Караколдо болгон мушташка шектүүлөр 2 айга камалды

Каракол шаарында мушташтан кийин кармалган эки шектүү жаран эки айга камакта калтырылды. Мындай чечимди Каракол ШИИБ бейбашчылык беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде Каракол шаардык соту чыгарды.

7-июнда Каракол шаарында спортчулардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Алардын арасында олимпиадалык резерв боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн облустук спорт мектебинин азыркы, мурунку тарбиялануучулары жана машыктыруучулар бар экендиги айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мушташкандар эки тарапка бөлүнүп, бири спорт мектептин учурдагы директору Алим Молдобековду колдоп, экинчи тарап ага каршы чыгышкан.

Мушташтан кийин абалы оор деп бааланган машыктыруучу Акысбек Өмүрбековго операция жасалды. Бүгүн аны жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которушканы маалымдалды. Учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.