Министр К.Исаковго «Авгий атканасын» тазалагандай эле иштегенге туура келет

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөгү билим берүү маселесин караган Өкмөттүн жыйынында: «Бүгүнкү күндө компьютердик технология жана коммуникация – бул кечээки заман. Азыр биотехнология, нанотехнология, гендик инженерия өнүгүүдө. Мындан тышкары биринчи класстан баштап англис тилин окутуу базалык көндүмдөрдүн бири болушу керек. Мунсуз келечектин ийгиликтүү болушун элестетүү кыйын. Мындан ары бул мүнөздүү багыт күчтөнөт, ошондуктан баланы буга башынан даярдоо керек”,- деп айтканы бар.

Аймактарды өнүктүрүү саясаты жана мектептер

Мындай шарттарда мамлекеттин милдети билим берүү саясатында кечиктирилгис чараларды көрүп, оорду жеңилдеткен интернет технологиясын туташ киргизүү аркылуу сапаттуу билим берүүнү камсыздоо болуп саналат.

Учурда Кыргызстандын башкы багыты болгон “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” саясаты эки жылда эле “эптештире” койчу маселе эмес, бир топ жылдарды камтый турган, узакка созулчу процесс. Ушул өңүттөн караганда, аймактардагы мектептер, ЖОЖдор санариптештирүүнүн башатында турууга толук мүмкүнчүлүктөргө ээ. Анткени, базасы бар, илим-билимдүү мугалимдер, адистер, окумуштуулар иштешет. Аймактардагы ЖОЖдорду айтпаганда да, баарыдан мурда бүгүнкү китеп жетишпеген шарттарда интернет технологиясына муктаж болгондор да ушул мектептер. Айта кетүүчү нерсе “Аймактарды өнүктүрүү” саясатынын шарапаты менен 2018-2019-окуу жылында республиканын мектептеринин 94 пайызы (2106 мектеп) интернет менен камсыз болду. Анын ичинде 31 мектеп спутник байланышы аркылуу интернетке туташтырылган. 2020-жылы мектептер толук интернет менен камсыз болот.

Канчалык оозду куу чөп менен аарчып, сапаты тууралуу түркүн сөздөрдү айтпайлы элет мектептери айыл маданиятынын күзгүсү, ал эми анда иштеген мугалимдер улуттук интеллигенциябыздын уюткусу экенин моюнга алышыбыз керек. Быйылкы жылы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алгандардын дээрлик 60 пайызга жакыны аймактардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү экендиги көңүлүңдү жибитпей койбойт. Ал эми “Алтын сертификаттын” саны боюнча алыскы делген Баткен облусунун алдыга суурулуп чыгышы да, аймактарда билим берүүнүн сапаты бир топ эле жогору экендигинен кабар берет.

Мугалимдин статусун жогорулатуунун жолдору

“Мугалим мөмөлүү дарак” деп тегин жеринен айтпайбыз. Кыргызстандын мектептеринде билим берүүнүн сапатын арттырабыз десек, эң биринчи мугалимдердин статусун көтөрүүгө мезгил жетти. Октябрь айынан тартып мугалимдердин айлыгынын 30 пайызга көтөрүлүшү буга өбөлгө болоору шексиз. Ошондой эле Премьер-министр окуучулары окуудагы эң мыкты ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге сый акы төлөө, болгондо да ал сый акынын өлчөмү алган айлыгынан көп эсе жогору болушу керектиги тууралуу оюн айтты. (Азыр бул маселе бышыкталып, каржы булактары аныкталып жатат). Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы бюджеттин эсебинен ЖОЖду бүтүргөн 1,5 миң жаш мугалим элет мектептерине жибериле турганын билдирген. Мектеп директорлору, жергиликтүү бийлик бул жаш мугалимдерди кучак жайып тосуп алып, зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.

Аймактардагы мектептерди жаш мугалимдер менен толуктоо билим берүү саясатындагы өтө олуттуу маселе. Себеп дегенде, ошол эле айлык акынын, анда башка да келечегине жарык берген стимулдардын жоктугунан жаш мугалимдер токтобой, мектептерде улуу муундагы агай-эжейлер гана калган. Алардын тажрыйбасына эч шек келтире албайбыз. Бирок, мезгил өзгөргөнүн, билим берүүдө жаңы технологияларды, интернет мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу талабы катуу коюлуп жатканын, ансыз мектептерде сапаттуу билимди камсыздай албай тургандыгыбызды аңдашыбыз керек!!! Баарыдан мурда мугалимдердин статусун улуттук масштабда жогорулатуу аба-суудай зарыл болуп турат!!!

Кошумчалай кетсек, кезинде Өкмөт тарабынан “Жаш мугалимдин депозити” аталган программа иштелип чыккан. Ал программа боюнча иштеген мугалимге үч жылдан кийин 90 миң сом төлөнүп берилмек. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда “Жаш мугалимдин депозити” программасы бир гана борбордо иштеп жатыптыр, же болбосо 301 мугалим ушул программа боюнча иштейт экен. Демек, министрлик унутулган бул программаны аймактарга жайылтууну таза эле эстен чыгарып койсо керек.

Коррупциядан өндүрүлгөн каражатка мектеп салынат

Билим берүү тармагына быйыл бюджеттен 29 млрд. 82 млн. сом каралган. Бул бюджеттин 25 пайызга жакынын түзөт. Башкача айтканда Кыргызстан бюджеттин өп-чаптыгына карабастан билим берүү тармагына мүмкүн болушунча жетишерлик каражат жумшап жатат. Ошентсе да башкы көйгөйбүз мектептердин жетишпегендиги. Акыркы үч жылда 220 жаңы мектеп ишке киргизилгени менен дагы 600дөй мектепке муктажбыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражатка 15 жаңы мектеп жана мектептерге кошумча курулуштарды курууну сунуштаган. Ага ылайык Коррупцияга каршы күрөшүүдөн келип түшкөн каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебинен 799,3 млн. сом каралып, анын ичинен быйылкы жылы Чүй, Бишкек, Ош облустарындагы орто мектептерге кошумча курулуштарды куруу иштери башталды. Бул кошумча курулуштардын айрымдары жаңы окуу жылына карата бүткөрүлүп, ишке берилди. Ошол эле учурда республиканын булуңбурчунда кыйроо абалында турган 200дөй мектеп бар. Премьер-министр “2020-жылдын аягына чейин мындай мектептер калбасын” деген талаптарды коюп жатканын көп жолу айттык.

Жетишпеген мектептер… Китептер көйгөйү…

Жакындагы Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектебине байланышкан ызы-чуулар министрдин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматтан кетишине алып келген. Көрсө мындай мектеп жалгыз эмес экен. Ош облусунун Кара- Суу районундагы Миялы айылында дагы контейнер мектебинде окуп жатышыптыр.

Кыргызстанда мектептердин жетишпегендигинин бир нече объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Биринчиси, Кудайдын кулагы сүйүнсүн калкыбыздын санынын өсүшү. Алсак, 1990-жылы калкыбыздын саны 4,4 млн. болсо 2019-жылы 6,4 млн. жакындады. Ошол 1990-жылы 1759 мектеп болсо, бүгүнкү күндө 2265 мектеп бар. Аймактарды айтпаганда да, мектептердин жетишпегендиги Бишкек шаарында өтө курч турат. Же болбосо дагы 16 мектеп жетишпейт. Мунун себеби, аймактардагы экономикалык түзүлгөн кырдаал, анын айынан келип чыккан ички миграция экендиги белгилүү. Ошону менен борбордо, аймактардагы калктуу пункттарда мектептердин жетишпегендигинин айынан окуучулар 2ден 4 мөөнөткө чейин кезектешип окууга аргасыз болушууда. Мындай шарттарда окуунун сапаты тууралуу ооз ачкандан да уяласың.

Мектептердин жетиштүү санда курулбай жаткандыгынын дагы бир субъективдүү себеби, мектеп курулушуна системалуу мамиле жасалбай, бүгүн бирөөсүн баштап, ал бүтө электе дагы биринин курулушуна киришүү, аны да бүтүрбөй үчүнчүсүн баштоо өңдүү мамилелер. Акыр аягында бөлүнгөн каражаттын сайда саны, кумда изи калбай, көзгө көрүнөрлүк натыйжа бербей келет. Экс-министр Гүлмира Кудайбердиева элден жакшы деле сөз уккан жок. Акыркысын келтирсек, ал мектептерде балдардын атаэнелеринен каражат чогултулбайт, бул үчүн мектеп директорлору керт башы менен жооп берет деп жакшы эле айтып жаткандай болгон. Көп өткөн жок, өзү да кетти, өзү менен кошо сөзү да кетти. Тагыраагы окуу жылынын башталышы менен социалдык тармактарда кайсы мектептерде канча акчадан чогултуп жатышканын сүрөтү менен көргөзгөн маалыматтар желдей тарап жатат. Жаңы иинистр К.Исаков бул маселени созуп отурбай ары же бери жагына чечпесе болбойт. Г.Кудайбердиева окуу китептериндеги каталарды оңдото албай жүрүп, ошондон ары кызматынан оогон. К.Исаковго бул маселеге да чекит коюуга туура келет.

Мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы көйгөйү болуп саналат. Атүгүл коррупция жыттанып кеткен жактары да бар. Тегин жеринен Башкы прокуратура бир жылдын ар жак, бер жагында окуу китептерине байланыштуу эки кылмыш ишин козгобосо керек. Мындан тышкары министрликтин китептин сапаты боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып салып, аны жеке басылмаларга жүктөп коюшу, андай сүймөнчүктүү басмалардын бири “Аркус” басмасы экендиги, бакыйган министрлик окуу китептерин басып чыгарууну 2-3 компьютери, 3-4 кишиси бар басмаларга берип салып, алардын жетегинде калгандыгы боюнча маалыматтар ачык эле айтылууда. Айрым окуу китептери аякбашы болуп басылып калганын интернетте шылдың кылып жатышат.

Ал эми окуу китептеринин мазмунуна келсек, эгемендик жылдарындагы анархиянын анык жүзүн ушул жерден табабыз. Министрлик окуу китептерине талапты катуу койгондун ордуна, коммерциялык кызыкчылыктардын уясына айланып калгандыгы келечек муундарыбыздын татыктуу билим алышына балтадай чабылууда. Бүгүнкү күндө мектеп балдарынын жаш курагын, кабыл алуу жөндөмүн уруп койбогон, тиешеси барбы жокпу, эптеп эле окуу китебин түзө салышып, аны өткөрүп кетүүгө жанталашкан шумдуктуу окуу китебин түзүүчүлөрдү, окумуштуу сөрөйлөрдү ушул жактан көрөсүң.

Учурда Кыргызстандын 2265 мектептеринде 1 млн. 300 миң окуучу окуп жатат. Бул жагынан алганда мектептер эптеген эле окуу китептерин түзө калган авторлор үчүн өзүнчө эле – Клондайк! Алардын “шедеврлери” жүз миңдеген нускалар менен басылып чыгат. Балдарым билим алсын деген ата-эне байкуш ал китептерди алып берүүгө аргасыз. Министрликтеги китеп маселесинин “түйүнү” ушул жерде жатат.

Кесиптик билим берүү күндүн талабы

Бүгүнкү күндө мектептердин жогорку класстарында кесиптик багыт берүү тууралуу көп сөз болууда. Бул негизинен туура эле. Балдарга жөндөмүнө жараша багыт берүү дүйнөлүк практика.

К.Исаковдун талапкерлиги каралып жатканда ЖК депутаттарынын бири “косинустун” кереги барбы дегендей суроо берип жатпайбы. Керек урматтуу депутаттар, керек! Анткени толук орто билим берүү мамлекеттин маанилүү социалдык саясатына кирет. Биздин мектептер тегин жеринен “Орто билим берүүчү” деп аталбайт. Адам болом десе, ким болбосун кур дегенде орто мектептин базасындагы билимге ээ болушу зарыл.

Ал эми таза эле кызыкпагандар, окугусу келбегендер болсо айла жок, мектептердин базасында күндөлүк турмушта зарыл болгон кесиптер боюнча окутуу мезгил талабы. Албетте, бардык мектептердин базасында мындай кесиптик багыт берүү окууларын уюштура албайбыз (чоң каражат керек), ошондуктан аймактардагы, борбордогу Кесиптик атайын билим берүү окуу жайларынын мааниси күн өткөн сайын артып баратат. Рынок шартында ЖОЖдорду бүтүргөндөрдүн канчасы иш менен камсыз болгонун айталбайбыз, бирок Кыргызстандын Кесиптик окуу жайларын бүтүргөндөр 75-95 пайызга чейин иш менен камсыз болуп келе жатканын статистика көрсөтүп турат. Демек, мектептердин жогорку класстарында кесиптик билим берүү саясаты бышып жетилди. Бул дагы К.Исаков колго алчу маанилүү маселелердин бири.

Жыйынтыктап айтканда министр К.Исаковго Билим берүү жана илим министрлигин алдыга алып чыгуу үчүн, байыркы грек легендасындагы “Авгий атканасын” тазалагандай эле иш кылууга туура келет.