УКМК чек ара жаңжалына байланыштуу чагымчыл маалымат таратпоого чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ММК жана интернетте кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчутпоону эскертти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, Интернет жана социалдык тармактардагы ар түркүн маалыматтардын таркалып жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат»,- деп жазылган маалыматта.

Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү “Максат” чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат.