Кыргыз-тажик чек арасында адам каза болгонуна байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам аскер кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына «Кабар» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталган.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында ок атылып, 13 адам жаракат алып, 1 аскер кызматкери көз жумган.