Саясий жаңылануу кадамы

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жакында өлкө парламентинин палаталарынын биргелешкен отурумунда калкына «Иштиктүү коомдук диалог – Казакстандын туруктуулугу менен өнүгүүсүнүн негизи» деп аталган Кайрылуу жарыялап, Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүнүн жолун белгиледи.

Казак мамлекетинин жаңы жетекчисинин программалык Кайрылуусунда ал мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн натыйжалуулугун арттыруу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун камсыз кылуу, өнүккөн заманбап үлгүдөгү экономиканы калыптандыруу, элдин социалдык жагдайын жакшыртуу, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү тармактары боюнча бир катар демилгелерди сунуштады.

Адегенде эле бизди, кыргызстандыктарды кызыктырган эки маселени баса белгилеп кетким келет. Биринчиси, жаңы шайланган Президент туңгуч Президент, Эл башчы Нурсултан Назарбаевдин жүргүзгөн саясатын сактап, реформаларды ырааттуу жүргүзө тургандыгын, Н.Назарбаевдин демилеси менен кабыл алынган Беш институционалдуу Улуттук реформаны жүзөгө ашырууга тыкыр көңүл бурарын билдирди. Чындыгында эгемендикке жетишкен жылдардан бери Казакстанда саясий, социалдык-экономикалык багыттардын бардыгында айтарлыктай ийгиликтер жаралды. Ушуларды өз ыргагы менен улантуу – эволюциялык ишенимдүү жол болмокчу.

Экинчиси, К. Токаев президенттик шайлоо алдында элге берген убадаларын бекемдеп: «Саясий жаңыланууга өтүү жарандарыбыз менен мамлекетибиздин мүдөөлөрүнө ылайык акырындап үзгүлтүксүз ишке ашырылат. Негизсиз, бей-берекет саясий либерализация элдин ички саясий жагдайынын туруксуздугуна, деги эле мамлекеттүүлүктү жоготууга алып келерин дүйнөлүк окуялардан көрүп жатабыз. Ошондуктан биз саясий реформаларды «шашпастан», тескерисинче, этап-этабы менен, чечкиндүү түрдө жана ойлонуштуруп жүзөгө ашыра турган болобуз. Элибиздин коомдук-саясий турмушун жаңыртпай туруп ийгиликтүү экономикалык реформаларды аткаруу мүмкүн эмес. Бул биздин карманган башкы принцибибиз. «Күчтү Президент – таасирдүү Парламент – отчет берчү Өкмөт». Бул максатка азырынча жеткенибиз жок. Ошондуктан бул багытка бардык күч-жигерибизди жумшашыбыз зарыл. Бул саясий формула мамлекеттин туруктуулугунун пайдубалы болуп саналат. Биздин жалпы милдетибиз жарандардын бардык иштиктүү өтүнүч-тилектерин тез жана натыйжалуу карай турган «Эл үнүн уккан мамлекет» концепциясын ишке ашыруу. Бийлик менен коом ортосунда туруктуу диалог түзүү аркылуу гана азыркы геосаясатка жуурулушкан мамлекетти курууга болот», – дейт Кайрылуусунда. Бул жерде биз мурда эле К.Токаевди интеллектуалдык потенциалы жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги жетекчи экенин билсек, азыр болсо анын практика менен байланыштырууда кынтыксыз иш алып баруусуна күбө болуудабыз.

К.Токаев 6-сентябрда жакында түзүлгөн Улуттук коомдук ишеним кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Бул Кайрылууда айтылган бийликтин коомчулук менен кеңешүүсүн, элдин пикирин угуусун тастыктаган жыйын болуп калды.

Албетте, мамлекеттин бакубаттуулугун арттыруунун эң башкы шарттарынын бири анын экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу. Бул өңүттө Кайрылууда ыргактуу өнүккөн инклюзивдүү экономиканы калыптандыруу милдети коюлган. Инклюзивдүү экономика – бул заманбап, учурдун талаптарына ылайыкташкан экономика. Билимге, санариптик технологияларга, илимдин жетишкендиктерине негизделген жарандардын жашоо шартын жакшыртуу багытындагы экономика. Казакстан 2050-жылга чейинки өнүгүү боюнча стратегиялык план кабыл алганы маалым. Экономикалык реформалар ушул программанын алкагында ишке ашырылмакчы. Президент экономиканы өнүктүрүүнүн жети принцибин белгилеп өткөн. Алардын башкыларынын бири – чийкизатка көз каранды менталитеттен баш тартуу. Индустриялаштыруунун үчүнчү беш жылдыгында мурда жиберилген катачылыктарга жол бербөө.

Дагы бир баса белгилей турган жагдай — экономикалык багыт боюнча тапшырмаларда К.Токаев жеке ишканалардын мамлекеттин эсебинен баюусун токтотуу максатында ири компанияларга айланган квазимамлекеттик – жеке, бирок мамлекеттин колдоосундагы компанияларды курууга мораторий киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганын айткан. Натыйжалуу чакан жана орто бизнес шаарлар менен айылдарды өнүктүрүүнүн негизги ыкмасы экендиги белгиленген. Бизнести колдоо үчүн республиканын улуттук фондунан 100 миллиард теңгеге жакын каржы бөлүнгөн. Президенттин «Бизнестин өнүгүүсүнө тоскоол кылынуучу аракеттер мамлекетке каршы кылмыш деп тааныла турган мыйзамдык ишчараларды кабыл алуу керек» деген сунушу Казакстанда бул жагынан да чоң өзгөөрүүлөр болорунан кабар берет.

Кайрылууда айыл чарба ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылбай жатканы белгиленип, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Республикада жана чет өлкөлөрдө суроо-талапка ээ болуп жаткан органикалык жана экологиялык таза продукцияларды өндүрүү мезгили жеткен. Президент коомчулуктун көөдөнүндөгү жер маселесине атайын токтолуптур. «Мамлекет башчы катары дагы да маалымдайм: жерибиз чет өлкөлүктөргө сатылбайт. Ага жол берилбейт. Бул маселе боюнча ушак таратууну токтотуу керек. Бирок, жерди пайдаланууну камсыз кылуу – биздин милдетибиз», — дейт К.Токоев. Кайрылууда өлкөнүн бюджеттик беренелерин түзүү эки негизги талап – экономиканы өнүктүрүү жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталууга тийиш экендиги айтылып, социалдык тармактагы олуттуу колдоо көрсөтүү милдеттенмелери аныкталган.

Кыргызда кызматка дайындалган адамдын алгачкы туура аракетине карата «ээрге отурганда эле түз отурду» деген сөз бар, боордош элдин жаңы жетекчиси ишин түзүк баштады. Эл жүгүн аркалаган мамлекет башчынын ишмердиги мындан ары да ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Казакстандагы ырааттуу реформалар ишке ашса, эң жакын бир тууган кыргыз элине да жаман болбойт.

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясий илимдердин доктору, профессор