылып алып келдим.

– Абдан жакшы көрсөңүздөр керек?

–  Өзү ошондой боорукер, калыс, камкор жан эле да. Ал ооруп калганы иштен чыгып, өмүрүмдө уй саабаган жаным, бээ саап, эчки саап сүтүн ичирип, жанында жүрдүм.

– Жолдошуңуз талап кылчу беле же өз каалооңуз мененби?

– Жолдошум деле катуу талап кылчу эмес, энесиндей болуп калдым дебедимби, өзүм эле жакшы болуп кетсе экен деп Кудайдан тиленип, колумдан келгенин аянбайт элем. Келинчеги чала кыргыз болуп, аны-муну менен көп иши жок эле. Ушул колум менен келген-кеткенин тосуп, дасторконумду жайып тосуп алып, бүтүн конокторун мен күтөр элем. Сүймөнкул конок күтөрдө мага ишенип, мени менен кеңешип: “Жеңе, баланча күнү баланча конок келет”, – деп колун төш чөнтөгүнө салып, акча сунуп калар эле. Өзүм да анда фабрикада иштечүмүн. Акча-тыйын бар кезде: “Жөн эле кой”, – деп, жандалбастап, майлы-көө болуп казанда эле жүрөр элем. Ал кезде казы-карта, чучук дегендер да азыркыдай кенен эмес болчу. Күн мурун сүйлөшүп, жасатып келип, Сүймөнкулдун коноктору келип калса деп сүрсүтүп, сактап койчубуз. “Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет” болуп, Сүймөнкулдун арты менен Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, япониялык кинорежиссёр Акира Куросава сыяктуу, дагы канчалаган залкарларга ушу колум менен чай берип калдым.