Баланы жүрөгүнө, козуну бооруна баскан эне

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Баатырдын жары болду, түйшүктүн баары болду

Тоң районунун Көк-Сай айылына караштуу Ак-Булуң участкасы тоо этектей конгон ажайып кооз жер. Бул аймакта Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, Кыргыз эл баатыры, белгилүү чабан Таштанбек Акматовдун совет мезгилиндеги кой баккан чарбасы жайгашкан. Бүгүнкү күндө мында анын уулу Баатырбек Акматов меринос койлорду багып, кара мал күтүп ишкерлик кылат. Калктуу айылдардан окчун жайгашкан бул чарбада Таштанбек атанын бюсту орнотулуп, анын чабандык жана мамлекеттик жетекчилик жылдарын чагылдырган музейи бар. Өткөн аптада бул жерде анын 27 жыл мурда 52 жашында дүйнөдөн өткөн жубайы Азинакан Макеновага тургузулган айкелдин ачылыш салтанаты болду. Баатыр чабандын жубайы көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Сакмалчынын кийимин кийген, керзи өтүкчөн айкелдеги эне бир колуна баланы өйдөрөөк көтөрүп, экинчи колуна козу кармап турат. Таштанбек атанын кашар-кашар койлорунун туут учурундагы сакмалдын түмөндүү түйшүгүн тартып жүргөн Азинакандын кудум тирүү кезиндегидей образы. Айкелге мындай бир куплет чегерилген:

“Элине кызмат кылып жаккан апам,
Атама кош жылдызды таккан апам,
Ай-айлап жыйындарга кетсе дагы
Билгизбей бардык малын баккан апам”.

Айкел жаш скульптор Марлен Бакачиевдин өнөрканасында ишке ашырылган. Ал эми айкел Акматовдун белгилүү кол өнөрчү кызы Гүлмиранын өмүрлүк жубайы Нурбек Үмөталиевдин каражатына тургузулду.

Атактуу чабандын жубайы жазында сакмалда, күзүндө кыркында каруусун казык, башын токмок кылып жан үрөп иштеген. Ал үйдө мээримдүү эне, жайылган дасторкону жыйылбаган меймандос, кең пейил, иштерман аял экендиги бул өрөөндүн элинин эсинен кетпептир. Жайыт которуп көчүп-конуудагы аялдын ролун, чыдамкайлыгын айтып түгөтүү кыйын. Азинакан тогуз баланы төрөп, үй менен кашардын ортосунда өмүр бою чабандын жары болуу милдетин аткарып жүрүп дүйнө салган.

Тирүүчүлүк болгон соң, белгилүү инсандардын жеке турмушу дагы өйдө-ылдыйдан куру эмес. Айкелдин ачылыш аземинде Гүлмира Акматова ушул кезге чейин апасына карата сакталып жүргөн кусалыгын, ал тууралуу арманын төгүп алды. “Асылым апа, арабыздан кеткениңе 27 жыл болсо да меймандос, иштерман, кичи пейилдүүлүгүң бир муун элдин эсинен кете элек. Балдарыңдын, неберелериңдин туулган күндөрүн жазган дептерден атама арналган ыр саптарыңды окудум.

Карбаластап жыйбас элем үйгө мүлк,
Калбаган соң казына болуп дүйнөлүк,
А көрөкчө көргүм келет көзүңдү
Ак көңүлдөн сырдашууга үйрөнүп…

Кайран апам, өмүрлүк жарыңа болгон сүйүүңдү чачылып жаткан алтынга алмаштырбасыңды, күлкүсүн, үнүн уккуң келе турганын жазыпсың. Жарыңдын сырын акыркы мүнөткө чейин сыртка чыгарбай, ичтен сызып, кечиримдүүлүгүңдү көрсөтүп, келбес жайга кеткенсиң… Элесиң өзүңдү билген элдин, тууган-уруктун арасында, балдарыңда калды. Шүгүрчүлүк дейли, отуңду өчүрбөй, журтуңду көчүрбөй, келген элге дасторконун жайнатып, тиккен бакчаңа суу куюп, териң тамган, таманыңдын изи калган, эмгегиң өткөн журтуңда Баатырбегиң калды. Үйдүн түбүндө көзүң тирүү кезинде тиккен сырдуу дарак бүгүн айкелиңе катарлаш турат.

Тирүү кезде апам тиккен ушул дарак
Эң сырдуу үй түбүндө жалгыз турат.
Бир түптөн тогуз башка бутак кеткен
Тогуз бала төрөгөнүң айтып турат…
Оо сырдуу дарак, сырдуу дарак!
Өткөндүн түр-түйшүгүн катып турат
Апамдын кубанычы да, арманы да
Дарактын тамырына батып турат деп, Гүлмира айым апасын эскерди.

Айкелдин аземине келген эл Азинакандын өтөлгөлүү өмүрү, баатыр чабанды баатыр кылууга кошкон зор салымы тууралуу көпкө чейин эскеришти. “1987-жылы Таштанбек байкем Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы (азыркыча парламент төрагасы) кызматына барды. Азинакан жеңем жубайы менен Фрунзедеги мамлекеттик дачада жашап жүрдү. Бирок, жубайынын чоң кызматы Азинакан жеңемди кымындай да өзгөртө алган жок. Бир жолу жеңемдин мындай деп айтканы бар: “Үйүңдү атайын кызматчы келип жыйнап турат, мейманыңды дагы башкалар тосот дешти. Бирок мен ашканамды эч кимге бербей койдум. Анткени, байкеңдин ашказаны ооруп жүрөт. Куурулбаган диеталуу тамак керек”. Бир күнү жеңем шаардан келип, айылдагы үйгө келген меймандарга союлган койдун ичеги-кардын артып кирди. Биз жеңемдин колунан табакты талашсак да болбой койду. “Сиз өлкөдөгү эң жогорку деңгээлдеги жетекчинин аялы экениңизди унутпаңыз, – десек да көнбөдү”, – дейт кайын сиңдиси Дина.

100 жаштагы эжеси айкелин сылап муңканды

Азинакан эне өмүрлүк жары Таштанбек Акматов депутат, спикер болуп турганда дагы балтырын ваннадагы сууга салып, баалуу шуба кийип, биротоло шаардык болууну эңсебей, балдарын, айылда калган эмгек базасын көп сөз кылчу экен. Бир жылдары белгилүү акын Гүлсара Момунованын Азинакан Макенова тууралуу минтип жазган ыры бар.

Элиңдин айтканындай бар экенсиң,
Эр жигитке жарашкан жар экенсиң.
Эринбей эмгек этип, бала багып,
Эргитип ээрчип жүргөн багы экенсиң.

Мөмөлүү дарак өңдүү шагын ийген,
Жагылган куттуу үйдүн шамы экенсиң.
Көздөрүң жазыгы жок жоодураган,
Мүнөзүң жибек беле шоодураган.

Сулуулап күндүн нуру ажарыңды,
Албырат упа эндиги кошулбаган.
Табигый жан экенсиң жасалмасыз,
Алтындай казылбаган, жошулбаган.

“Апабыз Азинакан Макенова тер төккөн ак эмгектин символундай болуп, таманы жерге тийбей тызылдап иштеп жүрүп күтүүсүздөн жүрөгү токтоп калган. Апама арналган айкел – бул союз мезгилиндеги жалпы малчылардын аялдарынын образы деп ойлойм”, – дейт энеси тууралуу Гүлмира айым.

Маркум Азинакандын Уултай деген 100 жашка чыккан эжеси да айкелдин ачылышына келиптир. “Жаштыгым согуш жылдарына туш келди. Тылда каатчылык турмушту көрүп иштедик. Балалуу болдук, өлкөнүн чарбасын көтөрүүдө эмгек өтөдүк. Узак жашоонун сырын мен тынымсыз кыймылдуу эмгектен көрөм. Колхоздо иштеп жөргөндө курсактагы балам кыймылдап калганда гана кош бойлуу экенимди сезчүмүн. Азыркыга чейин балдар кой дегенине карабай, жылкынын алдын тазалап, чөп салып, огородко чыгып, жашылчаларды отоп койчумун. Акыркы бир жылдан бери гана азыраак алым кетип калчу болду. Азинаканым да эмгекти сүйгөн аял эле”, – деп эскерип, сиңдисинин айкелиндеги мупмуздак “керзи өтүгүн” кайра-кайра сылады…

Азинакандын меши, жайлоодогу турмуш…

Таштанбек Акматов союз учурунда бул жерде колхоздун 2000ге жакын коюн бакчу экен. Ал жылдары үйдүн жанындагы Азинакандын нан бышырчу меши күнү бүгүнкүдөй абалында сакталып туруптур. Ата кесибин улап, жайлоосун мурастаган уулу Баатырбек мешти жыл сайын оңдоп-түзөп турат. “Апамдын элеси ар дайыма ушул мешти айланып жүргөндөй элестете берем. Биз бала кезибизде апам чара-чара камыр жууруп нан бышырчу. Алгачкы ысык нанды чыгарып алып, бир аз суутуп, ичине бал каймактан сүйкөп берчү. Анан апам бизге: “Эми көпкөп отун жыйнап келсеңер, дагы нан берем”, — деп атайын чала тоют кылып жиберип койчу. Кийин эс тартканда апамдын кылдат тарбиясын түшүндүм. Көрсө адам тамакты тоюп ичип алса иштегиси, тил алгысы келбей калат экен да. Балабыз да, колдун салааларынан май чубуртуп нанды жеген бойдон отун тергени чуркап кетчүбүз. Ошол отунга апам отуз-кыркка жакын сакмалчыга, үйдөгү тогуз балага, келген-кеткен меймандарга толо-толо нан бышырчу”, – дейт Баатырбек.

Таштанбек Акматов совет мезгилиндеги эң алдыңкы чабандардын катарын ээледи. Ал койлорду багуунун эң жөнөкөй эрежесинен баштап, ветеринария илиминин негиздерин колдончу. Туут кызуу жүрүп жаткан мезгилде кашардын кире беришине жыгачтын таарындыларын төктүрүп, оору жукпашы үчүн ага хлор септирип, сакманчылар буттарын аарчып киришчү. Жаңы туулган козуларга бир апта өткөндөн кийин глюкоза бере баштайт. Глюкоза ак порошок түрүндө болуп таттуу келет. Аны чөпкө, жемге чени менен кошушат. Козулар глюкозанын таттуулугуна карап, жемди да, чөптү да жакшы жегендиктен бат тыңып ирденишет. Малдын ар бир туягынын эсебин алып, номер басып, кайсынысы эмделгенине, жем жегенине чейин сак-сактап карап турушкан. Тууй албай жатканы болсо баатыр чабан өзү операция кылып, малдын өзүн да, баласын да аман сактап калчу. Баатыр чабандын уулунун айтымында ушул процесстердин баарында анын жубайынын мээнети күч болуптур. “Апамдын үйдөгү тиричилиги чачтан көп экенине карабай, сакмал учурунда тикесинен тик туруп иштечү. Ал үйгө тамакашты даярдоого кеткенде, аны бирөөбүз келип алмаштырчубуз. Жайкысын койлорду алыскы жайлоолорго чыгарып, жайыттан жайыт которуп, жаңы чөпкө сонуркатып бакса күзгө карата ирдүү келет. Ал эми жайлоодогу чөп саргарып, катып калган учурда чабылып алынган эгиндин, беденин орду кайрадан жашыл болуп чыгып калат. Койлорду ошол күздөөнүн талаасына коё беребиз. Жаш чөп жеген малдын организми жашарып, куут компаниясында күүгө жакшы келет. Уруктандыруудан ийгиликтүү өткөрүлгөн мал эгиз тууйт. Пародалуу кочкордун уругу алынгандан кийин микроскоптон текшерип, сапаттуу уруктар менен койлорду уруктандырчубуз. Ал түгүл койго жеткенге чейин уруктун белгилүү температурасы сакталып барышы керек. Куутту түнкү саат үч-төрттөн баштап жасоочубуз”, – деп эскерет Баатырбек мырза.

Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги Көк-Сайдын жайлоосунун аба ырайы тез өзгөрүлүп турат. Эртең менен күн ачык болуп, түштө шамал башталат. Кечинде жамгыр жаап, эртеси таңда кар түшүп калган учур көп болот. Ошол жылдар тууралуу Баатырбек минтип кебин улады. “Биздин үй-бүлөнүн бүтүндөй жашоо турмушу атамдын койлору менен чырмалышкан болчу. Жайыт которуп көчүп жүрүүнүн түйшүгү айтып бүткүс оор иш экенине карабай апам уйларды, бээлерди сааганды бир күн да үзгүлтүккө учуратчу эмес. Апам раматылык кымызды, сары майды толтура салып, эшекке жүктөп берип, бизди айылдагы тууган-урукка, айылдаштарга таратып келүү үчүн жиберчү. Айылдагылар болсо бизге конфеттерди, алма-өрүктөрдү жүктөп узатып коюшчу. Жол катары чөнтөк толо конфеттин түрүн жеп, жайлоого жетип келчүбүз. Ар күнү апам үйдөгүлөрдү жылкы, уй, кой кайтарууга бөлүштүрчү. Таң эртең менен баарыбыз апам бөлүштүргөн тартип менен мал кайтарганы кетчүбүз. Жайкысын жайлоого туугандардын он беш-жыйырмадан ашык балдары жана жардамчылар келип жашашчу. Жайлоодо свет жок. Жамгыр жумалап төгүп турганда үйгө ошончо адам баткак басып кирет. Апам ошол элдин кир-когун жууп, үйдүн бүтүндөй тиричилигин кармоого кантип жетишкенине азыр таң калам. Бирибиз суу ташып, бирибиз казанга от жагып берсек, апам колго кир жууп кирчү”.

Бүгүнкү күндө Баатырбектин чылкый меринос койлорунун жүндөрүн эжеси Гүлмира өзүнүн “Gulmira” аталыштагы бренди менен жасалган саркеч кийимдерине колдонуп келүүдө.