Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардан кабар алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Лейлек районунун аймактык ооруканасына Өкмөт башчы менен Жогорку Кеңештин депутаттары барган.

Белгилей кетсек, атышуу учурунда 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран  Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

Жабыркагандарга сакайып кетүүлөрүн каалоо менен биргеликте Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлө турганын билдирди. Ошондой эле Өкмөт башчы  жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогору Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.