Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

«Жашоонун жаңылыштыгы, катасы…»

Ушуну Кызмончок да ойлоп жатты азыр. Деги эле адамдан башкача жаралып калуусунун себебин тапкысы келди. Деги эле бир Кудайдын өзүнөн башка, телегейи тегиз, төгөрөгү төп эч нерсе  жок окшобойбу… Жада калса жашоонун өзүнүн да катасы  бар…

Оюна бир нерсе «тык» этип, серпиле түштү. Тээ бала кезинде ата-энесинен элдир-селдир уккандары, болгондо да экөөнүн түн ортосунда шыбырашып жаткандары эсине келе калды.

Түшүнөн чочугансып,  түндүн бир оокумунда:

– Асыке, баягыда мага дем салып жатканда, Бүбү эненин: «Ал силерден эми кетпейт го. Акыр аягында бири-бириңе ымалашып каласыңар!.. Көзүм эмне укмушту көрүп, көкүрөгүм эмне укмушту туюп жатат?! Шумдук бул!..» – дегени эсиңдеби? – деген Сырга.

– Койчу, берекем, бул жөн эле сөзүдүр… Бүбү кемпир эмне, Кудай болуп кетиптирби?

Ушуга саал алданып, өзүн жооткото калган Сырга түшүнөн чочугансып, мемиреген жымжырттыкты кайра бузган:

– Асыке?

– И?

– Анда тиги жылан эмнеге эле бизден кетпейт, я?

– Э, койчу, Сырга. Уктатасыңбы?!

– Кантип уктайбыз, Асылбек? Өх-х…  – Сырга улутунган.

Ата-энесинин эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнүп-түшүнбөй, тек гана уйкусу ачылып кеткен Кызмончок жаздыгынан баш көтөрүп:

– Ата? – деген, – Апа? Качан турабыз?

Анын оюнда бат эле таң атса, кичинекей жыланы адатынча чепеңдеп жетип келсе, анан экөө керелди кечке ойносо…

– Укта, уктай гой. Эми бир жолу көзүңдү жумуп уктасаң эле, таң атат, анан турабыз, – деген апасы кызын кымтылап жаап жатып. – Уктай гой.

Андан кийин да алардын кобурашып жатканын билет. Бирок андан ары эмне тууралуу сүйлөшкөндөрү эсинде жок. Ошондо алардын сөзүн аягына чейин укпаганына өкүндү.

Күйөөсүнүн да азыр жансыз неседей, кыймылсыз жатканы менен, кандай акыбалда экенин Кызмончок билип эле жатты. Бирок Бектемирге азыр бир нерсени айтып түшүндүрүүнүн да, актануунун да кажети жок эле. Мындай кезде ал айтканын бербейт, кудум ажыдаар көргөндөй ыргып-секирип, жанына жуутпай калат. Кызганычтан, таарынычтан денесин жыйрып, эми эле сүйүп турган келинчегинен өзүн жаа бою ала качат. Иренжигендей итерип салып, эми такыр кайрылбачудай эшикке чыга качат да, тээ көпкө чейин жок болуп кетет. Андан кийин да канча убакытка чейин экөө үн-сөзү жок жашашат. Бул – Кызмончок үчүн тозоктун – тозогу. Анткени так ушундай кездерде Кызмончоктун жандүйнөсү эле жабыркабай, денеси кошо ооруп, буту-колунун муздап кетмейи өнөкөткө айланган…

***

Бир убакта кимдир бирөө каалганы жулуп алчудай тарткылап, койгулап жиберди.

Бектемир да, Кызмончок ордуларынан тура калышты.

Эшик дагы жулкулдады. Эми эле эки башка дүйнөдөй коошпой, бет карашкысы келбей турган экөө буга жооп, айла-амал да издегендей бири-бирин карашты:

– Бул ким? – Кызмончоктун көздөрүндөгү ушул жазууга:

– Жыланың эмеспи? – деп карап турду Бектемирдин көздөрү.

– Билбейм… – алаңдай түштү келин. Баягы күздөгүдөй, жыландар кайра да айылга каптап кирип келишкендей, эми эшик-терезеден агылып, булардын үйүнө сойлоп түшчүдөй сезилип кетти экөөнө.

– О, Кудай?! – деди Кызмончок эриндерин дирилдетип. Бектемир болсо: «Каалаганың, күткөнүң ушул беле?!» – дегендей, Кызмончокту суроолуу да, жек көрө да карады. Эшик дагы жулкулдады…

Ансыз да үрпөйүп, күңүрттөнүп турган үйгө, сыртта кандайдыр бир алаамат болуп жаткандай сезилди. Аңгыча ары жактан кобур-собур угулду да, кандайдыр дабыш эми үйдү айланып, терезе тарапка келаткан сыяктанды. Бир убакта, ансыз да эчтеке көрүнбөй, чүтүрөйгөн терезени капкара караан жаап калды да, үйдүн ичи ого бетер караңгы боло түштү. Бектемир менен Кызмончок адегенде анын эмне экенин ажыратып көрө алышкан жок. Качан гана ошол караан айнектин бетиндеги жамгырды алаканы менен арчып жиберип, ичкери жакты үңүлө карап, айнекти калдырттата койгулап, үн салганда гана терезеге жабышкан караан – аял экенин баамдашты.

– Бектемир?! Я, Бектемир?!! – Бектемирдин апасы – Сайра экен. Эненин каргылданган, алда неден кооптонгондой ый аралаш добушу чыны менен эле сыртта бир балакет болуп жаткандай болчу:

– Бектемир?! Барсыңбы, балам?! Ач эшикти?! Мени угуп жатасыңбы, Бектемир?!

– Азыр, апа. Баратам!

Бектемирдин жообу угулары менен бөлмөнүн  ичи абалкыдан жарык боло түштү. Анткени эне терезеден боюн тартып алып, үйдүн каалгасын карай чуркады.

Жигит да эсине келе түшкөндөй, калдаңдап барып эшикти ачты.

Аңырайып ачылган эшиктин сыртында ич көйнөкчөн, бутуна көлөчүн оң-тетири, коңултак кийген Сайра энтигип турду. Анын артында Абылай, анын да артында Чынтемир үрпөйүп карап турган…

– Эмне болду?! – деди Бектемир чын эле бир шумдук болгондой.

– Балам, тынчсыңбы?

– Эмне болду дейм?!

Сайра эңкейип үйдүн ичине көз жиберип, башына жоолугун шашкалактап салынып жаткан Кызмончокту бүшүркөй карап алды да, жаны жай ала түшкөндөй:

– Түш көрдүм, – деди «шуу» үшкүрүп. – «Тфу, «Түшүм – түлкүнүн богу болсун» ылайым. Анан… ойгонуп калып, ар кайсыны ойлоп жатсам, сен бакырбадыңбы, балам?! Кулагыма угулдубу дейин десем, булар да угуптур. Бирдеме-сирдеме чагып алды бекен деп, жаным чыгып кетпедиби!

«Бирдеме-сирдеме» деп, кеп төркүнү ким жөнүндө, эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнө койгон уулу, бул жолу да апасынын бекерге чочубаганын түшүнүп турса да, адатынча сыр алдырбай:

– Эк, коюңузчу, апа! – деген болду. – Жөн эле ушинте бересиңерби?

Кызмончок эки ийнин солкулдата, улутунуп койду.

– Басчы, эй! – Абылай ары кетип баратып аялын зекиди.

– Обу жоксуң бир. Кайдагыны айтып, таң атпай элдин баарын дүрбөтүп… Ушу сенин жомогуң бүтпөс болду!

Сайра болбой эле уулуна шектене карады:

– Сен да түшүндөн чочудуңбу, балам? Эмне кыйкырдың?

– Билбейм, апа. Чочусам, чочуган чыгармын. Ошого да ушунча болосуңарбы? Мен кичинекей бала эмесмин го эми!

– Болуптур, – ары беттенген эне кайра имерилип, Кызмончокко зекий унчукту.

– Ылдамыраак кыймылдап, камыр жууру, балама жети токоч баабедин кыла коёюн…

– Азыр, апа.

Кайнене андан ары кетип баратып кобуранды:

– Деги, балама көрүнбөй, керт башына көрүнсө экен… О, Кудай, айланайын, пендем десең балдарымдын жамандыгын көрсөтпө. Баламдын башын таштан кыл, бар балээден сакта, Жараткан?! Балалык кылып, кой-айды укпай, башына балээ тилеп алып…

Бир жамандыктын болоорун алдын ала билгендей, сезип тургандай эле Сайра басып-туруп, келинине угузуп  эле ушинтип кобурай берет. Анысына Кызмончок таарынбай деле калды. Тескерисинче, улам убакыт өткөн сайын, кайненесинин шектенүүсүнүн бир жөнү бар өңдүү, бул үй-бүлөнүн алдында өзүн күнөөкөр сезе берет. Анткен менен Сайранын таңкы дүрбөлөңү экөөнүн эч качан бүтпөчүдөй сезилген тымызын тирешүүсүн токтотуп, үйдүн ичине жан киргизип, оор абалдан чыгарып кеткени Кызмончокко да, Бектемирге да жагып турду.

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.